«АЙНЕК АДАМДЫН» ЖАНА «БӨТӨН ПЛАНЕТАДАН КЕЛГЕН КЫЗДЫН» БАЯНЫ

№596 04-апрель-10-апрель, 2014-ж

Дүйнөдө көптөгөн оору түрлөрү кездешет. Алардын жарымынан көбү айыгууга боло турган көп кездешкен оорулар. Ал эми азы сакаюудан күмөн санаткан чанда кезигүүчү дарттын түрлөрү. Мындайлар азыркы илим өнүккөн заманда да кездешет.

БУТУ-КОЛУ 25 ЖЕРИНЕН СЫНГАН «АЙНЕК АДАМ»
НУРБЕК, 22 жашта, Баткен шаарынын тургуну:
– Менин оорум тубаса экен. Кичинемден бери жыгылсам же бир нерсеге катуу урунсам эле колу-бутум сына берчү. Ошентип сынып, кайра туура эмес бүтө бергенден улам буттарым буралып, жыландай ийрейип калган. Ошол себептен өз алдымча баса албай, балдак менен басчумун. Бул абалымдан улам келечек жашоомду элестете алчу эмесмин. Анан 18 жашымда үйдөгүлөр Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып барып көрсөтүштү. Ал жерден операцияларды жасашып, атайын ыкмалар менен буттарымды түздөштү. 6 айдан кийин балдаксыз, түз басып кеттим. Ошондогу кубанганымды айтпаңыз. Кайра төрөлгөндөй болдум. Колдорумдун абалы жакшы эле болгондуктан, операция талап кылынбайт экен.
Кийин үйлөнүп, үй-бүлө күттүм. Азыр жашоом алынча, 2 кызым бар. Дарыгерге убак-убагы менен көрүнүп турам.

САБЫР ЖУМАБЕКОВ, дарылаган врачы, академик:
– Нурбектин диагнозу: өсүп жетилбеген остеогенез (сөөктөрдүн толук өсүп жетилбей калган тубаса оорусу). Гендик мутациянын натыйжасында келип чыккан. Мындай оору менен ооругандардын сөөгү 18 жашка чейин морт келип, жыгылса же бир нерсеге катуу урунса эле бир жери сынып кала берет. Андыктан андайларды «айнек адамдар» деп да аташат. Остеогенез чанда кезигүүчү оорулардын катарына кирет.
Нурбекти алып келгенде текшерүүлөрдөн өткөзсөк, колу-бутунун сынып, кайра өсүп калган жерлеринин саны 25ке жетти. Бастырып көрсөк зигзаг буттуу адам басып бараткандай болду. Бул абдан таң калычтуу жана кейиштүү көрүнүш эле. Ойлонуп, Нурбекке жардам берүүнү чечтим. Анан буттарына 3 ай ичинде этап-этабы менен операцияларды жасадык. Операцияларда буттарынын улам бир сөөгүн кесип, атайын темирлерге түздөп, бекитип отурдук. Операциядан соң Нурбек 6 айча балдак менен жүрүп, анан өзү түз басып кетти. Кийин темирлерди алып салдык. Азыр бизге убагы менен көрүнүп турат. Ден соолугу жакшы.

Операцияга чейинки жана кийинки рентгендик сүрөттөр.

Буту түзөлгөндөн кийинки абалы.

БАШЫНА СУУ ТОЛУП КЕТКЕН КЫЗ
4 жаштагы Элеонора Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну. Тубаса өзгөчө формадагы баш менен төрөлгөн. Учурда Бишкектеги Балдарды жана энелерди коргоо улуттук борборунун нейрохирургия бөлүмүндө дарыланууда.

НУРЗИЯ, Элеонораны карап жаткан таежеси:
– Элеонора апасы менен атасы Москвада иштеп, жашап жүргөн кезде ошол жакта туулган. Төрөлгөндө эле башы чоң болуп жарыкка келиптир. Башынын арт жагында көлөмү жаңгактай болгон шишик жана анын ичинде суу бар экени билинген экен. Москвалык врачтар «өзүңөр жакка алып барып дарылаткыла» дегенден кийин ата-энеси Баткенге келип, дарыгерлерге көрсөтүшөт. Алар бир сыйра дарылашып, кийин «операция жасатышыңар керек» дешет. Кызыбыз оңолобу деп молдо-бакшыларга да алып барышкан, алар дем салып, «атын алмаштырсаңар айыгат» дешкен. Бирок бул жардам берген эмес. Элеонора 2 жашта гана басып, сүйлөдү.
Акыры мындан 1,5 ай мурун бул бөлүмгө алып келип, операция жасатышкан. Ооругандан кайра алып келишти. Абалы азыр жакшы.

БАКЫТБЕК КАРАЧЕВ, дарылаган врачы:
– Элеоноранын диагнозу: гидроцефалия. Башкача айтканда, башына тубаса суу толуп төрөлгөн. Суудан улам башы чоңоюп, формасы өзгөрүп кеткен. Кызды операцияга кеч алып келишкен. Болбосо мынчалыкка жетпейт эле. Бул оору тууралуу кыскача айтсам, баштагы суу мээни кысып, баш сөөк алдындагы басымды көтөрөт. Натыйжада адамдын башы көп ооруйт, кускусу келет. Колу-буту алсыз тартып, сүйлөө, басуу, ойлоо жөндөмдүүлүгүнүн өсүшү кечеңдейт. Биз кыздын башына операция жасап, суу чогулуп калбай, агып турсун үчүн шунт (атайын медициналык шайман) койдук. Ал суу организмден заара аркылуу сыртка чыгарылып турат.
Азыр кыздын абалы жакшы. Убакыт өтүп, башы бир аз кичирейиши мүмкүн, бирок формасынын ошол бойдон калуу коркунучу бар. Өмүр бою убак-убагы менен дарыланып турушу керек болот.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(29)
07.04.2014. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алла шыпаасын берсин Алла озу сактасын.
07.04.2014. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колунарга дарт бербесин!
07.04.2014. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ох коруп алып кызыктай болуп кеттим аллах таалам ар бир инсанга озу дарт берген сон дабасы менен берсин каармандардын эртерээк айыгып кетишин тилеп кетем
07.04.2014. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эээ адамдар кызык бир нерсе болсо эле тушунбогон эле бакшыларга молдого деп эле бара калышат алардын колунан эмне келмек эле,биринчи эле врачтарга кайырылса болмок убакыт кетирбей эмнеси болсода айыгып кетсин Аала Таалам озу шыпаа берсин
07.04.2014. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
супер инфо тузолгондон деп жазылбайт кыргызча по моему туздолгондон кийин
07.04.2014. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jalbirak90,
Саламатсызбы!
Эки сөз бирдей эле колдонула берилет.
09.04.2014. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jalbirak90, Тузолгон деп адамдарга карата айтылып жазылат, ал эми туздолгон деп буюмдарга карата айтылган соз. Туздолгон деп сынып калган же кыйшык болгон буюмду айтат.
07.04.2014. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр Жумабеков агай менен кантип байланышса болот экен?
07.04.2014. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eldish12, 4-Городскойдо олтурат. Менин апама операция жасаган. Аябай жакшы киши, көп адамдарды айыктырган. Колу дарт көрбөсүн!
07.04.2014. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eldish12, туура айтасын.
07.04.2014. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эххх... Аллахым ар бирибизге алты саны аман бала берсин. Аллах шыпаа берсин. Айыгып кетуусу учун дуа кылалы. ИншаАЛЛАХ баары жакшы болот.
07.04.2014. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр Жумабеков менен жолугуп консультация ала аламбы?Жонокой,карапайым адамдарды кабыл алып кенешин береби?Жардамы керек SOS .
07.04.2014. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшыго биздеда ушундай сейрек оорулууларды даарылай алышса.
Иштеринет ийгилик!
07.04.2014. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурбек азыр жакшы болуп, Баткенде машина айдап журот...
08.04.2014. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым шыпасын берсин.
08.04.2014. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kolya121212, Mazzik,
Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Силерге эскертүү!
08.04.2014. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайым шыпасын берси эконтен
08.04.2014. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым шыпаасын берсин, дарт беруучуда шыпаа беруучуда бир гана Аллахтан
08.04.2014. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колунуздар дарт корбосун даарыгерлер ар дайым ушундай жардам берип журо бериниздер,
Кудайым шыпаасын берсин!
08.04.2014. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болуп кетишсин. эл катарында жашашсын.
09.04.2014. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ АЛЛАХЫМ кичинекей бобоктордун ооруу сыркоодон сактасын,бобоктордун ооруганын корсом журогум зырылдайт.
09.04.2014. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЛЛАХЫМ шыпаасын берсин
09.04.2014. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушинтип адамдарга экинчи омур берген даарыгерлерге рахмат
10.04.2014. 08:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым шыпаа берсин
11.04.2014. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
SOS SOS SOS сураныч ушул врачтардын номерлери болсо бериниздерчи.Отунуп суранам.
12.04.2014. 07:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр Жумабеков менен кандай байланышса болот ?
13.04.2014. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым шыпаасын берсин!! Врачтарга чоон рахмат!
13.04.2014. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tortynchu waardyk beytapkanadan taba alasynar. Bul kiwi baaryna birdey jardamyn ayabayt, oz ishin suyup, tak jasagan insan!Al bashka olkolorgo tajriyba almashuuga kop ketet.Amerikada stydentterge lektsia okuyt dep ukkam.Demek duynoluk medisinaga salymy chon. Kezek kutkondor toltura, jazylywynar kk kezekke
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо