КӨЧӨТТҮ ӨЗҮҢҮЗ ӨСТҮРӨ АЛАСЫЗ

№591 28-февраль-06-март, 2014-ж

Помидор, бадыраң, капуста, баклажан. Эртерээк күн жылыса, жогорудагы өсүмдүктөр тезирээк бышып жетилсе экен деп турган чагыбыз. Бирок алгач аларды жерге тигүү керек экенин унутуп койбоңуз. Жашылчаларды эрте өстүрүүнүн бир ыкмасы көчөттөр тууралуу билесизби?

КӨЧӨТТҮН УБАРАСЫ АРБЫН
Жашылчаларды тигерден 10-15 күн мурда алдын ала уругунан көчөт өстүрүп алып, анан жерге отургузсаңыз, түшүмүн эрте аласыз. Бирок көчөттүн убарасы да арбын болорун унутпаңыз. Анткени парникте же үйдө өндүрүлгөн өсүмдүк жаңы жерге көчүрүлгөндө, ал жакта өсүп, тамыр алып кетиши оңойго турбайт. Ага атайын кам көрүү талап кылынат.

УРУКТУ АЛГАЧ ҮЙ ШАРТЫНДА ӨНДҮРҮП АЛУУ КЕРЕК
Үй шартында өстүрүү үчүн жарык, жылуу жана нымдуу жайды тандап алуу зарыл. Ал үчүн терезенин астындагы тактаны пайдалансаңыз болот. Борпоң топуракка (50% кадимки топурак, 45% чиринди, 5% таарынды же кум) өстүрүү сунушталат. Аны үкөккө же коробкага салып, үстүнө урук сээп, топурак менен жука себинди дайындайсыз. Урук өнүп чыгып, 2-3 жалбырак алып калган учурда суюлтуп же аралыктарын 4-5 сантиметр кылып парникке көчүрүп алабыз. Эгер көчөт аз өлчөмдө болсо, үйдө кармасаңыз деле болот. Сабакта 5-6 жалбырак пайда болгондо жана жердин температурасы 10 градуска жеткенде парниктеги же үйдөгү көчөттү ачык абага чыгарып тигүү сунушталат.

ПАРНИКТИН ТҮРЛӨРҮ
Негизи парникти күзүндө дайындап алган оң. Бул учурда жердеги тоң тез кетип, жер ылдам жылыйт.
Жылуу парник. Жерди 70 сантиметр казып, үстүнө малдын (жылкынын) кыгын таштап коюңуз. Ал 3-5 күн жаткандан кийин үстүнөн буу чыга баштайт. Ошол кезде таптап, үстүнө кадимки топуракты төшөө керек. Андан соң парникти орнотууга киришиңиз.
Мелүүн парник. Парник орнотула турган жерди казбай эле анын айланасын казып кык төгүлөт. Анан целлофан орното берсе болот.
Муздак парник. Кык төкпөстөн кадимки топурактын үстүнө эле парник орнотулат.
Сапаттуу көчөт. Өнүп жаткан учурда биринчи жалбырак көрүнүп калса, парникке муздак аба киргизүү менен температураны 1-2 градуска төмөндөтүп коюу керек. Бул сабактын узун болуп кетишине жолтоо болот. Ал эми сабак менен биринчи жалбырактын аралыгы чоң болсо, бул начар көчөт дегенди билдирет. Тескерисинче, сабактын жоон жана кыска болгону жакшы.
Маалынан мурда (аба салкын кезде) сээп койсоңуз, урук өнүп чыкпайт да, күн жылыганга чейин чирип калат. Андан тышкары урукту себердин алдында аны 1-3 % марганцовканын эритмесине 20-30 мүнөт чылап, оорулардан ууландырып алабыз. Ал кургагандан кийин гана себүүгө болот.
Алдын ала үйдө өндүрбөстөн, дароо парникке уругун себе турган болсоңуз, анын ичиндеги абанын температурасын эске алыңыз. Ал жашылчанын түрүнө карата аныкталат.
Помидор, калемпир, баклажан, капуста, пияз өсүмдүктөрүн көчүрүүдө көп маселе жаралбайт. Ал эми ашкабак уруусуна киргендер (ашкабак, бадыраң, патисон, коон, дарбыз жана ушул сыяктуулар) көчүрүү учурунда тамыры бир аз гана жабыркаса өлүп калат. Булардын көчөттөрүнө айрыкча көңүл бөлүп өстүрүү керек.

КАЙДА ӨСТҮРҮЛГӨНҮ МААНИЛҮҮ
Көчөттөрдү күнөсканада (теплица) же парникте өстүрүшөт. Күнөскананын көчөттөрү жасалма жол менен жылытылган жерлерде өстүрүлгөндүктөн бир аз алсыз келишет. Абага жана жер кыртышына көнүп, өсүп кетүүсү бир аз татаалыраак болот. Ал эми парниктеги жашылчалар көчүрүлгөн соң ылдам тамырлап кете алат.

ЖЕРГЕ ОТУРГУЗУУНУН ШАРТТАРЫ

  • Жердин температурасы 10 градус жылыганда отургузуу иштерин баштай берүүгө болот.
  • Андан кийинки фактор – нымдуулук. Ал үчүн жерди казып, ага суу куюп, анан гана тамырды салууну унутпаңыз. Үстүнөн сөзсүз кургак топурак менен көмүлүүсү зарыл. Кийин сугарып жаткан учурда да көчөттүн жалбырагына же сабагына эмес, тамырдын жанын чукуп туруп, ошол жерге суу куйган оң. Суу куюп бүткөндөн кийин аны кургак топурак менен жабуу абзел. Күнүнө бир же эки ирет сугаруу керек.
  • Азыктандырып туруңуз. Ал үчүн 1 килограмм тооктун кыгын 20 литр сууга же 1 килограмм уйдукун 10 литр сууга аралаштырып, 1-2 күн ачытып, аралашма жасап аласыз. Эгер бул аралашманы көчөттүн үстүнөн суу сепкич менен азыктандырган болсоңуз, артынан таза суу сээп, жалбырактарга тийген кыкты жууп салуу керек. Ал эми азыкты тамырына берем десеңиз, сугарууда колдонуучу ыкма менен ар бир көчөттүн тамырынан 10 сантиметр алыстыкта чуңкур казып, 50 грамм аралашманы куюп коюуга болот.

Эскертүү! Сөңгөккө тийгизбеңиз!
Жогорудагы кеп-кеңештерин берген айыл чарба илимдеринин кандидаты, айыл чарбанын отличниги, Кыргыз агрардык университетинин өсүмдүк өстүрүү жана коргоо факультетинин доценти Кызайым Эргешова болду.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
03.03.2014. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдан керектуу жана маанилуу маалыматын,кенештерин учун сага чон рахмат СУПЕР ИНФО!!!Бар бол.
04.03.2014. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суперинфого рахмат, маалымат учун, бирок ушуну да билбеген кыргыз болсо анда уят го...
30.03.2014. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айыл чарба туралуу 3айлык курстар жокпу???
13.04.2014. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай пайдалуу кенештерди коп коп берип турсаныздар
29.04.2014. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо