АЙЫП ПУЛДУ КӨБӨЙТҮҮ КЫРСЫКТАРДЫ АЗАЙТКАН ЖОК. АЛ МАИдеги КОРРУПЦИЯНЫ ЭЛЕ ӨСТҮРҮП ЖАТАТ

№594 21-март-27-март, 2014-ж

Жол кырсыктарынан каза болгондор, жабыркагандар көп. Бир нече адамдын өмүрүн алып кеткен мындай кырсыктар акыркы учурларда көп катталды. Бул маселелер тууралуу сөз башталса эле Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Талантбек Исаев «айып пулду көтөрүү зарыл, оң рулдуу унааларды Кыргызстанга киргизбей коюу абзел, унаалардын терезелерин караңгылатууга уруксат бербеш керек» деп кыйкырып чыгат. Исаевдин мындай реакциясы «бул иштерде анын жеке кызыкчылыгы барбы?» деген ойго жетелейт.

АЙЫП ПУЛДУ ЖОГОРУЛАТУУ ЖОЛ КЫРСЫГЫН АЗАЙТКАН ЖОК
Адатта «жол кырсыгы өсүп жатат, себебин тактайлы, маселени чечели» деген кеп козголсо эле МАИ жетекчилиги, ИИМ дагы «айып пулдарды өстүрөлү» деп чыгат. Жол эрежелерин бузуу боюнча айып пул 2008-жылы эселеп жогорулатылган. Жол кырсыктарынын санына келсек, алардын эселеп азайганын көрө албайбыз. 2007-жылы жалпы жол кырсыктарынын саны 4692ни түзүп, анда 1252 киши каза тапкан. 2009-жылы 4248 кырсыктын катталуусу менен 1005 адам кайтыш болгон. Бул көрсөткүч айып пулдардын өскөнүнө карата азайбай, тескерисинче, жыл санап өсүп отуруп, былтыркы жылы 5990 жол кырсыгы катталып, андан 1214 киши бөөдө өлүмгө туш болгон.
Мындай көрсөткүчтөрдөн улам, айып пулду көбөйтүү МАИчилердин баюусуна гана алып келет деген жыйынтык чыгарууга болот. Ошондуктан алгач бул ведомстводогу гүлдөп келген коррупцияны жоюп, андан соң гана айып пулду жогорулатуу керек.

АЙНЕКТЕРДИ КАРАҢГЫЛАТУУ МАИ ҮЧҮН ЧОҢ КАЙГЫБЫ?
Данияр Тербишалиев баш болгон бир нече Жогорку Кеңештин депутаттары «каалагандар 5 миң сом төлөп автоунаасынын айнегин караңгылатып алсын. Элге күндөн коргонууга ыңгайлуу, мамлекеттин казынасына да акча түшөт» деп сунуш киргизген эле. 100 доллар берип автоунаанын терезелерин караңгылатуу боюнча мыйзам долбоорун башка депутаттар да колдошкон. Күтүлгөндөй эле МАИ жетекчилиги мындай мыйзамдын кабыл алынышына каршы чыккан. Данияр Тербишалиев «Терезелерди караңгылатуу ультрафиолеттүү нурлардан коргонууга мүмкүнчүлүк берет, башкача айтканда, күндөн коргонуу үчүн кара көз айнектерди тагынуу сыяктуу эле көрүнүш. Акы төлөп караңгылатуудан жыл сайын бюджетке 100 миллион сомго жакын каражат түшүшү мүмкүн. Жол көзөмөлдөө кызматынын жетекчилиги терезелерди караңгылатууга каршы болуу менен авторитардык режимдин учурунда түзүлгөн коррупциялык схеманы өздөрүндө сактап калууга аракет кылып жатат» деп окуяга абдан туура жана так мүнөздөмө берген.
Жол көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Талантбек Исаев «автоунаалардын айнектерин караңгылатууга уруксат берсек кылмыштуулукка каршы күрөшкө тоскоолдук жаратабыз» деп айтканды жакшы көрөт. Бирок орган кызматкерлери бир да жолу «айнеги караңгылатылганы үчүн тааныбай же байкабай калып баланча кылмышкерди кармай албай калдык» деп чыгыша элек. Андай фактыны угуп-көрө элекпиз.
Акы төлөп терезелерди караңгылатуу боюнча мыйзам кабыл алынбаса деле көчөлөрдө терезелери караңгылатылган унаалар жайнап жүрөт. Сыягы, мындай тыюу салуулар коомдун коопсуздугу үчүн эмес, айрым адамдардын тобуна ашыкча ирет акча иштеп табуу үчүн киргизилет өңдүү.

МАИчинин ЖОРУГУ НАРИСТЕНИ ЧЫРКЫРАТЫП ЫЙЛАТТЫ
Үстүбүздөгү жылдын 18-мартында интернетке жарыяланган видео коомчулукта дагы бир ирет жол көзөмөлдөө кызматкерлерине карата жек көрүү толкунун жаратты. МАИчи кур тагынбай келе жаткан айдоочуну токтотуптур. Бирок айдоочу курун тагынып эле келе жатканын айтып жатканын видеодон көрүүгө болот. Ал эми Бишкек ШИИБи «кармалган адам жөө жүрүүчүлөрдүн өтмөгүндөгү жол чырактын кызыл жарыгынан өтүп кеткен» деп билдиргенин интернет басылмалардын бири жазып чыкты. Талашып-тартышуудан соң МАИчи айдоочунун колун кайрып, жерге жыгып, үстүнө отуруп алган. Мунун баарын көрүп турган айдоочунун кичинекей баласы «атамды коё бергиле, мага кайтарып бергиле» деп чырылдап ыйлап жүрөт. Жаш баланы чыркыратып ыйлатканына корстон болбой, машинага отургузуп, ортодогу түшүнбөстүктү маданияттуу жол менен чечүүгө жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлеринин акылы же кесиптик профессионалдуулугу жетишпеген көрүнөт.

Айбек Нурадилов
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(15)
24.03.2014. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коррупсиянын чордону,ИИМ менен ЖОЖдордо.
25.03.2014. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
салам админ кечинде 24 мартта Добрдун банясынын жанынан бир белгисиз машине бир жаш жигити сузуп качып кетиптир скорая 3 саата келди аран дегенде елдер жолду бууп светафор койуп берууну талап кылышты ушул жонундо маалмат берип койсонуз
25.03.2014. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asmat6,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
25.03.2014. 08:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылы жок адамдарды эне учун МАИ ге алышат.
25.03.2014. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айдоочулар МАИге анан сотторго укмуш табылга да!
25.03.2014. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Исаев пиар учун гана иштейт! Жаш кыздарды тируу алып бардыбы, олтуруп алып бардыбы, кылмышкерлер колунан жетелеп же маршруткага салып алып барбаса керек!!! Ошолорду карабайбы! Ташиевдин баласы тонировка менен кармалды деп 1 жумадан бери айтып атышат...Ошол да жанылык болдубу?!
25.03.2014. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МАИни туп тамырынан бери реформалаш керек.
26.03.2014. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушунча маи кызматкерин кармап айлык толоп, андан калса элдин канын ичиргиче, бул органды жоюп салса деле туура болмок!Керектуу убакта чакырып келтире албайсын! Ар кайсы бурчта андып туруп штрафты чонтогуно сологонду жакшы коргонду баары маи кызматкери болуп иштейт!Коррупция эн жогорку корсоткучко жеткен орган ушул!Исаев болсо озун пиар кылып эле журот.Оз машинеси менен баратып туура эмес токтогон машинелердин номурун чечип дегендей!
27.03.2014. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Штрафты кобойткон менен эч кандай кырсык азайбайт МАИчилер эле бай болушат болгону.
27.03.2014. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элестеткиле кандай эле нарушения болбосун 2000 сом кылсын дейли .Ошондо мен 2000 сом мамлекетке бергенче 500 МАИге берип кетип калам.А эгерде 200берсен алар сразу эле айтышат иним штраф жазып берсем 2000 толоп каласын давай жарымын бер да кете бер деп ачык эле айтышат
27.03.2014. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи машина анан права сатып алган лётчиктер толтура МАИ болбосо да болбойт НАРУШЕНИЕ кылгандарды айосуз жазалаш керек
29.03.2014. 07:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жоо жургунчулор да жолдун эрежесин жакшы билишибиз керек,светафордо машинеге карабай жугуруп отуп кетишет,ошон учун да кырсык коп.
29.03.2014. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озгоруулорду киргизуу керек экен.. Мисалы МАИ кызматкери телефондо суйлошууго жана айдоочу менен кол берип корушууго укуктуу болбошу керек. Анан айдоочулардын унаадан тушуусуно уруксат болбошу керек (МАИчилер токтоткондо).. Айтоор коррупция кылганга мумкунчулук калбашы керек..
29.03.2014. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп жерлерде МАИчилер токтоого мумкун эмес деген белгинин жанында эрежени бузуп турушат.. Т Исаев начар иштеп жатат. Эгер кана, далилдеп берчи десе., мен видеого тартып алгамын
01.04.2014. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маанилүү маалымат экен, СИ өзү анализ жасагандай:-))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо