КОЙ ЖЫЛДЫЗЫНДА ТӨРӨЛСӨҢҮЗ

№594 21-март-27-март, 2014-ж

(21-марттан 20-апрелге чейин төрөлгөндөр)

Табияты (стихиясы) – От
Колдогон планетасы – Марс
Ташы – Аметист, гелиотроп
Түсү – Кочкул кызыл

ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨ
Кой белгиси жылдыз төлгөнүн башында турганы жөн жерден болбосо керек. Алар бардык жагынан биринчи болууну каалашат. Ошону менен катар эр жүрөк, көздөгөн максатына жетмейинче тынч ала албаган, иштерман калк келишет. Бала кыял, ишенчээктик да жайы бар. Ашынган оптимист, өзүнө өтө ишенимдүү, кек сактабайт. Өткөндөгү капачылыгын, бирөөлөргө болгон таарынычын жана жагымсыз окуяларды тез эле унутуп коюшат. Кесепетинде ошол эле адамдан кайрадан көңүлү ооруган учурларга көп кезигет.
Ар дайым жакшы кийинип, башкалардан өзгөчөлөнүп турууну, дайыма комплимент угууну каалашат жана ал үчүн бардык аракетин жасашат. Канчалык кыйынга турса да, бирөөнүн алдында уят болуп калууга жол бербейт. Көңүл ачуудан, достору менен чогулуудан, конок күтүүдөн баш тартпасы анык. Кой жылдызында жарыкка келген адамдан мыкты жазуучу, чечен чыгышы мүмкүн. Андан тышкары журналистика тармагында ийгиликтүү иш алып бара алышат.
Мыкты сапаттары – тайманбастыгы, аракетчилдиги, жаңы бийиктикти багындырууга болгон умтулуусу.
Начар сапаттары – өзүмчүлдүгү, өткөндөн сабак албагандыгы, сынды кабыл албагандыгы, оройлугу.

КИМДЕР ТУУРА КЕЛЕТ?
Өздөрү лидерликти, башкарууну жакшы көргөндүктөн, аларга өзүнөн бир аз алсызыраак адамдар менен мамиле курган оңой болот.
Мыкты шайкеш боло турган жылдыз белгилер – балык, жаачы, суу куяр, чаян.
Тил табышып, жашай ала тургандар – кой, эгиздер, бөйөн, бийкеч.
Тил табыша албагандар – текечер, букачар, тараза жана арстан.

КОЙ – ЭРКЕК
Кой жылдызынын астында төрөлгөн эркектер тубаса лидер болушат. Алар аялзаты менен айтышып отурууну өз деңгээлинен төмөн деп эсептейт. Ошондуктан түбөлүк жар издегенде назик, ийкемдүү, сөзүн эки кылбаган айымдарга көз салат. Өздөрү кыз жандуу келгени менен жубайын абдан кызганышат. Сүйүп калган адамына жетмейинче жаны тынбайт. Бирок жетип алган соң ал адам кызыксыз болуп калышы ыктымал. Кой – эркек менен түбөлүк бирге болууну каалаган айымдар ар дайым табышмактуу болуусу жана түгөйүнүн улуктугун баса белгилеп туруудан тажабашы керек. Мындай эркектер чыгармачыл келип, фантазияга бай болот. Бирок убакытты туура бөлүштүрүүдө бир аз кыйналышат. Андыктан дайыма алардын шашып жүргөнүн байкоого болот.

 

КОЙ – АЯЛ
Бул жылдызды алып жүргөн аялдар активдүү, көрүнүктүү жана өзүн баалай билген жандар. Эркиндикке умтулушат. Өздөрү берешен болгондуктан башкалардан да ошондой мамилени күтөт. Алар үчүн белектин баасынан да оригиналдуулугу жана күтүүсүздүгү баалуураак. Мүнөзү ачык-айрым, ойлогонун «балп» эттире айтып салган адаты менен өзгөчөлөнөт. Алар үчүн эркектин жумушун жасап коюш оңой эле. Андыктан башка бирөөгө өзүн башкартпайт. Кой – айым сүйүүгө, мээримге жана романтикага муктаж. Анын түбөлүк жары эркелетүүнү, сюрприз жасап турууну жакшы өздөштүрүүгө тийиш.


 

КОЙ – НАРИСТЕ
Балаңыз кой жылдызында төрөлгөн болсо, анда сизге зор чыдамкайлык талап кылынат. Анткени алар тентек, бир жерде тура албаган, кыймылды сүйгөн бөбөктөр болушат. Эркиндикти жактырышат. Бир бөлмөдө тынч отуруп ойной берет десеңиз жаңылышасыз. Жөнү жок ыйлай бербейт. Бирок ал каалаган оюнчукту дароо текчеден алып бербей калсаңыз, чырдын башталганы ошо деп биле бериңиз. Анткени койлор табиятынан чыдамсыз келишет. Ушул сапатынын кесепетинен аларды окууга, жазууга үйрөтүү татаал болот. Канчалык ачууңуз келсе да, аларга агрессивдүү мамиле кылуудан баш тартканыңыз оң. Болбосо зөөкүр кылып чоңойтуп алышыңыз ыктымал.


 

СҮЙҮҮДӨ
Сүйүүгө өтө бат берилишет. Кайсы куракта болбосун ысык, күчтүү сезимдерди тартуулоого дайым даяр. Өздөрүнө карата да ошондой мамилени талап кылышат. Бул жылдыз белгисин алып жүргөн аялзаты дагы, эркектери да бир көрүп сүйүп кала алышат. Жөн гана сүйүп тим болбостон жактырган адамына жетмейинче жаны тынбайт. Бирок ал сезимдеринен тажап, жаңы роман издеп кетмейи да бат. Эгер жоопсуз сүйүү болуп кала турган болсо, алар өз өмүрүн кыйганга чейин барышы ыктымал. Эркелетүүнү, мактоону жактырышат. Капысынан өз дарегине ыраазычылык айтылбай калса, алар кыйнап айттырганга чейин барышы ыктымал.
Түгөйүңүз кой жылдызында төрөлсө, кемчиликтерин айтпаганга аракет жасаңыз. Ансыз деле сүйүктүүсүнө жагыш үчүн болгон аракетин жумшаары бышык. Алар өзү курактуулардан эртерээк жетилишет. Андыктан сүйүүсү да эрте ойгонушу мүмкүн. Мунун айынан өспүрүм «койлор» менен улуу муундагы үй-бүлө мүчөлөрүнүн арасында түшүнбөстүктөр көп болот. Эгер каалоосу ойгонуп кете турган болсо, алар эч нерсеге карабай моокумун кандырууга шашылышат.

Бактияр Токторов:«ЖУБАЙЫМ ЭКӨӨБҮЗ БИРИ-БИРИБИЗДИ ӨТӨ ЖАКШЫ ТҮШҮНҮШӨБҮЗ»
– Жылдыз белгим кой эмес – кочкор (күлүп). Ал эми келинчегим – суу куяр. Мүнөзүм деле кочкордукундай. Кызганып, сүзүп жиберишим мүмкүн. Тез жинденем, бирок кайра бат жазылам. Жубайым экөөбүз бири-бирибизди жакшы түшүнүшөбүз. Кудайым экөөбүздү өзү кошуп койгондой. Ал мага кеңешин айтып, ар тараптан колдоп турат.
Бактияр мырза менен келинчегинин никеси жылдыз төлгө боюнча эң ийгиликтүү. Анткени от жандуу «кочкордун» өчүп калбашы үчүн аны тутантып туруучу, табияты аба болгон суу куяр ылайык.

Салтанат Мукасова
кеnesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(48)
24.03.2014. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дал ушундаймын, бирок омурумду кыйганга барбайм :-). Суйгонумо жетмейин жаным тынбайт. Хехе аябай жакты. Рахмат.
24.03.2014. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бийкеч жонундо да жазгылачы супер инфо
24.03.2014. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
даааааааааа туура кошулам бирок 100% эмес
24.03.2014. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин куйоом да кой жылдызы баарысы туура келди
25.03.2014. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин жолдошум арстан бирок жашообуз кудайга шугур тил табышып башкаларга караганда жакшы эле жашайбыз
25.03.2014. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эгиздер боюнча да айтып бериниздерчиииии.
25.03.2014. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туп туура муноздомо берипсиздер, балли!
25.03.2014. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тура чыкты 90% рахмат.
25.03.2014. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер ашка жылдыздарга да муноздомо бересиздерби?
25.03.2014. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
eli_oni,
Саламатсызбы! Ар бир жылдыз белгисинин айында чыгып турат.
29.03.2014. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_media, Таразаны да жазгылачы?
25.03.2014. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aibai tyyra okyp atup tan kaldum. Birok araket kulup jetip alup tashtap salganu jaman eken.
25.03.2014. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да кошулам. Баары туура келди менин агам да кой алга умтулган мунозу жакшы. А анын аялы назик ийкемдуу. Тим эле баары карап туруп жазылгандай рахмат. Эми бийкеч жонундо жазгылачы супер инфо
25.03.2014. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Negizi ancha ishene berbeym... Chayan jonundo da bir jyl kutturboy jazsanar jakshy bolmok. Kyzyktuu oyun katary sezilip jatat...)))
25.03.2014. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ойлобогон элем туп туура экен мен да разымын кочкор жылдызында торолгонумо рахмат
26.03.2014. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу "Супер-Инфо" бийкеч жылдызындагылардын муноздомосун да жазыныздарчы?
26.03.2014. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийкеч жылдызындагы кыздарды суйуп калсаныз суйуно бериниз. Себеби алар спокойная.серезная коп кыйынчылыктарды которо билген. Коп нерсени ичине сактап, журогуно жакын алган, ашканада мыкты, таза, балдарына, куйоосуно жакшы аял болуп берет экен. А эркектер болсо семьясына кам коргон. алар учун жанын беришке да даяр болот. Аялы ооруп калса жанынан чыкпай карап жардам берет экен. Мен бул муноздомону интернеттен окугам. Озум бийкечмин (кыз) мага аябай туура келет.
26.03.2014. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
текечеерди жазгылачы
26.03.2014. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары туптуура,мен билген адам)))бирок,мен текечер,экообуз тил табышып,тушунушуп эле келебиз,ушунубуздан жазбасак экен...
31.03.2014. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Баары туптуура,мен билген адам)))бирок,мен текечер,экообуз тил табышып,тушунушуп эле келебиз,ушунубуздан жазбасак экен..."-мен кой жылы экен деп ойлоптурмун,корсо жылдыз тура)))чынында кой жылдызындагылар менен жакшы тил табыша албайм.
27.03.2014. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тууракен менда кой болом
27.03.2014. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да дал ушундаймын аябай туура жазылган , рахмат сиздерге .
27.03.2014. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо тараза жылдызын да жазыныздарчы сураныч
27.03.2014. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин муноозумо дал келиптир
27.03.2014. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдин башын айлантканы токтотподу да ушул астролог деген шарлатандар.Кой болсо эле жоош болуп калмак беле,мин деген мыкаачы койлор да толтура.
27.03.2014. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура экенго,эмкиде,эгиздер жонундода жазгылачы супер инфоооо сураныч
28.03.2014. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балыктар жонундо да маалымат бергилечи?
29.03.2014. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тарааза жылдызы жонундода малымат берип койгулачы админ
29.03.2014. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тараза жылдызы жонундо да жазыныздарчы ото кызыктуу экен
29.03.2014. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куйоом да кызым да кой жылдызы,мен текечермин.текечер менен тил табыша албайт делиптир,ушул жери жаккан жок)),менимче жакшы эле тил табышабыз,бирок муноздору чын эле окшош экен тан калдым
30.03.2014. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Menin munozumo aibai top kelet eken birok men uialchakmyn anan kyzdar menen til tabywywym kiyin bolup jatat emne kilsam bolot?
30.03.2014. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bajzhan2003 эн туура жазгансыз
30.03.2014. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин куйом да кой бирок бир да жери дал келбеди. Калп.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо