«ТАЛИЕВАДАН ӨТКӨН МАДАНИЯТСЫЗ АДАМДЫ КӨРГӨН ЭМЕСМИН...»

№596 04-апрель-10-апрель, 2014-ж

Нарында өткөн жолугушууда Талиеваны жардамчысы кол чатыр менен күн нурунан калкалап турат. Ал учурда асманды ала булут каптап турган. Муну көпчүлүк Талиевадагы «обу жоктук» синдрому катары кабыл алган эле.

Жаңы өкмөттүк курамды талкуулоодо эң көп сын укканы Маданият, маалымат жана туризм министрлигине талапкер Камила Талиева болду. «Маданият ишмерлери, чыгармачыл адамдар өтө сезимтал болушат. Бул тармакта эч качан иштебеген адамды кантип министр кылып дайындаганы жатабыз? Элдин кызыкчылыгын эске албай, жеке амбициялардын арты менен бирөөнү кызматка дайындоо туура эмес. Камиланын өзүнө да ыңгайсыз болот»,- деди депутат Ирина Карамушкина.
Жогорку Кеңештин дагы бир эл өкүлү Айнуру Алтыбаеванын айтымында, Камила Талиева кол алдындагы кызматкерлерине өтө орой мамиле жасайт, оозго алынгыс сөздөр менен тилдейт жана вице-премьер болуп турган учурда, 2012-жылдын сентябрынан 2013-жылдын октябрына чейин эле 12 ирет жардамчы алмаштырып, 15 катчысын иштен кетирип, айдоочуларын бир канча жолу алмаштырган. «Мен Талиевадан өткөн маданиятсыз адамды көргөн эмесмин. Ошондуктан К.Талиеваны бул министрликке жетекчи катары сунуштоодо анын ишмердүүлүгүнүн этикалык жагын кароону да суранам»,- деди А.Алтыбаева.
Буга чейин Камила Талиева вице-премьерликти аркалап турган учурда жүрүм-туруму, кийинүү маданиятына да байланыштуу коомчулуктун сынына кабылган болчу. Бир жолкусунда Нарын шаарына барган сапарында К.Талиеванын күн тийбесе да, жардамчысына кол чатыр тостуруп алганы «обу жоктук» синдрому катары кабыл алынган. Ал эми 2013-жылы Ысык-Көлдө өткөн эл аралык «Мейкин Азия» фестивалына мамлекеттик маанидеги иш-чарадагы мамлекеттик кызматкердин кийинүү эрежесине жооп бербеген денесине чыпталышкан жана сары түстүү шымчан барганы көпчүлүктүн оозун ачырган.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
07.04.2014. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул гезитке чыккан материалды бүтүндөй кыргыз эли окуду, эми бир аз уят-ар-намыс болсо министрликке келбей койсо деле болчудай,чынында мен жогорудагы эки депутат айымга кошулам, ал эми өнөр ээси болгон биздин уулдардын сөзү да жөн сөз эмес.
07.04.2014. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Обу жок катын орсок уй саайт болуптур го ,жамгыр жаап жатса бир жон
16.04.2014. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aitmerek, башка жакка зонтик керек болсо да нарынга кереги жок ха-ха-ха озун модница сезет бул айымыбыз жоолк оронуп журдулего...
07.04.2014. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ашага жагып калса керек да... ))
23.04.2014. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ха-ха-ха! Мына сага, ушундай деле боло берет биздин олкодо... Бийлик керек, башка эч нерсе кереги жок. Уяттын да, ардын да, элдин созун да керек болсо абройдун тебеленип жатканына да конул бурбайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо