АТКАМИНЕРЛЕРДИН ТУУГАНДАРЫ МАМЛЕКЕТТИК ТЕНДЕРЛЕРГЕ КАТЫША АЛБАЙТ

№597 11-апрель-17-апрель, 2014-ж

Мамлекеттик жана муниципалдык сатып алууларга, тендерлерге саясий кызмат адамдарына тиешеси бар компаниялардын катышуусуна тыюу салынды. Тактап айтканда, негиздөөчүсү же катышуучусу мамлекеттик кызматта иштеген же алардын жакын туугандарына таандык болгон компаниялар мамлекеттик тендерлерге катыша алышпайт. Бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев менен Ширин Айтматова демилгелеп чыгышты. Тендерлердеги коррупцияны азайтууну көздөгөн мындай демилгени депутаттардын көпчүлүгү колдоого алышып, мыйзам долбоору 9-апрель күнү үчүнчү окууда жактырылды.
Буга улай Дастан Бекешев: «Тайырбек Сарпашевдин «Градиент» компаниясына карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу документтер жоголуп кетиптир» деген маалыматты угуп калдым»,- деп айтты. Эске салсак, Ички иштер министрлиги «Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жогорулатылган баа менен «Градиент» ЖЧКсы аткарган иштердин акттарын мыйзамсыз кабыл алган» деп билдирген. Ага байланыштуу кылмыш иши да козголгон. Ошол документтерди Башкы прокуратурага өткөрүп берүүдө кагаздар түшүнүксүз жагдайда жоголгону кеп болгон. «Градиент» компаниясынын ишмердүүлүгүн карап чыккан депутаттык комиссия анын негиздөөчүсү Т.Сарпашев мамлекеттик кызматка келгенден бери жүздөн ашуун тендерлерди утуп алгандыгын айтып чыккан.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо