ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫНДАГЫ КОРРУПЦИЯ ЖОЮЛАБЫ?

№593 14-март-20-март, 2014-ж

Коргоо кеңеши энергетика тармагындагы коррупция болушу мүмкүн болгон 6 зона менен 25ке жакын коррупциялык схемаларын аныктап чыкканын билдирди. Конкреттүү ысымдар же цифралар айтылбады. Кеңештин жумушчу тобу энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев менен бул тармактагы системдик коррупцияны жоюу боюнча иш-чаралардын планын талкууга алды. Анын ичинде тарифти түзүүнүн так саясатын белгилөө боюнча сунуштар да бар.
Өткөн жылдын күз мезгилинде жаңы тарифтик саясаттын долбоору иштелип чыккан болчу. Бирок анын презентациясы быйылкы жылдын жылуулук сезону аяктагандан кийин гана өткөрүлмөкчү. «Апрель айында электр энергиясынын тарифтери жогорулабайт. Көтөрүлгөн күндө деле буга чейин болжолдонгондой көп болбойт. Бирок биз учурда бардык варианттарды кароодобуз, тарифти өстүрбөй, башка каражат булактарын табууга аракет кылып жатабыз»,- деп маалымдады Отун-энергетикалык комплексти көзөмөлдөө боюнча департаменттин директору Миргүл Айдарова.
«Жаңы тарифтик саясат боюнча иштердин жыйынтыгын азырынча эл алдына айтып чыгууга эрте» дешет министрликтен.


Ширин Турдакунова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
18.03.2014. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ширшовдун схемасын таап талкалап тарыхта калбайсызбы эврикааа деп
18.03.2014. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ова азыр светин баасы готорулсо сиздерге да бизге да жаман болот анткени мурунку бийлик светин айынан гетбеди беле.
21.03.2014. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Исфанада айдын башында толосон кайра эле 15 кундон кийин келип квитансия таштап кетет 250 сомго жетпеген акчаны жазып 3,4 кун убакытты жазып кетет эгер толобосон очуруп кетет.Ал эми 5000 сомдон коп карызы бар чондорду унчукпайтда карапайым элди 200 сом учун светсиз калтыра.
22.03.2014. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
счетчикти кантролерь жазганда озунорго да дептер ачып жазып койуп турбасанар кошуп да жазып койушат озунун кварталындагы уурдаалган светтин счету чыкпай калса башкаларга кошуп жазып койушат.
23.03.2014. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tura aitasyn erkin- by bary owondoi iwtewet antkeni elektrikterdin uiundo beker svetin kilovatyn chygaryw gerekda.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо