№592 07-март-13-март, 2014-ж
Президент Алмазбек Атамбаев Украинадагы кырдаал боюнча суроолорго жооп кайтарды. Адатта, мамлекет башчы «Орусиянын сөзүн сүйлөйт, ошол жактын көзүн карайт» деген сындарга кабылып келет. Ага карабай Украинада болуп өткөн, болуп жаткан кырдаалга карай демократиялык принциптерди тутунган адам катары калыс пикирин айтты:
– Өз мезгилинде Бакиевдердин үй-бүлөлүк кандуу режиминин башкаруусунун соңунда Кыргызстан ушул өңдүү сыноолорду баштан кечирген. Реалдуу демократия жана элдик бийликти орнотуу жолунда украин элинин алдында көптөгөн кыйынчылыктар тургандыгын түшүнүп турабыз. Украиналык саясатчылар эл кызыкчылыгын эске алып, ички саясий тирешүүдөн, этностор аралык каршылашуудан алыс болууга тийиш.
Өлкөнүн эл аралык өнөктөштөрү өз ниеттеринде жана аракеттеринде ырааттуу болуп, кырдаалдан чыгууга жардам көрсөтөт деп ишенебиз. Колдоо болбосо кыйынчылыктарды жеңүү канчалык кыйын экендигин 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийинки Кыргызстандын тажрыйбасы көрсөттү. Бакиевдердин кланы тарабынан уурдалып кеткен каражаттар азыркыга чейин батыш банктарында сакталууда. Ал эми трагедиянын башкы күнөөкөрлөрү Лондондо жана Минскиде жашынып жатышат, - деди президент.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Биринчиден, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Экинчиден, кайра эле ошол эрежени бузгандыгыңыз үчүн БАНга!