ХИДЖАМА ЖЕ КАН АЛДЫРУУ МЕНЕН АЙЫГУУГА БОЛОБУ?

№593 14-март-20-март, 2014-ж

Учурда «табыптар элди исламда айтылган хиджама менен дарылап жатышат» дегенди көп угууга болот. Ушундан улам бул эмне болгон ыкма, ооруларды толук айыктырабы деген кызыгуу жаралды. Андыктан бул жаатта изилдеп көрдүк.

Элдик дарыгердин пикири

«КАН БУЗУЛГАНДАН ООРУЛАР КЕЛИП ЧЫГАТ, ОШОНДУКТАН КАН АЛЫНАТ»
Алгачкы сапарыбыз КАБЫЛЖАН ЮЛДАШЕВдин элдик дарыгердик борборуна багытталды. Биз барганда алгачкы 35 мүнөттө эле 3 адам далысынын үстүнөн кан алдырып кетти. Бул үчүн болгону банка, жаңы ачылган лезвие, йод, пахта, лейкопластырь анан шамдагайлык керектелди. Бул биздин кызыгуубузду туудуруп, дарыгерге да, кардарларга да суроо узатууга жетиштик.

– Сизге бир аптада канча киши келет?
– 30-40тай адам келет.

– Мунун зыяны жокпу жана бир адамдан канча жолу кан аласыз?
– Пайдасы чоң, зыяны жок. Бир курсу 11 күндү камтыйт жана бул аралыкта 3 ирет кан алам. Ар бир алынганда 20-30 граммдай кан алынат, андан ашпайт.

– Бул ыкманы кайсы ооруларга колдоносуз?
– Кант диабети, климакс, остеохондроз, жогорку кан басым, боор оорусу, көздүн тунарып көрбөй калуусу, өттүн таш оорусу жана башкаларда колдоном.

– Байкасак, далынын үстүнөн кан алып жатасыз. Дагы кайсы жерлерден аласыз?
– Элчилеп көрүнгөн жерден, мисалы, баштан, тизеден, колдон кан албайм. Мен желкеден жана далынын үстүнөн алам. Жети тиликтин ар биринин узундугу оорулуунун кирпигинин узундугуна барабар болот жана анча терең эмес тилинет. Анан канды банка менен сордурам. Тиликтин изи 10 күндөн кийин билинбей калат.

– Хиджама – кан алуу болсо, муну кыргыз эли мурдатан колдонуп келген эмеспи. Болгону чекме деп аталат. Демек, экөө тең эле бир ыкма...
– Мүмкүн.

– Желкеден жана далыдан гана кан алууңуздун сыры эмнеде?
– Негизи, адамда 5-6 литрдей кан болсо, анын канча бир пайызын жаман, арам кандар түзөт. Арам кандар көбүнчө далынын үстүндө, желкеде топтолот. Кан алганда ошондой бузук кандар, ага кошо сары суулар, кандагы уулуу заттар да чыгат. Мисалы, климакс тууралуу айтайын. Аялдардын жаш кезинде этек кири келип, каны жаңырып турат. Кийин ал токтогондо арам кандар топтоло баштайт да, оорулар келип чыгат. Андыктан алар 1 жылда 2 ирет жазда жана күздө кан алдырып турса, оорушпайт.

– Хиджаманы көз тунарып калганда колдоном дегениңиз да кызык экен...
– Көз неге жакшы көрбөй калат? Адамдын каны коюуланып кеткенде көздүн майда кан тамырларына кан жетпей, көрүү начарлайт. Кан алгандан соң көрүү акырындап ордуна келет.

– Кайсы ооруларда хиджама колдонулбайт?
– Аз кандуулукта, кан басымы төмөндөрдө. Ошондой эле кокусунан башкаларга да жугуп калбасын деп кургак учук, сарык сыяктуу жугуштуу оорулар менен ооругандардан кан албайбыз.

– Келген адам жугуштуу оорусу бар экенин айтпады дейли. Сиз кантип билесиз?
– Мен чыгыш медицинасын окуп, мыкты өздөштүргөндүктөн, адамдын сыртынан эле кайсы жери ооруп жатканын билем. Андан тышкары тамыр кармап диагнозун аныктайм. Андыктан буга чейин жугуштуу оорусун билбей кабыл алып, дарылаган учурум боло элек.

Акырында «хиджама менен дарылоого уруксат кагазыңыз барбы?» деген сурообузга «ооба» деп жооп берип, документтерин көрсөттү.

«ЖАРДАМЫ ТИЕТ ЭКЕН»
ОРОЗБЕК БЕКТУРОВ, 64 жашта, Нарын облусунун Нарын шаарынан:
– 2012-жылы инсульт болуп, ошондон тарта убак-убагы менен врачтардан дарыланып келе жатам. Хиджаманын пайдасы бар дешкенинен келдим. Өзүңүздөр азыр эле кан алдырганымды көрдүңүздөр, өзүмдү жакшы сезип жатам. 3 күн мурун 1 ирет кан алдыргандан кийин эле сергип калгам, жардамы тиет экен. Эми дагы бир жолу келем.

БАЗАРДА ДА ДАРЫЛАШАБЫ?
Кан алып айыктыргандар «Ош базарында» отурушат деген кептен улам ошол тарапка бет алдык. Бирок андайларды таппадык. Сураштырсак «мурун кан алган 1 эркек бар болчу. 3-4 ай мурун бирөөдөн кан алганда кан токтобой коюп, «Тез жардам» алып кеткен. Анан чыкпай калды» дешти.
Хиджама тууралуу толук маалымат алуу үчүн элдик дарыгердин иштеген жерине барып жолуктук.

Дүйшөн Чомо уулу: – Кан алуунун өзүнүн мезгили болот. Жазында майдын 15инен тартып, жайкы чилде чыкканга чейин, анан кышкы чилде түшүп, ал чыккыча гана алынат. Башка учурларда алса, адам оорукчан болуп калат,- деп билдирди.

ДИНИЙ ЖЕТЕКЧИ ЭМНЕ ДЕЙТ?

«ХИДЖАМАНЫН ИСЛАМДА ӨЗ ОРДУ БАР»
ЗАМИР РАКИЕВ, Кыргызстандын муфтийинин орун басары:
– Хиджама бул Мухаммед пайгамбарыбыздын дарылануу жаатындагы көрсөткөн жолу болуп эсептелет. Пайгамбарыбызга оорулуулар (баш, бут жана башка оорулар менен) келген кезде аларга «хиджама жасаткыла» деген. Хиджама – кан алуу деген түшүнүк. Денедеги жаман кандарды алдырса, ал кан менен кошо кандагы башка зыяндуу нерселер да чыгып кетет экен. Андыктан исламда кан алдырууга уруксат. Медицинада да организмдеги ашыкча канды алдыруу бар.
Бирок ар кимдин ден соолугу өз колунда. Ооруса ооруканага барабы же элдик дарыгерге кайрылып, кан алдырабы, өз эрки. Бирок, менимче, исламда кан алдырууга болот экен деп көрүнгөнгө кайрылууга болбойт. Кээ бирлер дааватчыларга да кан алдыра беришет экен, бул болбойт. Канды медициналык билими бар же медициналык жактан түшүнүгү кенен, кан алуу жаатында тажрыйбасы бар адамга алдырган туура. Болгондо да санитардык талаптарга жооп бере турган жерде.


Дарыгерлердин ою кандай?

«ЖУГУШТУУ ООРУЛАРДЫН ЖУГУУ КОРКУНУЧУ ЧОҢ»
ДАМИРАХАН ЧЫНЫЕВА, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын балдардын инфекциялык оорулары кафедрасынын башчысы:
– Муну көбүнчө билими жоктор, анан интернеттен же бирөөлөрдөн үйрөнүп алгандар жасап жатышат. Хиджама ооруну айыктырбайт. Тескерисинче, кан алууда пайдаланган буюмдар аркылуу жугуштуу оорулар, мисалы, сарык, ВИЧ дегендер жугуп калышы мүмкүн. Бизде дарыланган балдардын жонунан тилинген издерди көрүп, аларга боорубуз ооруйт. Анткени алардын ата-энелери ооруп жаткан балдарынан кан алдыртып, азабын дагы көбөйтүшкөн. Оору жугуп калса эмне болот деп ойлоп да коюшпаган.

 


«ХИДЖАМА ООРУНУ АЙЫКТЫРСА, ООРУКАНАЛАР ЖАБЫЛЫП КАЛМАК»
БАКЫТБЕК КАРАЧЕВ, Баланы жана энени коргоо улуттук борборунун нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы:
– Болбойт. Эгер айыктырууга болсо, анда ооруканалар эчак жабылып калбайт беле? Кээ бирөөлөр кан алганда өздөрүн бир аз жакшы сезип калышы мүмкүн, бирок айыкпайт. Менин өзүмдүн эле досум кан басымы оорусунан кыйналып, жонунан кан алдырып көрдү. Бирок айыкпагандыктан кайра эле ооруканада дарыланып жүрөт.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(25)
17.03.2014. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
арам кандарды алдырса женилдеп калат го менимче?
17.03.2014. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кабылжан Юлдашевдин адреси кандай экен?
17.03.2014. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче кан алдырган туура эмес,адамда арам кан болбосо да керек
17.03.2014. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
apamdyn kan basymy 220 ga cheyin chygyp ketken uchurlar boldu. Akyrynda "SULUK KURT" mn kan aldyrdyk. kudayga shugur, apam azyr ozun jakshy sezip jurot
04.05.2014. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
faha, сулук курт менен дарылоо пайдалуу, ал медицинада "гирудотерапия" деп аталат, сулук курттун шилекейинде канды суюлтуучу зат бар пайдалуу, экоону алмаштырбаныз
17.03.2014. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да кызыгам бирок РОССИЯДабыз да.
18.03.2014. 04:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
merim, ассаламу алейкум россияда дагы алдырсаныз болот мен ушул жактан эле алдырып тутам
22.03.2014. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
azamat4ik, сиздер кайсы шаардасыздар?же мечиттерге кайрылсак болот бекен?
17.03.2014. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dogdurga baryp darylana albasan, aila ketkenden ushundai zholdrun izdei bashtaisynda.Men bugun ezhemdi dogdurga zhatkyza albai keldim kan basymy zhogooru,bizde takyr es uchun bilbei kelgenderdi ele darylaibyz deit.Bul kishinin daregin toluk alyp bersener biz da baryp koroluk,
18.03.2014. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура эле! шариятта да медицинада да пайдалуу деп айтылган, бирок мен да алдырышым керек эле склерозго да пайда экен
04.05.2014. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kara_kyrgyz, пайдалуу деп каерден окудун, мисал калтыр биз да окуйлу
18.03.2014. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Супер инфо чон рахмат бирок адресин тел номерин,жана канча каражат кетет экен айтып койсонуздар
18.03.2014. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
meninda beelim orup atat joob berip koisonuz
18.03.2014. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zzz---zzz,
Саламатсызбы! Андай маалымат жок бизде.
18.03.2014. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менин балам башын кыймылдатып ыйлап ынжый берчи эле врачтар алдей ыйлап чоноёт да деди эле анан чектирип келдик далынан азыр соп сонун журот пайгамбарыбыз с.а.в.колдонгон экен да
19.03.2014. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ассаламу алейкум жалал абадта бар сузакта
19.03.2014. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
негизи жардамы тиет
20.03.2014. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Замир Ракиевге толук кошулам..буну толук билими,опыты барлар гана жасашы керек.А так,вне сомнений бул ыкмада айыгуу бар.Пайгамбарыбыз үч нерседе айыгуу бар деген,ошонун бири-Хиджама.
22.03.2014. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Адресин айтып койсонор Кабылжан Юлдашевтин супер инфо.
22.03.2014. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дос кызым алдырган дейт бирок убактылу еле жардам берет екен дейтго
23.03.2014. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бред какой то. Хиджама ошол убактагы ыкма болушу мумкун. Медицина онуккон кезде 20мл Кан алдырсале айыгып кетбейсин. Ар бир ооруунун патогенези этиологиясы болот, ошого карап даарылаш к.к.
04.05.2014. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
врачтардын айтканын окубайсынарбы, кантсе да 21-кылымда жашап жатабыз го, адамдын денесинде эч кандай арам, туруп калган кан болбойт, ал тынымсыз айланып турат, 20 грамм кан чыгаргандан адам жакшы болуп кетпейт, карангылыка алдырбай кичине китеп окуп кругозорунарды кенейтсенер боло, гемофилиясы барлар олуп калат кан токтобой, ал эми инструменттердин стерилдуулугу тууралуу унчукпай эле койсок болот!!!
04.05.2014. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КАБЫЛЖАН ЮЛДАШЕВдин улуксаат кагазын (сертификатын) суротко тартып алсанар болмок, андай документти эч ким бербейт!
11.07.2014. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жашы ойдолоп калган тайкем курулуш иште иштеп журуп катуу чарчап журом деп кундо арак иче турган адат таап алыптыр анан шаардан бир мечиттен далысынан кан алдырып келип эле кой союп куран окутуп озуму абдан жакшы сезип калдым деп арагын да токтоттуO:-)
05.02.2015. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага таасир берген жоккооооо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо