УКРАИНАНЫН ЭПКИНИ КАЗАКСТАНДЫ КАТУУ ЧОЧУТТУ

№597 11-апрель-17-апрель, 2014-ж

Украинанын жаңы бийлиги Крымды Орусияга алдыртып жибергенден бери өлкөнүн чыгыш бөлүгүндө бөлүнүп чыгууга үгүттөп чакыргандар көбөйүүдө. Учурда жарым аралдын борбору Симферополь шаарынын аталышын Путин деп өзгөртүү сунушталууда. Окуянын мындай өнүгүүсү Орусиянын желеги Украинанын дагы башка аймактарында желбиреп калуусуна жеткиреби деген суроолорду жаадырууда.

КЕЗЕК УКРАИНАНЫН ҮЧ АЙМАГЫНА ЖЕТТИ
Соңку күндөр аралыгында Украинанын чыгышындагы Харьков, Донецк жана Луганскта орусиячыл активисттер мамлекеттик администрацияларды басып алууга чейин барышты. Алар Крымдагыдай эле, тагыраагы, аймактын статусу тууралуу референдум өткөрүүнү талап кылышууда. Айрым аймактарда көз карандысыз элдик республика түзүлгөнү жарыяланып жатса, кээ бирлеринде укук коргоо органдары менен тирешүү уланып жатат. АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри «аталган аймактардагы баш аламандыктарга орусиялык атайын кызматтын агенттеринин тиешеси бар» деп билдирсе, расмий Москва бул маалыматты төгүнгө чыгарды. Ал эми Киевдин жаңы бийлиги өлкө ичиндеги кырдаалды жөнгө салууга чамасы келбей жатат. Болгону Украинанын парламенти Кылмыш кодексине өлкөнүн улуттук коопсуздугун кыйратуучу сепаратизм үчүн жоопкерчиликти күчөткөн өзгөртүүлөрдү кабыл алды.

НАЗАРБАЕВ ШАШЫЛЫШ ЧАРА КӨРҮП БАШТАДЫ
Коңшу Казакстанда премьер-министрликтен Серик Ахметов кетип, анын ордуна кайрадан Карим Масимов келди. Буга чейин да беш жыл өкмөттү башкарган К.Масимовдун улуту уйгур, ал эми бул улуттун өкүлдөрү Казакстандын Кытай менен чектешкен аймагында көп жашашат. Казак эл башчысы Нурсултан Назарбаевдин мындай кадамга баруусуна Украинадагы окуялардан улам өлкөнүн аймактарынын бүтүндүгү үчүн чочулоо күчөгөнү себеп болду деп айтылууда. Орусиянын Саратов, Астрахань жана Волгоград облустары менен чектешкен Казакстандын түндүгүндө орустар басымдуу жашашат.
Коңшу өлкөдө да Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен сепаратисттик иштер үчүн жазаны катаалдатуу каралууда. Казакстандын аймактык бүтүндүгүн өзгөртүүгө мыйзамсыз чакырыктар үчүн азыркы Кылмыш кодексинде жазылган беш жылдын ордуна жети жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы кабыл алынганы жатат.

БАКИЕВ МЕНЕН ЯНУКОВИЧТИН ТАГДЫР ОКШОШТУГУ
Украина менен Кыргызстандын ортосундагы параллелдер тээ түстүү революциялардан тартып башталган. 2004-жылы Киевде «Кызгылт-сары» революциясы, 2005-жылы Бишкекте «Жоогазындар» революциясы болуп өткөн. Экинчи толкунга келсек, Украинада да, Кыргызстанда да революция алдындагы кырдаал дээрлик окшош. Тагыраагы, АКШ менен Орусиянын ортосундагы тиреш даана байкалат. 2009-жылы Курманбек Бакиев «Манас» аэропортунан америкалык аскердик базаны чыгарам» деп Кремлге сөз берген. Анын жообуна Орусия 2 миллиард долларга чукул кредит бөлүп берерин айткан болчу. Бирок К.Бакиев АКШ менен болгон сүйлөшүүлөр аркылуу базаны чыгарбай, статусу гана өзгөрдү. Ушундан баштап Орусияда К.Бакиевге каршы маалыматтык кампания старт алган.
Украинада да өлкөнүн Европалык союзга же Бажы союзуна кирүүсү тууралуу макулдашуу чырынан улам баары ырбаган. Жыйынтыгында Виктор Янукович Орусия сунуш кылган
15 миллиард доллар кредит менен газ баасына болгон жеңилдикти кабыл алмакчы болду. Бул чечим анын бийликтен кол жууп калышына алып келди. Ошентип, эки президент тең өз жерине батпай, эли тарабынан куулуп, Курманбек Бакиев Беларуска, Виктор Янукович Орусияга качып кетти. Бийликке каршы күрөштө эки өлкөнүн борбордук аянттары дээрлик бирдей санда курман болгон митингчилердин канына боёлду. Окуянын өнүгүүсү Кыргызстанда этника аралык жаңжалдарга, эң башкысы каргашалуу Июнь окуясына алып келсе, Украина Крымдан куру жалак калганы аз келгенсип, өлкөнүн чыгыш бөлүгүндөгү аймактарда чыккан баш аламандыктарды көзөмөлгө ала албай отурат.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(16)
14.04.2014. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Американын оюну деп жазсанар!
16.04.2014. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uluk1982, америка россияга жамандык жасоо жолунда эч нерседен тайманбайт. Бизге окшогон майда снг олколору жон гана пешкавыз да.
14.04.2014. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундайлар тажатышты. Биз тынч жашагыбыз келет
14.04.2014. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казакстандын кайсы облустарында орустар копчулукту тузот экен?
16.04.2014. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
samat-91, павлодар, петропавловск областтары новосибирскке жакын. Ошол жакта элдер казак тилин да билишпейт
14.04.2014. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Америка омуру согушуп коргон эмес,мурдун арбашкага тыга берет.Мунун баары жабык эшик артында.
14.04.2014. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казакстан коркуп атат чындап эле
14.04.2014. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Буунун баарысын Россия озу эле кылып жатса керек
16.04.2014. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ali.95, эмнеге таянып антип жатасын. Кечеле торолупсун, бираз чоноюп окуп чокуп дегендей анан политика темасына комент жаз
14.04.2014. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чондор болунсода кыргыздар болунбосун ато узбактарга шерменде болот.
15.04.2014. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошондо 1:1 !!!!
15.04.2014. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Украинада фашистер бийликке келишти.
16.04.2014. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Казахстанда эчнерсе болбойт. Анткени бийлик катту колдо. Нурсултан атасы казактардын ар см жерин сатпайт да алдырбайт да. Биздин жиндилерге окшоп узонгу кууш менен каркыраны саткыдай келесоо эмес. Патриот, акылман, каардуу адам Назарбаев.
17.04.2014. 05:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Украиндер булар чыныгы фашистерда саткындарда
19.04.2014. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казактын акыркы маалыматтарында үт эле чочулоолор айтылып жатат, Казакстандын түндүк бөлүгүн орустарга алдырып койобузбу деген коркунуч, Назарбаев Шижинпиң менен макулдашып түндүк Шинжаңдагы казактарды көчүрүп алып кетип Казакстандын түндүк бөлүгүнө жайгаштыруу демилгеси каралып жатат. катуу даярдыктарды көрүп жатат, айрым казак саткындар 80% казак Казакстан Орусияга кошу
20.04.2014. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Казактардын да жерин тартып алса экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо