Кубат Оторбаев, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору:«САЯСАТТА ТЕҢ САЛМАКТУУЛУКТУ САКТООГО АРАКЕТ КЫЛЫП ЖАТАБЫЗ»

№592 07-март-13-март, 2014-ж

КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев элдин ишениминен кеткени үчүн токтотулуп, учурда коомчулукта кызуу талкууга алынган «Аалам сырлары» берүүсү жана бир нече жылдан бери өзү жетектеп келе жаткан мекемедеги иштер тууралуу гезитибизге кенен маек куруп берди.

– Кубат мырза, дагы бир жылдын жыйынтыгын чыгардык. Өткөн жылдын маанилүү учурлары эмне болду?
– Былтыркы жыл 2012-жыл сыяктуу эле жемиштүү болду. Орчундууларына токтолуп өтсөм, кызматкерлерибизди Түркиянын ТРТ каналына, Улуу Британиянын Би-Би-Си
корпорациясына жана Чехияда жайгашкан «Азаттык» радиостанциясына окууга жөнөтүп баштадык. 20дан ашуун кызматкерибиз чет өлкөдөн тажрыйба алып келишти. Мисалы, алып баруучулар Лунара Мамытова, Канат Авазбеков, Чынар Капарова, Мээрим Сырдыбаеваны белгилей кетсек болот.
Мезгил талабына жараша, уюлдук телефондор менен планшеттерден кире алчудай кылып сайтыбызды жаңыладык. Былтыркы жылы 100дөн ашуун өлкөдөн желедеги баракчабызга
5 миллионго жакын адам кирди.
Балдарга билим, тарбия бере турган «Баластан» телеканалы менен Кыргызстанда жашаган элдердин ынтымактыгын чыңдоо максатын көздөгөн «Достук» радиосу ачылды. «Миң кыял» радиосунун чыгуу алкагы кеңейип, угармандар аны республиканын түрдүү булуң-бурчунан тыңшай турган мүмкүнчүлүккө ээ болушту.
Алтын казынабызда сакталган баалуу мурастарды элге тааныталы деп, Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган аудио жана видео топтомдор жарык көрдү. «Улуу Айтматов» деп аталган аудиоантологиянын ичинде «Кызыл алма» жана «Биринчи мугалим» чыгармаларын залкар жазуучунун өзү окуган версиясы камтылган. Фильмдер жыйнагы 4 кыргыз жана 4 орус тилиндеги тасмалардан турат.

– Быйылкы жылга карата пландарыңыз кандай? «Манас» эпосунун дисктери да чыгарыларын уктум эле...
– Ооба, ал 8 дисктен туруп, улуу манасчы Саякбай Каралаевден тартып Уркаш Мамбеталиевге чейинкилердин «Манас» айтып берүүсү түшүрүлгөн. Казынадагы эбегейсиз чоң архивди элге алып чыгууну эп көргөнүбүз бир болсо, мунун эсебинен кошумча акча табуу маселесин чечүү эки болуп жатат.
Ушул жылдык планга белгиленген чоң иштердин катарында 2-апрелде тушоосу кесилүүчү «Маданият» каналы турат. Ал буга чейин ачылган «Музыка» каналынан салмактуулугу менен айырмаланмакчы. Опера-балет жана драма театрынын постановкалары, цирк көрсөтүүлөрү, классикалык жана салттуу жанрдагы музыка, сүрөт галереялары жана башка ушул чөйрөлөр тууралуу маалыматтарды камтыйт.

– «Музыка», «Баластан», «Маданият» каналдары санариптик берүүгө өтүүнүн алкагындагы иштерби?
– Ошондой. Анын үстүнө быйылкы жыл санарипке өтүүнүн акыркы жылы. 2015-жылдан тартып бекер көрсөтүлө турган 10 каналдын ичине биздин корпорациядан төртөө кирет. Алар: Биринчи коомдук канал, «Баластан», «Музыка» жана «Маданият». Санариптик берүүгө өтүү жараянынан улам да, техникалык жабдууларды жакшыртуунун үстүнөн чоң иштерди жүргүзүү турат.

– Депутаттар КТРКнын жаңылыктар берүүсүнө карата «өткөн күндөн сабак албай жатабыз, канал эски кейпин кийип, бийликтин кара жашигине айлана баштады» дешүүдө. Сиздин комментарийиңиз?
– Ар бир депутаттын артында кайсы бир саясий күчтөр же партиялар турат. Биз колдон келишинче парламент ичиндеги, анын тышындагы ошол эле партиялар жана саясий күчтөрдүн тең салмактуулугун сактоого аракет кылып жатабыз. Иштин төркүнү аталышы Коомдук канал болгону менен, биз иштеп жаткан мыйзамдар, каржылоо маселеси башка министрликтердин катарында эле мамлекеттик мекеме экенибизди аныктаганында. Мыйзамдын жолу катуу жана аны биз аткарышыбыз керек. КТРКнын чыныгы коомдук каналга айланышы үчүн фундаменталдуу 2-3 маселени чечүү зарыл.

– «Аалам сырлары» берүүсүндөгү чуулгандуу иштен улам КТРКдагы коррупция фактыларын аныктоо үчүн ишеним телефонун ачтыңыздар. Кайрылгандар болдубу?
– Телефондун номуру эфирден кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, аты-жөнүн айтпай аноним түрүндө телефон чалгандар бар. Биз ар бир факт боюнча ички иликтөө жүргүзөбүз.
КТРК бул окуяга катуу көңүл буруп жатат. Аудио жарыяланар замат эле коллегиянын жыйыны болуп өтүп, анда 4 чечим кабыл алганбыз. Окуянын чын-бышыктыгы аныкталганга чейин берүүнүн көрсөтүлүүсүн токтото туруу, анын кызматкерлерин иштен четтетүү, топтолгон материалдарды, анын ичинде аудиожаздырууну укук коргоо органдарына өткөрүп берүү, корпорациянын өзүндө коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү максатында ишеним телефон линиясы менен электрондук почта ачуу. Тиешелүү буйрукка ылайык, юридикалык бөлүм тарабынан атайын эскертме иштелип чыкты. Кызматкерлер мыйзамдан тыш кадамдарга барган учурда кандай жоопкерчиликке, кайсы мыйзамдын негизинде жоопкерчиликке тартылары көрсөтүлүп берилди.

– Демек, мындай көрүнүш сиздер үчүн да жаңылык болдубу?
– Буга чейин былтыр иштеп чыккан корпоративдик кодекс деген бар болчу. Бул сапар дагы бир жолу өзүбүздүн коррупцияга каршы күрөштө алдыңкы сапта туруу керектигибизди көрсөтүү муктаждыгы болду.

– «Аалам сырлары» «калктын ишениминен кеткени үчүн токтотулду» деп жарыяланганына карабай, долбоордун алып баруучусу менен режиссёру «жакын арада эфирден кетет» деп билдириптир...
– Териштирүү иштери аягына чыгып, укук коргоо органдары «ак-көк» демейинче көрсөтүү эфирге чыкпайт. Баса белгилей кетейин, 23-февралда долбоорго чакырылып жүргөн 10дой эксперттерди чогулттук. Алар катышуучулардын деңгээлин сынап турушчу экен. Алар менен өзүм сүйлөшүп, эксперттерге «долбоордо коррупциялык элементтерди байкадыңызбы?» деген суроо узаттым. Баары эле «байкаган жокпуз» дешти.

– Буга чейин бизге берген маегиңизде каналдын берүүлөрүнө карата коомдун пикирин билүү үчүн сурамжылоо жүргүзүлөрүн айттыңыз эле. «Аалам сырларынын» биринчи сезонунан тартып эле коомчулукта кайчы пикирдегилер көп болгон да?..
– Аталган берүүнүн өзүнө атайын сурамжылоо жүргүзүлгөн эмес. Бирок буга чейин жүргүзүлүп келген сурамжылоолордун жыйынтыгы боюнча, «Аалам сырларынын» рейтинги «Ала-Тоо», «Сармерден», «Балдардын сынагына сынбайсыңбы?» деген сыяктуу берүүлөрдүн катарында жогору чыгып келген. Долбоордун биринчи сезонунда эле талаш-тартыш орун алганын эң жакшы билебиз. Бул маселе Байкоочу кеңеште да талкууга алынган. Ал эми КТРКнын Көркөм кеңеши «аталган берүүнү эфирге берсе болот» деген жыйынтык чыгарып берген.
«Аалам сырларын» шоу катары кароо керек. Бюджеттен бөлүнгөн каражат жалпы муктаждыктын 60-65 пайызын гана жабат. Калган бөлүгү жарнамадан түшкөн акчага көз каранды. Жарнама берүүчүлөрдүн санын арттыруу үчүн каналдын көрүмдүүлүгүн, рейтингин жогорулатуу зарыл эмеспи.

– Мамлекеттик телеканалды пайдаланып, жеке өзүнүн кызыкчылыгын алдыга жүргүзүп келе жаткандар бар. Алар айрыкча ырчылар чөйрөсүндө «бийлик жүргүзүшөт». Ошондой иштерди болтурбоонун аракетин да көрөсүздөрбү?
– Кийинки аптадан баштап ырчыларды чогултканы жатабыз. Алар менен көзмө-көз жолугушуп, коррупциялык элементтер, бир жактуу чечимдер, акча талап кылуу бар-жогун аныктагыбыз келет. Андай маселе бар экенин билем. Ырчыларды тандоо, эфирге чыгуу-чыкпоосун акыйкат аныктаган систем орнотсок жакшы болот эле.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(29)
10.03.2014. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тен салмактуулук жок силерде бийликти мактап оппозицияны жамандап бийликтин арыгын чаап кележатасынар коомдук канал болгондон кийин бирдей мамиле кылыш керек!
15.03.2014. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tairbek., Быйылкы жыл акыркы жыл цифровой форматка отуш учун муну иштен алып ордуна башканы койгучакты ал иш менен таанышкычакты жыл отот анан цифровой каналдарыбыз калабыз анан дагы куноолойсунор ким жаман деп ойлонуп карап корсон иштен алган адамдар жаман болуп чыгат
15.03.2014. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alatookg312, цифровой каналдарыбыз жок калабыз ката кетип калыптыр
15.03.2014. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alatookg312, жетишкендик жагынан мен макулмун цифровой кыласынарбы башка кыласынарбы кеп башкада болуп жатбайбы эмне учун эфирден бир жактуу суйлойсунор бийликтин каталарын айтсанар болбойбу же оппозицияны эле каралай бересинерби?
17.03.2014. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tairbek., сиздики туура денизчи бирок булар чынын айтып жатышат эгер окмотту булар жамандаса эле тен салмактуулук кетет да анткени окмотту булардан башка эч ким жакшы дебейт. Булар окмот дейт эл аппазицияда ошенттп тен салмактуулук болуп атат да.
10.03.2014. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайактагы тен салмактуулук ктркада пайдасыз бийлигин эле мактай берет
10.03.2014. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Былтыр "Көгүлтүр отто" Асыл Аппасовалардын акча алып жатканы ачык эле айтылып жүрбөдү беле? Ошону кантип эле укпай калсын???
10.03.2014. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ха ха тен салмактуулукту дейби я,уялбай елеби?!!!коруп атабыз тен салмактуукту сактап атканынарды бийликти мактап опозиция мн Мелисти шыбап атканынарды
10.03.2014. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ЭЭ туугандар ушунча иштер аткарылыптыр 20 жылда кылынбаган иштер ошого рахмат айтыш керек мен жактаган жерим жок айтып жатат ко мамлекет каржылайт деп анан оппозицияны мактап тура берсе айлык бербей коетта мындай ойлонуп жазсанар ххх ххх ххх
Модератор admin_media түзөттү 10.03.2014 11:49
10.03.2014. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бийликтин кулу КТРК
10.03.2014. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мамлекеттик каналдагы продюсерлерди жумуштан айдоо зарыл же продюсердик жумушун таштатыш керек. Канат Култаев, Асыл Апасова, Динара Эсенгулова,Дана жана башкаларын. Булар мамлекет учун иштебейт оз ырчылары менен убара. ТВ учун элге керектуу кандай корсотуу даярдасам же корсотуунун сапатын кантип которсом деген ой жок. Колумдагы ырчыны кантип которсом, кунуно канча жолу твга чыгарсам, кантип акча тапсам деп иш жургузушот Алардын ордуна жаш журналисттерди алуу керек. КТРК жанылануу керек...
10.03.2014. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
USAROV,
Кимдир-бирөөнү кемсинтип, мазактоого жол берилбейт! БАНга!
10.03.2014. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бир тараптуу корсотуулору кайдагы калпты суйлоптур
10.03.2014. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба,силер эле болсонор "сактап" калдынар го.
10.03.2014. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уялбай калпты ышкыртыптыр го,коррупциянын башы өзү болсо керек.Актанып элге жакшы көрүнүп,суперге чуркап келиптир да.
10.03.2014. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биз айтабыз, кейибиз, бирок бунун баары бир пул. биздин айткан создор алар тырмагына дагы тенебейт болсо керек. бул байке жоош менимче. Кубат байке бирди сулогончо, алар жузду тактап оозуп жаап. алдап макулдугун алып алышса керек!
11.03.2014. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
капа болбогула оз ишин мыкты билген адамар келет ктркга жакында
11.03.2014. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жалганды шыпырылтып суйлоптурго
Модератор admin_media түзөттү 11.03.2014 10:53
11.03.2014. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар,капалана бербегилечи.Озу аты ххх болсо ошондой суйлойтда.Кечээги эле нерсе,"ынгайсыз суроолор" беруусун эмнеге чыгарбай койду экен? Ктрк кошоматчы!!!!!!!!!!!
Модератор admin_media түзөттү 12.03.2014 10:39
11.03.2014. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ктрди эч ким корбой калганго менин ата энем эртеден кечке 7каналды корот экен эмнеге десем ктр буткон сатылып жакшыраак эч нерсе бербейт болуп аткан окуялардын баарын 7каналдан оштвдан коробуз дейт.
12.03.2014. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
talant_kg24,
Кимдир-бирөөнүн дарегине карата далили жок билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат! Сизге эскертүү!
12.03.2014. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КТРге кайрылып коргон эмесмин, ырчы да эмесмин, бирок Темир Назаровду чыгарбай эле коюштуго, иштеген таныш журналисттер, ырчылардан уккам баары акча, анан тааныш, жердешчилик деп. КТР эч качан кайсы бийлик учурунда болбосун чындыкты чагылдырбайт, бийликтин гана созун суйлойт. Ош окуясында Россия баш болуп кыргыздарды адам олтургуч кылып корсотту, булар унчукпай концерт берип отуруп алды..Убакыт тараза, Оторбаев ушул кылганы учун да эооп берет.
12.03.2014. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул коментарийлерди окуп Оторбаев уялат болду бекен
13.03.2014. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айткан создорун озу окуп алып, эл эле эмес ,озу да ишенбей кетсн керек кубат акебиз, ушунун баарын кантип айтып алдым деп))). жалганды жапыртуу булардын иши да, КТРкага эч ким ишенбеееееейт, бул чындык.
13.03.2014. 06:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качып кетчи братан!!! Тен салмактуулуктун "т"сы да жок КТРКда!
14.03.2014. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ххх болгон кебетен менен десе, кайдагы жомокту айтыып... КТРди эл давно корбой калган, аны КТРде иштегендер менен эле жогорку бийликтеги ххх ххх эле корот )))
Модератор admin_media түзөттү 14.03.2014 12:37
14.03.2014. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
best-life,
Сизге эскертүү!
Кимдир-бирөөгө ат коюп мазактоого тыюу салынат!
15.03.2014. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а биздин уй-булобуз эч качан КТР корбойт , Себеби эч качан чыныгы нерсени айтышпайт , корсотпойт баары шоу,,,,
16.03.2014. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен мурда сыйлачумун К.Оторбаевти. Superinfo эмнеге ынгайсыз суроолорду эфирге чыгарбай койгонун, эмне учун Батукаев жонундогу берууну эфирге
бербей койгонун сурабадыныздар?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо