САГЫНБАЕВА ЖООП БЕРЧҮ КҮН КАЧАН КЕЛЕТ?

№592 07-март-13-март, 2014-ж

4-март күнү саламаттыкты сактоо министринин орун басары, башкы мамлекеттик санитардык врач Кубанычбек Чойбеков кармалып, эртеси Бишкек шаардык соттун чечими менен үй камагына чыгарылды. Министр Динара Сагынбаеванын оң колу «медициналык ишмердүүлүк менен алектенүүгө лицензияларды мыйзамсыз берген» деп айыпталууда.
Саламаттыкты сактоо министринин дарегине негиздүү сындар айтылып келсе да, ал креслосун сактап келгендердин катарында. Дүйнөлүк ЖМКларга дүң болгон кара тумоо чуусу, мал-жандын кырылуусу, психиатриялык ооруканадан коомго коркунучтуу кылмышкерлердин качышы, алардын кайрадан өзгөчө оор кылмыштарды кылуусу, төрөт үйлөрүнөн балдардын уурдалып, сатылышы, тирүү балдардын өлүктөргө алмашылып калышы, айтор, санай берсең өтө көп. Бир жылдын тегерегинде эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин айланасында ушунча мыйзамсыз, кейиштүү жыйынтыктарга алып келген окуялар болуп өттү. Минтип Сагынбаева орун басары аркылуу дагы бир ирет чалынып отурат. Качан Сагынбаева жетекчи катары жооп берчү күн келет?

 

 

Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
10.03.2014. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улуулар айтышчу эле "ден соолук болсо,акча табылат"-дешип. Азыр тескерисинче:Акча болсо-ден соолук. Кааласан "оорукчан" адамсын. Кааласан "соо".
11.03.2014. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Батукаевти узатып жооп бербеген министр айым эми жооп бермек беле.Бул"ксдп"чылар бийликте турганда эч качан суракка алынбайт.Андыктан ташынды терип,кетменинди чап КЫРГЫЗ!
12.03.2014. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сагынбаева согуштун ардагерине орун табылбай кочодо ар бери суйролуп журду эле эмне болду жооп берип коюнузчу атаныз бардыр ушундай
16.03.2014. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beise, шефи жогоруда турганда андай нерселерге жооп бербейтко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо