ОППОЗИЦИЯНЫН МИТИНГИ ЖАРЫМ МИЛЛИОН СОМГО ӨТТҮ

№597 11-апрель-17-апрель, 2014-ж

Бул аптанын назар борбору Равшан Жээнбеков жана Камчыбек Ташиевдин төрагалыгында өтүүчү оппозициялык митингдин тегерегинде болду. Башында шаардык администрациянын демилгеси менен Ак үйдүн жанында митинг-пикет өткөрүүгө тыюу салынса, кийинчерээк оппозициянын митинги өтүүчү Горький сквериндеги таштарды студенттерге чогулттуруп, жыйнап кетишти. 10-апрель күнү митингдин катышуучулары шаардын ар бурчунан Горький скверине жетпей эле милиция кызматкерлери тарабынан кармалып жатышты.

МИТИНГ БАШАТЫ АЛАЙДА
Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков менен экс-депутат Камчыбек Ташиев баштаган улуттук оппозициялык кыймыл 10-апрелде митинг өткөрө тургандыгын жарыялаган болчу. Өткөн саныбызда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту борбордук аянтта 31-марттан тартып 1-майга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салганын жазган элек. Бирок Башкы прокуратура бул чечимди жокко чыгаруу үчүн шаардык сотко кайрылып, жыйынтыгында бул инстанция прокуратуранын арызын канааттандырды.
Ал ортодо оппозиция митинг алдындагы даярдык иштери боюнча маалымат берип, Бишкек шаарына Жалал-Абад облусунан тарапташтардын келери айтылган болчу. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги «Ош-Бишкек жолу кар көчкү түшүү коркунучунда турат. Андыктан көчкүлөрдү атып түшүрүү иштери жасалат» деп түндүк менен түштүктү бириктирген жолду убактылуу жаап салды. Оппозиция муну бийликтин 10-апрелде өтүүчү митингге тымызын тоскоолдук жаратуу аракети, барчуларды бардырбай коюу амалы деп баалады.
9-апрель күнү Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековдун үй камагына чыгарылышын талап кылган тарапташтары Алай райондук администрациясын басып алууга аракет жасашты. Ошондой эле топтолгон митингчилер автоунаага өрт коюшту. Кийинчерээк машинанын ээси А.Келдибековдун жакын туугандары экендиги маалымдалды.
Р.Жээнбековдун Кыргызстандагы АКШнын элчилигине өзүнө жана үй-бүлөсүнө виза берүүнү эртелетүү менен кайрылгандыгы тууралуу маалымат тарады.

К.Ташиев:«МЫЙЗАМДУУЛУКТУ САКТАЙЛЫ»
10-апрель күнү улуттук оппозициялык кыймылдын митинги М.Горький атындагы скверде белгиленген убакыттан бир саатка кечигип башталды.
Буга кыймылдын мүчөлөрү, анын башында ички иштер министринин мурунку орун басары, экс-депутат Кубанычбек Кадыров, экс-депутаттар Мукар Чолпонбаев, Максат Кунакунов менен Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиевдин милиция кызматкерлери тарабынан кармалгандыгы да себеп болду көрүнөт. Ички иштер министрлиги кармалгандар алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин бошотуларын билдирди. Кийинчерээк Бишкек ШИИБинин башчысы Мелис Турганбаев 16 кишиден сырткары кармалган митингчилердин баары бошотулганын айтты.
Бул аралыкта интернет булактарына укук коргоо органдары тарабынан кармалган митингдин катышуучулары аларга 1,5 миң сом төлөнгөнүн айтып берген видео чыгып кетти.
Митингге келген К.Ташиев чогулгандарды коомдук тартипти бузбай, мыйзамдуулукту сактоого чакырды. «Саясий куугунтук күчөп жатат. Азыр эки жолубуз бар. Унчукпай бийликтин кылганына көз жумуп жашоо же өлкөдө адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту орнотуу үчүн чогуу күрөшүү»,- деди К.Ташиев. Кыймылдын тең төрагасы Равшан Жээнбеков митингге көп элдин келүүсүн күткөнүн айтты. «Биздин башкы талабыбыз – «Манас» аэропорту сатылбасын»,- деди Р.Жээнбеков. Ал эми кыймылдын лидерлеринин бири Азимбек Бекназаров митингдин башкы талабы – «Кумтөр» боюнча макулдашууну денонсациялоо экенин айтты.
Бийликке нааразычылык билдирүүгө жогорудагылардан тышкары Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахманов, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун, коомдук ишмер Нурлан Мотуев жана башкалар келишти. Кыймылга кошулду деген экс-мэр Мелис Мырзакматов митингден көрүнгөн жок.
Митинг бир гана Бишкек шаарында эмес, Жалал-Абад, Ош жана Каракол шаарларында да өттү. Оштун борбордук аянтына чогулгандар Мелис Мырзакматовду мэрлик кызматка кайтарууну жана Ахматбек Келдибековду үй камагына чыгарууну талап кылышты.
Равшан Жээнбеков саат 15:00дөн өтүп митингдин белгиленген убакыттан эки саат эрте аяктаганын жарыялады. Жыйынтыгында бийликке бир канча талаптар коюлуп, анын башында президентти отставкага кетирүү менен парламентти таратуу айтылды. Оппозициянын бийлик менен боло турган сүйлөшүүсү боюнча: «Ак үйгө барсак эч ким жок экен. Депутаттар да тарап кетишиптир»,- деди Р.Жээнбеков. Депутаттын айтымында, митингди уюштурууга жана катышуучулардын тамак-ашына 500 миң сом жумшалды.

Эльвира Караева
politika@super.kg


10-апрелдеги митинг толугу менен

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(125)
SUPER.KG видео
11.04.2014. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
пириздентти алмаштыруу моода го кыргызстанда?! тигил чогулуп алган адамдардын иши жокбу тегы?олтуруп алып өкүмат бизди бага албайт дей беришет екен!бир пириздент чыгып емы бир ишти баштганда кетсин деп ушинтип кыргызстанды алга бастырбайтко???дагы бир нерсе жаштарго мейли,тигил сакалчан карыйаларды көрүп ойлоносуңда!!!кудай өзү сактасын кыргызстанды!ееее рас тигил борончу деген кишинин ырларын такыр уккум келбейт!
SUPER.KG видео
11.04.2014. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
өзүнүн емнени билбей турганын билбегендер өтө көптөй сезиле берет мага!!!иштегиле,иштесең тиштейсиң деген макал барго елибизде!сабырдуу болуш керек.
SUPER.KG видео
11.04.2014. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ха хааааааа
SUPER.KG видео
11.04.2014. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ушул мотуевдин козу кор болсун согушсан озун согуша бер ххх ххх
Модератор admin_media түзөттү 11.04.2014 13:14
SUPER.KG видео
11.04.2014. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бирин олуп - бирин кал, эч кимден пайда жок, андан коро жеринди сээп, малынды багып бизнесинди жасай бер уй булоон менен аман эсен жата бер.
SUPER.KG видео
11.04.2014. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыгызстанды ондойбуз деп Акаевдин оордуна Бакиев келди, Бакиевдин оордуна Атамбаев ушундай эле создор менен ант берип такка олтурду.Атамбаевдин оордуна ушундай эле адам келет илгери-илгери деп жомок айтып.Булардын баары бир кезде ажырагыс достор эле болуп жургон болсо керек бир дасторкондон даам татып.Бийлик эле бул досторду душман кылып салды.А биздин эл жакшы создоруно алданып митингке чыгып жатышат .Эл бизди ойлосо,митингке чыгарып жаткандар оздорун ойлоп жатканын элим тушунсо экен.
SUPER.KG видео
11.04.2014. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай аай качан тынч жашайбыз,митингке чыккандарды камап штраф салып закон катуу болсо мындайлар аз болот беле,же элибиз акчага кызыгып чыга беришеби,америка аран эле турат,ызы чуу таппай кыргызстанды да сирия украинадай кылып жиберишпесе болду.
SUPER.KG видео
11.04.2014. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алла кудай, украинадай болбосок экен! и так Лукашенко бизди украинага окшотуп жатат.
SUPER.KG видео
11.04.2014. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ичип алып улгу болгон башчылар,
башкарышат башчы эмес саткындар,
калбадыго кыргыз учун куйунгон,
басып кетти бузукулар, сойкулар!
SUPER.KG видео
11.04.2014. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
секелектер бойго жетпей бузулуп,
саясатта абдан кучоп уурулук,
ыйманыбыз калбай калды тугонуп,
жашап калдык бай-кедейге болунуп!
SUPER.KG видео
11.04.2014. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз элим!!! чет олкого уят болуп кайра кайра митинг откорбой тынч жашайлычы!!! Эл тынчтыктты каалайт !!!
SUPER.KG видео
11.04.2014. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш эл, биздин бийликке ишенбейт ар ким оз кучуно ишенип оз оокатын озу таап келет. Элге тынчтык эле керек эле.
SUPER.KG видео
11.04.2014. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eee en soz jok konul burbaile koiuw kerek
SUPER.KG видео
11.04.2014. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде акылдуулар эле коп митинге чыбайле койюшбайбы акчага алданышты тиги бу дешип тим эле оздорун тушунуктуу,тынчтыкты суйгон адам кылып коргозушот.Бул митингти ушютургандарга кресло керек болгон болсо унчукбай Атанбайевдин айтканын кылып олтурушмак ордуларында, олтурушатго калгандар сиздики туура деп коюп,биз кыргыздар Улуу элбиз эч качан башка мамлеккеттерге коз каранды болгон эмесбиз,болбойбуз да.Россия Украинаны ойной берсин каалашынча,Кыргыздан колун тарсын,ансыз эч ким ач калбай!
SUPER.KG видео
11.04.2014. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер менин бир билдируум кайда кетти?
SUPER.KG видео
11.04.2014. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э тугандар талап койсонор да жаман жолго барбагыла канча жигитерди жоготук откон митинктерде
SUPER.KG видео
11.04.2014. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул сапар Ташиев Чынгызхан болбоптур да :-))Булар бийлике келсе эле бир нерсе онолуп кетчудой суйлошот го,тынч эле жашабайт экенби элди бурмалабай.
SUPER.KG видео
12.04.2014. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыгыз элим качан онолобуз
SUPER.KG видео
12.04.2014. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Калчылдайтго Акматбектин суротун кармап чыккан
14.04.2014. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
бажы союзуна кирбеш керек Казакстан не болуп жатканын коруп атабызго бажы союзуна кирип алып, оздору чечим чыгара албайт казактар орустардын айтканын аткрышат. МИСАЛЫ Казакстанда ЛАДА менен Уз деевонун конкренттуулугу кучтуу бирок элдер кобунчо нексия машинаны алышат ладаны эмес, Россия казактарга уз девонун ишин токтот деди эле 2014 баштап уз девонун машиналары казакстанга кирбейт. битзда ушул акыбалга тушуп калышыбыз мумкун кирбеш керек бажы союзуна.
14.04.2014. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
митинг откордунор, что потом???? калп эле элди дуулдатып бийликтин бир майлуу жерин жулуп алып алалы деген кадам
14.04.2014. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
ушулардын барынан жогу жакшы. Уят деген жок!!!! эмне болсо эле митинг!!! колдорунан келбегени ушу экен да эээээхххх
SUPER.KG видео
15.04.2014. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атамбаевти акырын кетип калса жакшы болмок Атамбаевти эл шайлаган эместа
15.04.2014. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
eldin juzun kiyip alup ke4ke biylik talawkan atkaminerler eldin zeenin keyite tyrgan boldy.ka4an biribizdin etibizdi biribiz jegenibiz toktobuz bilbeim ai!!!!!
15.04.2014. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-19
мына кыйын болуп коркутуп жатышты эле колдорунан эч нерсе келбей койдубу. эми тушунуштубу буларды эч ким колдобоорун... ушунтип уят болбой эле коюшса болмок. Позор!! коп кишилер уйлоруно эле барып эс аылшса болмок, карып деле калышты..
16.04.2014. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-19
Эмне кереги бар митингдин, тынч жашап жаткан элдин тынчын алып. Мен чынын айтсам каршымын митингдерге.
16.04.2014. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ylykbek1990, kantip tyn4 jawaisyn!!!!!!!! kyrgyzdyn bar nersesin satyp jatywsa erten bizdin kele4ek ne bolot?kantip orustarga baw iyip jawaibyz? Sendey adamdar KRnyn kele4egi u4un emes uwul biyliktin erteni u4un kuiup jatasynar!!!!
17.04.2014. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
хе-хе ким барып санап келди ошончо акча кеткенин же суперчилер силерге санатыштыбы кеткен чыгымын))))
17.04.2014. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
madina.00,
Саламатсызбы!
Макаланы кунт коюп окусаңыз. Аягында жазылып турат: "Оппозициянын бийлик менен боло турган сүйлөшүүсү боюнча: «Ак үйгө барсак эч ким жок экен. Депутаттар да тарап кетишиптир»,- деди Р.Жээнбеков. Депутаттын айтымында, митингди уюштурууга жана катышуучулардын тамак-ашына 500 миң сом жумшалды." деп.
17.04.2014. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
madina.00,
Демек аны эч ким санаган жок. Депутат Равшан Жээнбековдун айтымында жарым миллион сом кеткен.
SUPER.KG видео
18.04.2014. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыркы бийлик кетиш керек1
20.04.2014. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Митинг болбосо Кыргызстандын бар байлыгын сатып жок кылышатго булар, качанга чейин эл ырыскысын жешет экен?Кудай бизге бир ынсаптуу элди ойлогон, эл учун иштеген президент берсекен!!
20.04.2014. 07:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан неге жомарт оторбаев билбей эле 100 млн сом кетти дейт.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо