КАЙЫҢ ШИРЕСИ КАНДЫ ТАЗАЛАЙТ

№595 28-март-03-апрель, 2014-ж

Жазгы дары өсүмдүктөрдүн катарында кайың да бар. Бүгүн кайыңдын ширесинин касиети тууралуу сөз кылабыз.

ШИРЕСИ БҮЧҮРҮ АЧЫЛГЫЧА АЛЫНАТ
Кеч күздө кайың өзүнө азык заттарды топтоп алат. Жазында азык заттар жалбырактар пайда болушу үчүн өйдө көздөй жыла башташат. Ошол мезгилдерде кайыңдын сөңгөгүн тешсе, шире ага баштайт. Ширенин курамында кант, эфир майы, витаминдер, сапонин, бетулол жана 10дон ашык органикалык кычкылдар бар.
Чоң кайыңдардан 1 суткада 5-8 литрге чейин шире чыкса, орточосунан 3 литрге чейин алууга болот. Шире алгандан кийин тешилген жерге ылай же чайыр чаптап койбосо, микробдор кирип, кайың ооруп, куурап калышы мүмкүн. Ошентип, ширени бүчүрлөр ачылгыча алууга болот.

МЕДИЦИНАДА ЖАНА АШКАНАДА
Заара кубалоочу, сергитүүчү, иммунитетти көтөрүүчү суусундук катары бааланат. Күнүгө 1 стакандан шире ичип турган адамдын иммунитети 2 аптадан соң көтөрүлө баштап, организми керектүү заттар менен байыйт. Шире ошондой эле уулуу заттарды, шлактарды, заара кычкылын чыгаруу менен канды тазалайт. Зат алмашууну жакшыртып, ашказан-ичегинин иштөөсүн акырындан калыптандырат. Курамындагы биологиялык активдүү заттар арыктоого жардамчы.

КОСМЕТИКАДА
Беттин өңү жакшырып, адам жаш көрүнүүсү үчүн ширеси менен жууп туруу сунушталат. Ширени узакка сактоонун жолу бул – муздаткычтын атайын чакан формаларына куюп, муз түрүндө тоңдуруп коюу. Анан күндө эртең менен бетти сүртүп туруу. Чачтын түптөрү бекемделиши үчүн ширеси менен жууган жакшы.

КҮНЖҮТ – ӨЛБӨСТҮКТҮН ЭЛИКСИРИ
Күнжүт же сезам май алынуучу өсүмдүк түрүнө кирет. Илимий аталышы – Sesamum L.
Жалпысынан 10 түрү бар. Маалыматтарда мекени Африка деп айтылат. Учурда Индия, Пакистан, Кытай, Орто Азия жана башка жактарда өстүрүлөт
.

МЕДИЦИНАДА
Түрүнө жараша уругунун өңү сары, ак, күрөң, кара болот. Уругунда май, көмүртек, суу, каныккан май кычкылдары, витаминдер, фитин, кальций, магний, натрий, темир жана башкалар бар. Майы микроэлементтерге, каныкпаган май кычкылдарына бай. Уругу менен майындагы курамдар организмди керектүү заттар менен байытып, ууларды чыгарып, кандагы холестериндин өлчөмүн азайтат. Көптөгөн оорулардын, анын ичинде рактын алдын алат. Бул үчүн адам күнүгө 10 грамм уругун жеп же бир чай кашык майын ичип туруусу керек. Майы көбүнчө дем алуу органдарынын ооруларында, аз кандуулукта колдонулары илгертен белгилүү.
Ушундай пайдасына карап күнжүт – өлбөстүктүн эликсири деп да аталат.

АШКАНАДА
Уругу, индия күнжүтү татымал катары дүйнөдө популярдуу. Азыкка өзгөчө даам бергендиктен, уругу нан, булочка, халва, токоч, момпосуй сыяктууларды бышырууда колдонулат. Тагыраак айтканда, үстүнө себишет. Айрым өлкөлөрдө десертке жана тамакка да кошушат. Уругунун даамын күчөтүш үчүн кууруп алса да болот. Майын салаттарга, закускелерге, тамактарга кошууга болот. Бирок майы бат күйүп кеткендиктен, куурулуп даярдалуучу тамактарга колдонулбайт.

КОСМЕТИКАДА
Майынын терини жумшартып, жашартуучу, серпилгич кылуучу жана күндүн зыяндуу нурларынан коргоочу таасири бар. Андыктан кремдерге кошулат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(7)
31.03.2014. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Amerikada kaysy jerde tapsa bolot? Russkiy magazinderdegi berezoviy sok ech okshoshpoyt da, jasalma, antkeni ayabay arzan, kak limonad.
31.03.2014. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Juliana, бизде кайдан кантип табабыз
01.04.2014. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Juliana,aia-s Тиги Вашингтондун Акуйдун жанында Гипермаркеттеринде сатат барып ошол жерден алсанар болот.мен откондо ичип келгем
02.04.2014. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bakyt.shutov, shutish.
02.04.2014. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KGda aiabai kop kaiyn shiresi
03.04.2014. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенеш.Йогурттун кандай пайдалуу жактары бар? алдын ала, рахмат!
04.04.2014. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Juliana.ya ne shutish....;-)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо