«КАЙСЫ ӨЛКӨ БОЛБОСУН, БИЙЛИКТИН ЭЭСИ – ЭЛ»

№593 14-март-20-март, 2014-ж

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинадан качып чыккан Виктор Януковичти «легитимсиз президент» деп атаган билдирүүсүн 11-март күнү таратты. КМШ мейкиндигинде жайгашкан мамлекеттердин ичинен кыргыз бийлигинин өз позициясын ачык билдирүүсү дүйнөлүк коомчулукта да, өлкө ичинде да чоң талкууну жаратты.

«ЯНУКОВИЧТИН БИЛДИРҮҮСҮ ОРУНСУЗ»
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Украинадагы кырдаал боюнча билдирүүсү бир топ кечигүү менен кыска жана нуска жарыяланды. «Кыргыз Республикасы Украинадагы абалды дестабилизациялоого багытталган бардык аракеттерди сынга алат. Ошондуктан ушул жылдын 11-мартындагы Виктор Януковичтин билдирүүсүн орунсуз деп эсептейт. Кайсы гана өлкөдө болбосун, бийликтин жалгыз ээси болуп эл саналат. Калкынын ишенимин, де-факто түрүндө президенттик бийлигин толугу менен жоготкон, анын үстүнө өз өлкөсүнөн качып кеткен президент легитимдүү боло албайт» деп жазылат ТИМдин билдирүүсүндө.
Министрликтин мындай реакциясы ушул эле күнү Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында Виктор Януковичтин журналисттердин алдына экинчи ирет чыгуусуна түрткү болду. Анын бул жолку элдин алдына чыгышы интернетте жайылып кеткен «Янукович көз жумду» деген ушакты жокко чыгарды. Ал дагы да болсо өзүн украин мамлекетинин башчысы деп эсептээрин баса белгилеп, Украинада жакын арада өтүүчү шайлоолорду мыйзамсыз деди.
Эске салсак, Жогорку Рада февралдын аягында өлкөсүнөн качып чыккан Виктор Януковичтин бийликтен четтетилиши үчүн добуш берген. Европалык союз менен АКШ Януковичти Украинанын президенти деп эсептебей турганын билдиришсе, өлкөнүн Европалык биримдикке ыктап кетишин каалабай жаткан Орусия болуп өткөн окуяга төңкөрүш деп баа берип, Владимир Путин «юридикалык көз караштан алганда, Янукович Украинанын президенти бойдон калууда» деп айткан.

БИЛДИРҮҮ МАКТООГО АЛЫНУУДА
«Януковичтин сөзүнө карата кыргыз ТИМинин билдирүүсү өлкөнүн акылга сыярлык жана сабаттуу позициясын көрсөттү». Ушул сыяктуу ойду камтыган комментарийлер интернет баракчаларында көп жазылды. Анын бир тобунда Януковичтин акыркы иштерин сынга алган Кыргызстандын билдирүүсү алкыш табууда.
Кыргызстанда акыркы 10 жыл ичинде бир эмес, эки ирет элдик толкундоолордун арты менен ажолор тактан куулган. 24-март, кийинки 7-апрель окуясы Борбор Азиядагы көп жыл бою президенттик кызматтан түшпөй келе жаткан өлкө башчыларынын жүрөк үшүн алган.
Януковичти колдогон Орусия учурда Кыргызстандын башкы стратегиялык өнөктөшү. Жакын арада Кремлдин амбициялык долбоору аталган Бажы биримдигине кирүү алдында турабыз. Буга кошумча КМШнын алкагында Орусиядан башка өлкөлөр эл аралык саясий аренада ири державалык салмакка ээ эмес. Анын үстүнө Союз тарагандан бери бийликтен түшө элек борбор азиялык президенттерди Киевдин Майданы дүрбөлөңгө түшүрүп койду. Ошондуктан да постсоветтик мейкиндиктеги мамлекеттер Украинага байланыштуу үн катпай туруу режимин сактап отурушат. Дегеле ТИМдин билдирүүсү таратылган мүнөттөн баштап ал интернет талаасында, айрыкча Орусия менен Украинанын жалпыга маалымдоо каражаттарында чоң талкууну жаратты. 
Эске салсак, буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Украинадагы кырдаал боюнча түшкөн суроолорго өз жообун таратканда «аталган өлкөгө Апрель окуясы сабак боло алат» деген болчу. 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык, тышкы саясатты президент аныктайт. АКШ жана анын союздаштары менен Орусия өңдүү ири державалардын кызыкчылыктары кагылышып турган кырдаалда кыргыз мамлекет башчысы тигил же бул тараптын арыгын чабууга аракет кылбай, өзүнүн калыс жана адилеттүү деп эсептеген баасын берди.

Эльвира Караева
Ширин Турдакунова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
17.03.2014. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кайдагы кайнаса каны кошулбаган украина менен не жумушу бар деймда биздин ТИМ, оз олкондун келечеги жонундо иште!
17.03.2014. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айткан чындыгында калыстык баасын бериптир. Коп нерселерден озубузго сабак алса болот.
17.03.2014. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айткан чындыгында калыстык баасын бериптир. Коп нерселерден озубузго сабак алса болот.
18.03.2014. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
батыштын жа СШАнын сатанист-масондору кандай буйрук берсе биздин ээрчиме саясатчы соройлорубуз ошону кылат да! Ошол батыш мн СШАнын политикасынын негизинде, кыргыздарга ченебей берген демократиясынын негизинде бизде башсыздык кобойуптур, тигине гейлеринер 10минге жесте олко башчылары жетишкен экен! жолоочуну ээрчип ит олот деген болуп жатышат да биздин май ххх!!!
Модератор admin_media түзөттү 18.03.2014 10:54
18.03.2014. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дуйно Мамлекеттери тунгуйукка кептелуу менен андан чыгуунун жолун таппай, бири -бирине кандайдыр басым жасоо, коркутуу жолдоруна багыт алды. Бугун биздин эл дагы туура жол туура багыт ала албай акыркы кундору бири - бирине тиш кайроо эл арасында башталды. Муну оз убагында туура тушунуп башка багытка элдин ан - сезимин бурбасак, эртен кеч болуп калаары айкын боло баштады. Андыктан биз дагы эл учун коптогон ойлордун теренин казып изденип чыктык. Мындай тунгуйуктан кыргызстанды эле эмес дуйно элин
18.03.2014. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алып чыгууга болот. Ал учун Ажобуз менен жолугушууну суранат элек жана Ажообузга бул улуу багытты кабыл алуусуна тушунук берет элек. Эгер бул багытты туура тапса андан кийин элдин колдоосуна койсок болот. Урматтуу кыргыз урпактары кырдаал ордоодо, мына ушул кырдаалды ого бетер оорлотунун эч негизи жок. Андыктан Кут Ордо Илимий Борбору болгон Кызыл - Аскер, казакова коч 77 ге кайрылып кенешсек болот.
19.03.2014. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кутордо сизге кошулам бирок азыркы адамдар акчага уруш ачып жатышбайбы.бул ишти гим кылат байлар кылат .мындай карап горсонор бийликте гим иштеши герек гим иштебеш герек карапайым калка эч айрымасы жок .баары эле бирдей иштеп бирдей жеп качып жатышбайбы.озгору жок эми жаны бийлик гелишин гутбой эле койуш герек .ал деле гелип алганча гулдотом дейт анан болду гулдотмок турсун соолутат.
20.03.2014. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бийликтин ээси-бийлик эле, ким айтты ошону эл деп?! эл азыр тек гана бийликтин куралы бп саналат. Бу кыргыздар биз качан ажого жарыйт болдук экен. США эмне десе ошонун созун айтын тантып, Россия эмне десе ошону айтып жоолуп журт башыбыз балээ эле болду го! Эки тоонун чобун энсеген кийик ачтан олот дечи эле,эки чон державанын созун суйлойм деп Турцияга кетип калбаса эле болду биздин АШАбыз...
22.03.2014. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийликтин ээси-эл болсо анда элдин айтканын кылып оз каалоонуз менен которулуш кылбай кетиниз да. Башында парламентский республика кылып алып эми закондун чегинен чыгып президентский республика болуп калды го. А эмнеге парламенттин айтканын кылбай жатасыз. Каяктагы бир саясатты жургузуп жатасыз: бийликке ашыкча штаттарды киргизип жатасыз- неге кереги бар анын, 15000 турмодо отургандардын жарымын бошотуп жиберипсиз- бул не деген саясат, прокурорлор куноосун далилдеп канча мээнет менен камады.
22.03.2014. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийликтин ээси-эл деп айтылган соз элди жубатуучу соз. Чынында озу эмнени кааласа ошону кылышат. Эл менен эсептешпейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо