Эрнис Кыязов, «ОшТВ» телеканалынын башкы директору:«БИЙЛИКТИН БЫКЫЙЫН КӨРСӨТКӨН ЖУРНАЛИСТТИН ООЗУН ЖАБУУГА ШАШЫШАТ»

№590 21-февраль-27-февраль, 2014-ж

АКШнын биринчи президенти Жорж Вашингтон: «Сөз эркиндиги жокто койду союуга алып бара жаткандай бизди кыңк эттирбей алып кетүүгө болот»,- деген. Бул сөз айтылгандан бери 200 жылдан ашса да, ал өз актуалдуулугун ушул күнгө чейин жоготпой келет.
Жыл башынан тартып «ОшТВ» телеканалынын тегерегиндеги окуяларды чагылдыруу менен акыркы сандарыбызда сөз эркиндигине байланыштуу маселелерге кенен токтолуудабыз. Эркиндик – ириде жоопкерчилик. Ооба, жоопкерчиликти коомдогу ар бир жаран сезиши, билиши шарт. Ал эми сөз эркиндигинин дегеле бийлиги барларга кереги болгон эмес. Ал элге керек. Эркиндик болсо ушак жазышабы, төбө чачты тик көтөргөн криминалды жазышабы, айтор, эмнелер жазылбасын, алардын катарында чындыкты жазгандар жашай беришет. Кимге ишенүү, кимге ишенбөөнү элдин эркине калтыруу зарыл.
Англиялык философ жана жазуучу Оскар Уайльддын «Америкада президент төрт жыл башкарат, ал эми журналисттер мөөнөтсүз» деген алтын сөздөрүн бийлик өкүлдөрү да бекем жаттап алышса...

– Сиз буга чейин «ОшТВ» телеканалына кысым көрсөтүлүп жатканын айттыңыз эле. Акыркы күндөрдө бул окуя боюнча өзгөрүүлөр барбы?
– «Элди аймактык бөлүнүүгө чакырган» деген айып боюнча иликтөө жүрүүдө. «ОшТВ» ишин улантып эле жатат. Сулайман-Тоодогу антеннабызды эч ким азырынча жулуп ыргыта элек. Биз бул маселе боюнча бир пикирге келишебиз.

– Акаевдин бийлигинен бери журналистикалык чөйрөдө иштеп келесиз. Сөз эркиндигине кысым көрсөтүү ар президенттин тушунда кандай жүргөнүн салыштырып айтып бере аласызбы?
– Теле тармагында иштеп жатканыма 16 жылдан ашты. Ар кыл телекомпанияда иштеп тажрыйба топтодум. КТРде, КООРТто (азыркы 5-канал), ЭлТРде, эми мына «ОшТВда» иштеп жатам. Кыргыз тележурналистикасынын туу чокусунда турган кыйраткан журналистмин деп айта албасам да, ошол чокуга чейинки кайсы бир тепкичтердин биринде турган журналист болсом керек. Теледе өзүмдүн стилимди, жолумду тапканга аракет кылдым, мына ошол стиль, жол бирөөгө жагаттыр же жакпайттыр, бул деле мыйзам ченемдүү көрүнүш.
Сөз эркиндигине кысым көрсөтүүлөргө келсек, буга чейинки Акаевдин, Бакиевдин мезгилинде деле болуп келген. Формалары эле ар башка болбосо, Акаев, Бакиев, азыркы кездердеги куугунтуктоонун мазмуну окшош эле. Журналисттер бийликтин быкыйын айтып, жазып көргөзүшөт, а бийлик андан туура тыянак кылбай, ар кандай ыкмалар менен тигил же бул маалымат каражатынын оозун жапканга шашат. Калыстык үчүн айтып коюшум керек, коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда сөз эркиндиги кыйла алдыда. Бирок бардык нерсенин деңгээли натыйжадан көрүнөт, сөз эркиндиги Кыргызстанда укмуш дегенибиз менен, ошол эркин айтылып жаткан сөздөрдөн кийин бийлик, коом, жашоо укмуш жагына өзгөрүп кетип жаткан жок го? Менин коркконум, ачык сөз айтасыңбы, эркин сөз айтасыңбы, бийлик ага маани да берип койбогон, «колуңдан келгенин кылып ал!» деген, эч ким эч кимди тоготпогон жолго түшүп алган жокпузбу? Кептин баары ушунда.

Ширин Турдакунова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(18)
24.02.2014. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эрнис Кыязовдун эмгегин баалайм! Ишинизге ийгилик!
24.02.2014. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эн мыкты журналистердин бири,бул ака суйлогондо озум суйлогондой ыраазы болуп угам,
24.02.2014. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Азыр бирдеме деп соз айтууда бардыгыбыз 1чиден чон жоопкерчиликти ойлонуубуз керек.Ар ким оз дараметине жараша кабыл алат деп жазыптыр,элдин катмарында провокация кылып жаткан жарандар жок эмес,соз эркиндиги деп эле аша чаап кеткендер жонундо болуп жатат соз,бул озу деле мойнуна алып жаткан турбайбы
24.02.2014. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
эрнис бар болунуз! эмгегинизди эл билет.
24.02.2014. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эрнис тура соз айткандан кайтпаныз ак ийилет сынбайт!!!!!!!!
24.02.2014. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сыйлайм.
24.02.2014. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эрнис молодец байке........
24.02.2014. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
АКШга барып жашаса туура болмок бул демократ байкебиз. Бийликке каршы чагымчылдык кылса, демократияны туу туткан АКШда кандай мыйзам менен жазаланарын көрөт эле.
24.02.2014. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Kubanychbekkagan, кыргызстандагы демократтар АКШ га кочсо анда кыргызстандын баары кочкон болотко!
26.02.2014. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
azat_sokrat, Кыргызстанда диктатураны орнотуу керек дегендер азыр басымдуу боло баштады. Анткени кыргыз гейлер менен сойкулардын укугун коргогон эл эмес. Кыргыз жоокер эл.
24.02.2014. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын!
25.02.2014. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эрнис байке мыкты журналист ушунунуздан жазбаныз ишинизге ийгилик
25.02.2014. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Созду оорду менен таап суйлогон созго бай эн мыкты журналист азаматсыз
25.02.2014. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
КубанычбекКагандын пикиринин тушунда дайым -8 же -9 турат,бардык пикирлеринде.Ушунча адам мунун пикирине макул эместиги.
Эрнис сен азаматсын.Журналисттер сын айтса деле биздин коом озгоргон жок туура айтасын,биздики наплевательский отношение болуп калды окшойт.Колундан келишинче жаза бер,мен любой ишти бутуруп алам дегенге оттук--бул жакшы эмес...Жооп берчу кун да келээр...
27.02.2014. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
hakker, ал атамбайдын адамы комменттеринин баарында атамбайдын бийлигин мактап оппозицияны жамандап болбогон эле создорду жазат
26.02.2014. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Создору курч, таамай, "кармаган жеринен кан чыгарат", бирок жулналистика айдынында мудурулбой келе жатканына тан беремин...
27.02.2014. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын эн мыкты журналисти, ишинизге ийгилик!
02.03.2014. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийлигибиз кыргыз элин ушунчалык томон тушунугу жок адамдар дегениби бул оштв жаман калган канал жакшы КТРК кайсы ажоо алмашпасын жакшы болуп анын колунда кызмат отойт элдин кызматы эмес дагы коомжук канал эрнис байке озу тамырын тарта суйлойт наркыларжыкы сезбей калган тамыры Мелистин артынан куугунтукта саясий ойундар булар башка канча ишке колу жетпей келет УКМКбызда ойлонбойьэле бас десе барып уро берчу болду УКМКлар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо