Жанета Бобкова: “МАШИНА ҮЧҮН АТАМДАН ТАЯК ЖЕГЕМ”

№362 9-15-октябрь, 2009-ж.

Темир тулпарды зуулдата айдоо бүгүнкү күндө жигиттерге гана эмес, айымдарга да таандык иш болуп калды. “Рулдагы жылдыз” рубрикасынын бүгүнкү мейманы учурда Мерседес-600 үлгүсүндөгү темир тулпардын ээси Жанета Бобкова.

– Жанета, канча жашыңдан бери машина айдайсың?
– Машина айдаганды 9-классымда эле үйрөнгөм. Атам Жигулисине салып алып, 2-3 жолу үйрөтүмүш болгон. Ошондон бир жума өткөндөн кийин эле Таш-Көмүр шаарчасындагы досунукуна барам деп сиңдим, иним үчөөбүздү салып алды. Досунукуна кирип кеткен атам көпкө жоголду. Чала-була билгеним боюнча рулга отурдум да, үйгө зуулдап жөнөдүм. Сиңдим менен иним тимеле жыргап баштарын терезеден чыгарып, чачтарын учуруп алышкан.
– Атаң үйдөн чыгып эле силерди таппай калган турбайбы?
– Атам менин айдап кеткенимди дароо түшүнүп, оюнун баары жамандыкка кетиптир. Көз алдына тоголонгон машина, анан үчөөбүздүн үч жерде оор абалда жатканыбыз келе берип, жаны чыгып кете жаздаптыр. Үйгө кел­генден кийин атам­дын каарын сезип, колу тийип калса, акырын тийсин деп калың кийимдерди кийип алгам. Чын эле атам келери менен үчөөбүздү тең, айрыкча мени катуу сабады.
– Биринчи машинаң кандай эле?
– Биринчим Мазда-121. Аны алгач кичине көчөлөрдө айдап жүрүп, анан чоң трассага чыккам. Маздам аябай көп бузулду. Бузулса эле Денисти чакыра берчүмүн. Ал акыркы убактарда “Жанета эми качан чакырат?” деп жүрөкзаада болчу экен. Жадакалса алыс жолдо бузулуп калса да келип алып кетчү. Бир жолу көлгө баратсам Токмоктон өчүп калып жатпайбы, анан Денис келип өзүнүн машинасы менен сүйрөтүп кеткен.
– Машина айдаганыңды көргөн­дөр кандай баа беришет?
– Аябай кылдат айдайт экенсиң деген мактоону көп угам. Төркүнүмө баратканда жолдошум мага айдатып коюп, өзү санаасы тынч уктап кете берет.
– Бирөөнүн машинасын сүзүп алган же жолдон чыгып кеткен учурлар болду беле?
– Кудай сактасын, андай учурлар боло элек. Бир жолу мен эмес, бирөө менин машинамды чийип кеткен. Анда машинаны жаңы айдап жүргөн кезим. Тиги айдоочу чыга калып мени опузалай баштады. Мен күнөө анда экенин билсем да, унчукпай туруп калдым. Аңгыча МАИчилер келип калышты. Аларды көргөн айдоочу колума 1000 сом кармата койду. Кичине эле жери чийилген да, 1000 сом бергени туура эле болду окшойт.
– Азыркы айдап жүргөн Мерседес-600 үлгүсүндөгү тулпарың эмнеси менен жагат?
– Мурункуларым бузула берчү. Мунума көз тийбесин, маанайымды чөгөрө элек. Ичи кенен, бардык шарттары бар. Отургучтары ары-бери жылат. Булгаары менен капталган. Бирок тапкан акчамдын баары бензинге кетет. Анткени 100 чакырымына 20 литр бензин ичет.
– Тааныштарыңдын бирөө бир жакка барып келейин десе, бере­сиңби?
– Бере албайм. Анткени бул кымбат машина.
– Маек соңунда Испанияга сапарың туурасында айта кетпесең болбойт го...
– Өзүңөр билгендей, биринчи орунду алдым. Башында жеңишимди сезбептирмин. Самолётко чыксам, жүргүнчүлөрдүн жарымы кыргыздар экен. Ичинде ортопед Сабырбек Жумабеков да отуруптур. Мен фестивалга келдим эле, 1-орунду алдым десем, укмуш сүйүнүштү. "Уруксат эмес" десе болбой Сабырбек байке акча төлөп микрофон менен мени куттуктаттырып, шампан аттырды. Түнкү саат 1де аэропорттон түшсөм, көптөгөн журналисттер тосуп алышты. Денис болсо Лимузин менен күтүп туруптур. Ошондо жеңишимди Кыргызстанга келгенде сездим.
– Маегиңе рахмат. Дайыма ийгилик кучагында жүрө бер!

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(11)
12.10.2009. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жанетта озу жакшынакай эле, бирок анын кээде "Женил ойлуу кыздардай кийинип алганы жакпайт"
01.10.2011. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ylduska, завидуй молча!
10.01.2010. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
молодец!
20.05.2010. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бул бузуку айымдардай кийинип алыптыр го.
05.07.2010. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин Жугулим бар алмаштырбайлыбы.
25.08.2010. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз жок.
05.09.2010. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janetta mers degi ozundukubu?jee dagy biroonukun surap keldinbi?
12.07.2011. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшыраак кийинсе болмок эээ проститукалардай болбой!!! Кайн атасы эч нерсе дебейт ко эээ? А ырдаганы аябай жагат озу дагы сулуу айым.
27.09.2011. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баракелде Жанетта!!! мен да машына айдаганды жактырам.
05.10.2011. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
хахахахахах корунуп калыптыр го ыя!!!
16.10.2012. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Molodets Janetta. Ishine iigilik.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо