Талантбек Узакбаев:«3 КҮНДӨ 3 ТУУГАНЫМА ИШ КОЗГОЛДУ»

№592 07-март-13-март, 2014-ж

4-мартта «Ар-намыс» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Талантбек Узакбаев агасы, мурдагы айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаевге карата козголгон кылмыш иши боюнча коюлган айыпка макул эместигин билдирди. Башкы прокуратура 3-март күнү экс-министрге «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Иликтөөнүн версиясы боюнча, ал министр болуп турганда өзүнүн кол алдындагыларга бир тууганы С.Узакбаев жетектеген «Бапа» дыйкан чарбасын 419 миң доллардан жогору суммадагы насыя алуучуларга мыйзамсыз түрдө кошууга буйрук берген.
Эскерте кетсек, «Ар-намыстын» лидери Феликс Кулов үстүбүздөгү жылдын 17-январында фракциянын квотасынан министр болуп барган Ч.Узакбаевди «шайлоочулардын алдында берген убаданы аткарбагандыгы үчүн» отставкага кеткенин билдирген болчу.
«Кылмыш ишин козгоонун да чеги болот. Акыркы 3 күндө эле 3 тууганыма карата кылмыш иштери козголду»,- деп кошумчалады Т.Узакбаев. Депутат «кылмыш ишин козгоонун да чеги болот» дегени менен, кызмат абалынан пайдалануунун, карапайым элдин жонунан пайда көрүүнүн да чоңдор үчүн чеги болушу керектигин айтпады.

 

Ширин Турдакунова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
10.03.2014. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар чон кызматта отуруп кыргызды тоно
10.03.2014. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суудан кургак чыгасынар Кыргыздын акчасы чонтогунордо
10.03.2014. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми бул оюнда, карга карганын козун чукубайт же ууру каргангандан коркпойт.
10.03.2014. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акча жеп жатканда чегин билсе кана эле? Тим эле акылдуусунганын.
10.03.2014. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элдердин бешене теринин ар бир тамчысы,силердин чонтогунордо,урматтуу "чондор".
10.03.2014. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жесеңер иш козгойт да анан.Туугандарыңардын баарын чоң кызматтарга тыгып алгансыңар.
11.03.2014. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин чондор менен депутаттарга куран китепти эле карматып эле отургузуш керек болуп калды окшойт местасына, ошондо кичине кудайдан коркушаар беле!
11.03.2014. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уялбастан айткан созуно мен уялып кетим эгер ушул агасынын ордуна башка карапайым киши болгондо камалсын демек ойлонбой туруп тууганчылык деген нерсе балее да бизде оозу менен жедиби эми ......менен чыгарсын.
15.03.2014. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
беш колду тыкса керек да, кабатыр болбо чыгат туугандарын биздин мамлекетте миллион уурдагандар камалбайт 100 сом уурдагандар камалат
16.03.2014. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биринчи жолу коруп жатам го бул депутатты. Ушул убакка чейин депутаттык мандатын актап бир жумуш жасады болду бекен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо