АДАМДЫН ҮЧ ОРГАНЫ КАЙРА ӨСҮҮГӨ ЖӨНДӨМДҮҮ

№591 28-февраль-06-март, 2014-ж

Дене мүчөлөрдүн толук болгонунун өзү бакыт. Бирок оорунун же кырсыктын айынан ички бир органы же бир органынын жарымы жок калсачы? Анда адам кадимкидей жашай алабы? Залалдары жокпу? Мына ушул маселени изилдеп көрдүк.

Алгач ички органдар боюнча эң көп операциялар жүргүзүлүүчү М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна баш бактык.

«АЛЫНЫП САЛЫНГАН ӨПКӨНҮН ОРДУНА СУУ ТОЛТУРУП КОЁБУЗ»
Көкүрөк-ич көңдөйлөрү жаракатынын хирургия бөлүмүнүн жетекчиси ТААЛАЙ АКМАТОВ менен кеп курдук:

– Айтсаңыз, бир өпкөсүз организмге кандай коркунуч келиши мүмкүн?
– Соо өпкө алынган өпкөнүн да милдетин аткарып, күч келгендиктен чоңоюп кетиши мүмкүн. Андыктан адам узакка баспай, бийик тоого чыкпай, оор жумуш жасабай соо өпкөсүн аяш керек. Сасык тумоо, бронхит, пневмониядан сактанып жүрүүсү зарыл. 1 жыл мурун караколдук 35 жаштагы жигиттин бир өпкөсү алынган. Азыр оорубай эле жакшынакай жашап жатат.

– Алынган өпкөнүн орду бош жүрө береби?
– Кызыгы, биз бир өпкөнү алгандан кийин көкүрөк көңдөйүндөгү башка органдар, мисалы, жүрөк жылышып кетпеши үчүн алынган өпкөнүн ордуна суу толтуруп коёбуз. Тагыраак айтканда, өпкөнү каптап турган кабыктын ичине 3-4 литр суу куябыз. Убакыттын өтүшү менен ал суу килкилдектей болуп калат да, өмүр өткүчө ошол бойдон жүрө берет. Ал эми өпкөсүнүн жарымы же андан азыраагы алынгандар кадимкидей жашай беришет.

«БООРСУЗ АДАМ ЖАШАЙ АЛБАЙТ»
Өт жолдору жана уйку бези хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси ДЮШЕМБИ СЫРГАЕВ биз билбеген кызыктарды айтып берди:

– Өт баштыкчасы алынганда адам узакка диета кармаары белгилүү. Андыктан көк боор, уйку бези жана боор жок калганда эмне болорун билгибиз келет...
– Уйку бези инсулин гормону менен тамак-ашты сиңирүүгө керектүү ферменттерди бөлүп чыгарат. Андыктан аны алып салсак, кант диабетине чалдыгып, өмүр бою инсулин менен ферменттерди алмаштыруучу дарыларды ичип калат. Ошондуктан биз анын жок дегенде 15-20 пайызын сактоого аракет кылабыз. Уйку бези 1 жылдын ичинде өсүп, калыбына келип калат. Эгер толук чирип калса, айла жок алууга туура келет.

– Көк боору жок калгандагы жашоону айтсаңыз...
– Бизде 6 жылдан бери көк боордун таза 5 пайызы калса да, аны адамдын өзүнүн ич майына ороп туруп, ордуна тигип коюу ыкмасы колдонулат. Көк боор 1 жылдай убакытта өсүп, толук иштей баштайт. Бул орган кандын алмашып турушуна жооп берет жана иммунитетке да тиешеси бар. Ушул себептүү толук алып салганда жугуштуу ооруларга чалдыга берүү коркунучу бар. Андыктан адам өзүн абдан жакшы карашы кажет.

– Эми боор тууралуу сүйлөшөлү...
– Боордун 30 пайызы таза, аман болсо адам жашап кетет. Кескелдириктин куйругун кесип койсо кайра өсүп калат го, ошол сыңары уйку бези, көк боорго кошулуп боор да өсүп, өзү калыбына келе алат. Боорду толук алып салганда адам өлүп калат. Бул органынын канча бир пайызынан айрылгандар 5-6 ай тамакты мүнөздөп ичет. 1-2 жыл оор жумуш кылбайт. Эгер адам өзүн карабаса, боорго күч келип, циррозго, гепатитке чалдыгуу коркунучу бар.

«БООРУМДУН 70 ПАЙЫЗГА ЖАКЫНЫ АЛЫНДЫ»
АЙБЕК РЫСМЕНДИЕВ, 25 жашта, Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунан:
– Бир жыл мурун Көлдүн Сырт жайлоосунда болгом. Келгенден көп өтпөй боорум ооруй баштады. Бирок врачтарга барбадым. Акыры катуу ооруп келдим эле, доктурлар альвеококкоз (курт оорусу) деген диагноз коюшуп, боорумдун 70 пайызга жакынын кесип салышты. Боор өсөт дегенге ишенип, капаланбай отурам.

«СОО БӨЙРӨК ЧОҢОЮП КЕТЕТ»
Улуттук госпиталдын алдындагы №3-заара таштар бөлүмүнүн астанасын аттап, жетекчиси ЖУМАН МЫРЗАЛИЕВ менен кеп учугун уладык:

– Бир бөйрөксүз жашоонун күнгөй-тескейин айтсаңыз...
– Албетте, бир бөйрөк алынганда берки бөйрөк анын да милдетин аткарат. Ошондуктан чоңоюп кетет. Операциядан кийин жарым жыл жеңил тамактанып, ичимдикти биротоло таштоого туура келет. Соо бөйрөктү аяп аяр мамиле жасабаса, ал да илдетке чалдыгып, адам таптакыр бөйрөксүз калуусу мүмкүн.

«15 ЖЫЛДАН БЕРИ БИР БӨЙРӨК МЕНЕН ЖАШАЙМ»
ДИЛОРАМ ТУРГУНБАЕВА, 52 жашта, Бишкектин Ак-Өргөө конушунун жашоочусу:
– Сол бөйрөгүмдө жыбыраган майда таштар бар болчу. 15 жыл мурун ошол бөйрөгүм сезгенип, ириңдеп кеткенде аны алып салышкан. Ошондон бери оор жумуш кылсам ооруп калам. Негизи ооруганда эле көрүнүп, дарыланып, бир органыңды алып салганга жеткирбеш керек экен.

 

 


«АШКАЗАНСЫЗ АДАМ 20-30 ЖЫЛ ЖАШАЙ АЛАТ»
Ашказан жана он эки эли ичеги хирургия бөлүмүнүн жетекчиси ЭРНИС АЛЫБАЕВ менен да маектештик:

– Ашказансыз адам жашай алабы?
– Жашай алат, 20-30 жылга чейин. Ашказан алынганда кызыл өңгөчтүн башы түз ичегиге туташтырылат. Операциядан кийинки алгачкы бир канча айда тамак-аш жакшы сиңбей, адам алсыз тартат. Көбү өмүр бою оор жумушка жарабай калат. Кээде диагнозго жараша ашказандын жарымы же төрттөн үч бөлүгү алынган учурлар болот. Операция болгондордун баары узакка дарыланып, 6-7 ай тамакты мүнөздөп ичишет.

– Жоон ичегиси жок адамдын абалы кандай болушу мүмкүн?
– Кээде дарттын айынан жоон ичегини толук же жарымын, кээде 80 сантиметрдейин кесүүгө туура келет. Толук же жарымы кесилип салынса, тамак-аш жакшы сиңбейт, анемия келип чыгышы мүмкүн. Кээ бирлерде ич өтүү катталат. Ошондуктан операциядан кийин калыпка келүү үчүн дары-дармектер ичилет.

– Ичке ичегисиз кандай күн көрүүгө болот?
– Ичке ичеги 4 метрдей келет. Ракта, ичегинин кескин бүтөлүшүндө бул ичегинин жарымы же 90 пайызы алынып калышы ыктымал. Адам арыктайт, алсыз тартат, ичи бат-баттан көбөт, анемия келип чыгат. Андыктан бир топ ай дарыланат.

«ЖООН ИЧЕГИМДИН 80 ПАЙЫЗЫ, АШКАЗАНЫМДЫН ЖАРЫМЫ КЕСИЛДИ»
ГҮЛСАНА ӨМҮРБЕКОВА, 50 жашта, Бишкектин тургуну:
– 27 жылдан бери өнөкөт ич катуудан жабыр тартып келгем. Акыры ичкен тамак-ашым сыртка чыкпай, катуу кыйналдым. Текшерилгенимде жоон ичегимдин дээрлик иштебей калгандыгы аныкталды. Операцияда 80 пайызы кесилип салынды. Мындан тышкары ашказанымдын жарымын алып салышты. Азыр абалым жакшы.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(36)
03.03.2014. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
кудайым оорудан сактасын баарыбызды,эч бир жан оорубасын. бекем ден соолук ,куч кубат берсин!!!
03.03.2014. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кечиресинер а циррозду даарыласа болобу.супер инфо билип бериниздерчи.
03.03.2014. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bopos,
Саламатсызбы! http://www.super.kg/article/?article=1637 ушул шилтеме менен кирип керектүү маалымат алсаңыз болот.
09.03.2014. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_media, гепатохолеститпонкреатит деген оору жонудо маалымат бергилечи
10.03.2014. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Misi,
Саламатсызбы!
http://www.super.kg/article/?article=485
http://www.super.kg/article/?article=2569
http://www.super.kg/article/?article=22099 ушул шилтемелер менен кирип, керектүү маалыматтарды алсаңыз болот.
03.03.2014. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
urmattuu super info ich katuu jana gidro nifroz oorusu jonundo maalymat berip koiunuzdarchy suranych
03.03.2014. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч бир адам оорубасын ден соолукту карап журолу туугандар миллиард акча берем десе дагы ден соолука алмашпайт элем
03.03.2014. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринчи байлык ден соолук дегендей ардайым ден соолугубузду барктай билели1
03.03.2014. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
КУДАЙ баарыбызга ден соолук берсин!!!
04.03.2014. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
оту жок болсо кандай ооруларга кабылат.ошол жонундо маалымат берип коюнуздар
06.03.2014. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
darina___, майлуу, ачуу, газдуу тамактардан баш тартыш керк, 1-2 жыл диетага отуруш керек, аз аздан конуп кетесин.
04.03.2014. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
salamatsynarby rahmat jakshy maalymat kubai ben sooluk bersin
04.03.2014. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн биринчи байлык- ден-соолук. Андыктан озубузго карайлы.
04.03.2014. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дарт беруучуда шыпаа беруучу да бир гана Аллах,Аллахым жаман нерселерден, ооруу-сыркоолордон алыс кылган болсун.
04.03.2014. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jora.kg, амин!!!
04.03.2014. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырааматылык кайненем да бир боорлуунун айынын эрте өтүп кетти.
04.03.2014. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кантип организмди кандай диета менен тазаласа болот,эгерде гепатит менен баш та ооруган болсон?
05.03.2014. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрнис Алыбаев менин мугалимимго
05.03.2014. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрнис Алыбаев менин мугалимимго,Эч ким оорубасын,ошондуктан ар 6 айда мед.осмотрдан отуп туруу зарыл,антпесек ар кандай оорунун алдын ала билбей калабыз!!!
05.03.2014. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч бир адам оорубасынчы
05.03.2014. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орууну дарылагандан коро анын алдын алган жакшы
05.03.2014. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах баарыбызга бекем ден соолук берсин.Дарттарыбызга шыпаа берсин!
06.03.2014. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
денсоолук омур булагы,андыктан баарына чын денсоолук каалайм и суперчилерге.
06.03.2014. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Англичандар ооруну алдын алыш учун врачка барышат экен. А орустар ооруп жатабыз деп, кыргыздар олгоно калдым деп барышат дегендей болбой,дайыма ден соолугубузга кам коруп журсок баары жайында болот, албетте кудайым буюрса
06.03.2014. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз элим эч орубай, кен пейилдуу болуп, биримдуу болсок, ич тардык кылбай, куноого батпай, адал жашасак, Аллах насип этсе орубай бакубат жашоодо жашайбыз туугандар кыргыз элим аман бололу
06.03.2014. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай оору болбосун диета сакташ керек экен.
07.03.2014. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарыбыз денсоолукта бололу
08.03.2014. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оорудан кудай озу сактасын.
08.03.2014. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ден-соолукту, баарыбызга АЛЛАХЫМ ыроолосун!!!
09.03.2014. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы супер-инфонун жамааты сиздерден сураныч боорум ооруп жаты эле кимден кенеш сурасам болот?
09.03.2014. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат жакшы маалымат экен.
09.03.2014. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын
09.03.2014. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
боору орууган адамдар 1-ден поликлиникага барыш керек! андан кийин гепатологго баргыла
09.03.2014. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
медицина ото начар
09.03.2014. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vrach сизге рахмат
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо