«ЖАН КУРБУМ, ЖАШЫБАЙ ЖАКШЫ КАЛ, КУРБУМ...»

№591 28-февраль-06-март, 2014-ж

«Аманат» деген ырды мындан 6-7 жыл мурун Болот Тасмаевдин аткаруусунда угуп, адамдын ойлорун алыстарга жетелей турган касиети бар экенин сезген элем. «Балким, бул обону менен сөзүнүн күчтүүлүгүндөдүр» деп ойлоп, маанисин, кимге арналганын түшүнө албай бүдөмүк ойдо калгам. Көрсө, бул ырдын жаралуу тарыхы да өзгөчө экен. Ыргагы жан дүйнөгө жакын, көпчүлүккө тааныш бул ырды алгач гитаранын коштоосунда Медер Кыдыршаев ырдаса, эстрада менен Болот Тасмаев алып чыккан.

«АМАНАТ»
Сөзү: Кыялбек Урманбетовдуку
Обону: Тобокел Кашкарбаевдики

Жан курбум, жашыбай жакшы кал, курбум,
Жамынып түндө узадым, жазганы ошол тагдырдын.
Кош дечи, арманга бирок кошпочу,
Айланып келем ыр болуп,
Айрылуу эмес, коштошуу.
Өмүрдө ыйык түнөгүм,
Өңдөнөт ысык жүрөгүм,
Өчпөсүн жүрөк, өчпөсүн жүрөк, тилегим.

Жан курбум, жаштыгым шамдай жандырдың,
Ардактап алгын өчүрбөй, астында калса жамгырдын.
Агарып, ай нуру менен таралып,
Ал күндөр кирет түшүмө, айрылуу эмес, аралык.
Өмүрдө ыйык түнөгүм,
Өңдөнөт ысык жүрөгүм,
Өчпөсүн жүрөк, өчпөсүн жүрөк, тилегим.

Жан курбум, жабыкпай жакшы кал, курбум,
Өзүңдү түнгө тапшырып, сөзүмдү сага калтырдым.
Кош дечи, а бирок көзгө жаш алба,
Ар убак жүрсөң эскерип,
Айрылуу эмес, ажал да.
Өмүрдө ыйык түнөгүм,
Өңдөнөт ысык жүрөгүм,
Өчпөсүн жүрөк, өчпөсүн жүрөк, тилегим.

Турдубек Чокиев, композиторлор союзунун төрагасы: «ДОСУМДАН ЭСТЕЛИК УШУЛ ЫР КАЛДЫ»
– Бул ырдын обону Тобокел Кашкарбаев деген досумдуку. Өзү жөнөкөй, таланттуу жигит эле, таланты ташкындап турган 36 жашында автокырсыктан каза болуп калган. 1970-жылдары Тобокел «Гүлдесте» деген ансамблдин курамында ырдачу. Топто иштөө менен катар Искусство институтунда окучу. Үй-бүлөдө жалгыз эркек, бирок эжелери, бир карындашы бар эле. 3-курстан «ата-энемди багышым керек» деп Нарынга кетти. Нарынга баргандан кийин эле каза болуп калды. Ага чейин «досторго арнап ыр чыгарам, азыр обону жаралды» деп «сагындым, досум, сагындым» деген сөздөр менен ырдап берген. Обону менен Кыялбекке ырдап берип «Тобокел досум өтүп кетти, акыркы обонуна сөз жазылбай калды, карап көрбөйсүңбү, досумдан эстелик калсын» дедим. Анда Жазуучулар союзу жер алып, Кыялбек дача курабыз деп шаардын четинде жүргөн. Бир күнү атайын шаарга келип мага телефон чалыптыр. Телефондон сөздөрүн окуп берди. Кыялбектин табылгасы укмуш эми. Аталышын да адамдын жүрөгүн оорута тургандай кылып «Аманат» деп атаптыр. «Айланып келем ыр болуп» деген саптары эч бир мактоо тең келбеген чоң табылга. Ырды угуп отуруп досум мага о дүйнөдөн салам айтып жаткандай туюлду. Көзүмдөн жаш атып кетти.
Мен анда Кыргыз радиосунун музыкалык редакциясында башкы редактор болуп иштеп жүргөм. Ошондо Москвадан окуусун бүтүп келген Медер Кыдыршаевди редактор кылып жумушка алганбыз. Анын ырга кызыгып кыңылдап калганын угуп калчумун. Медерге пианино менен ырдап берсем, аябай жактырды. Ошентип ал филармонияда өткөн бир концертте гитара менен ырдап чыкты. Тобокелдин бир туугандары Медерге ыраазы болуп, гүл беришкени эсимде.

Кыялбек Урманбетов, акын:«ТЕКСТИ КЫЙЫНЧЫЛЫК МЕНЕН ЖАРАЛДЫ»
– Ырдын обонун жазган Тобокел Кашкарбаев менен Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев аркылуу таанышкам. Турдубек Тобокелдин жакын досторунан. Тобокел бир жолу «ушундай обон жараттым» деп пианино менен ойноп берген. Анда сөзү жазыла элек болчу. «Сагындым, досум» деген эки сөз менен эле кайталаган эле. Бир күнү Турдубек «баягы досум өтүп кетиптир, акыркы обонуна текст жазылбай калды, ошонун үстүндө иштебейсиңби» деди. Сөзүн жаратуу абдан кыйын болду. Көзү өтүп кеткен Тобокел досу тигил дүйнөдөн Турдубекке ырдап, салам айтып жатат деп элестетип, ошондой маанидеги ыр жаздым.


Болот Тасмаев, ырчы:«ЫРДЫ МАГА ТОБОКЕЛ БАЙКЕНИН КАРЫНДАШЫ БЕРГЕН»
– Мен анда ырчы болом деп 2-3 ыр жаздырып ырдап калгам. Бир жолу Тобокел Кашкарбаевдин карындашынын үйүнө барып калдык. Ал киши менин үнүмдү жактырып калып «агамдын ушундай ыры бар, ырдабайсыңбы» деп кыңылдап обонун созуп берди. Эженин сунушу дароо жакты. Жанымда Алтынбек Алымов бар болчу, ал дароо ямахага салды. Анан Медер Кыдыршаев аткарган кассетаны таап угуп чыктым.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Адамды жашыткан муңдуу "Аманат" ырынын тарыхы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(27)
SUPER.KG видео
02.03.2014. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булырды каяктан тапса болот. Айтып койосуздарбы?
SUPER.KG видео
02.03.2014. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ырды маркум Медербек Кадыршаев жеткире ырдайт болчу.Болот байке ал киши менен чогуу эле журбодунор беле. Арбагын сыйлап эскере кетсениз болмок. Сиздин ырдаганыз анын жанында шоона да эшпейт.
SUPER.KG видео
02.03.2014. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bolot Tasmaev Gerrmanijanyn futbol komandasynyn kuiormany go. Trikotun kijip alyptyr.
03.03.2014. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аманат ырын Медер Кыдыршаевдей аткарган ырчы жок болсо керек. Же болбосо озунун тагдыры ушундайбы? Эрте бул дуйно менен коштошуп кетти.
03.03.2014. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Медиапорталда Медер Кыдыршаевдин аткаруусундагы ушул ырды жуктоп койгулачы сураныч!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
03.03.2014. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу администратор жооп жазып коюнузчу
03.03.2014. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таңгөрү Медер Кыдыршаевдин өңү серт болгону менен таланты супсулуу эле.Апам ыраматылык Медердин ырларын угуп отуруп, жайлоодо жүргөндө,чырайлуу жаштык кезин көп эскерер эле.Музыканы тандап, ылгап угууну апамдан үйрөнгөм.Коомчулук Медердин ырларына чаңкап турган кези.Тобокелдин ырлары да көкүрөктү көзөп, жүрөккө жетчү обондор экен.
03.03.2014. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болот Тасмаевдин бул ырын толугу менен берип коюңуздар.Кыялбектин жан дүйнөсунөн сабалап чыккан саптар, жүрөгүнөн булактай болуп оргуп чыгат, ошон үчүн элде талап бар
03.03.2014. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
konya,
Саламатсыздарбы! Медер Кыдыршаевдин аткаруусунда азырынча жок, сунушуңузга рахмат аракет кылабыз.
Ayday2,
Шилтеме: http://www.super.kg/media/audio/90691/
06.03.2014. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
03.03.2014. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобокелдин, шилтеме аркылуу обонуң уктум, арбак дүйнөсүнө кетсең да, атың өчпөс обон калтырыпсың.Медер менен Болот ийине жеткирип аткарган.Тобокел сени убагында алаканга салып, шарт түзбөгөн маданият министрлиги куруп кетсин, сенде Ырыспай аганын өнөрүндөй зор талант бар экен.Кыргыз "чымыны" бар адамды өлгөндөн кийин барктаган иттиги бар.
SUPER.KG видео
03.03.2014. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле жакшы ыр экен мен Эми уктум
03.03.2014. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bolot Tasmaevdin atkaruusunda dele sonun chykkan,negizi teksti m.n obonu jakwy
03.03.2014. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы чыгарма
03.03.2014. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тасмаевдин клибине мен тартылдым эле...негизи. Досу бирок олгон эмес клипте...
04.03.2014. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Okup atyp ele aiabai buulugup kettim.Bul yr maga jagat,unutulgus chygarma!!!!!
04.03.2014. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маркумду эскерүү, тирүүнүн парызы.Бейиши болгур Тобокелдин көзү тирүү кезиндеги бапалуу тагдырын изебилдеп жазып койсоңор дурус болмок,а балким "Аманат" өңдүү хит ырлары элдин оозунда ырдалып жүрбөсүн.Мага Медердин ырдаганы катуу таасир калтырчу
SUPER.KG видео
05.03.2014. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы ыр экен
05.03.2014. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир кездеги талантуу ырчы Медер Кыдыршаевди эстейм ушул ырды уксам. Мааниси терен кайгылуу ыр. Мындай ырлар Кылымда бир жаралса керек. Чындап эле маркум Медер Кыдыршаев ушул ырды ырдап чыккандан коп отпой козу отуп кетти го. Тагдыры да ушул ырдын мазмунундай
05.03.2014. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Медер Кыдыршаев Ош областынын Озгон районун Мырзаке айылынан болот да.Жердеш агам болот эле. Акыркы жылдары катуу ооруп чыгармачылыктан алыстап,уй- булосу бузулуп, борбордон айылга келип жашап журуп отуптур. Кыркка да толбой отуп кете Берди да. Озу талантуу адамдарга кудай таала аз омур берет окшойт
05.03.2014. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да ушу ыр аябай жагат эн биринчи жолу телевизордон коруп алып козумо жаш тегеренип ыйлайын десем мамам жанымда отурган уялгам да анан кийин уйдо эчким жокто дискин таап кайра кайра коюп алып шолоктоп ыйлагам да
05.03.2014. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Медербек Кадыршаевдин биографиясын веб-энциклопедияга жазып, Чоротегин агай аркылуу жарыялагамын. Анын аткаруусундагы Аманатты элдик аудиого жуктодум, азыр модерацияда.
06.03.2014. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ottуке, Медердин "Аманаты" элдик видеого али жүктөлө элек экен, көзөмөлдөп койсоң боло?!
07.03.2014. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
телевизордон арноо концерттен берип турсанар жакшы болот эле.
08.03.2014. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайгылуу ыр екен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо