№597 11-апрель-17-апрель, 2014-ж
Кыргыз маданияты чоң жоготууга учурады. 7-апрель күнү бүтүндөй өмүрүн театрга арнаган кайталангыс талант, КРнын Эл артисти Бакирдин Алиев 81 жаш курагында көз жумду. Акыркы жылдары актёрдун ден соолугу начарлап, эки көзү көрбөй калган. Майда ролду да майын чыгара ойноп, элдин эсинде калган инсан «Уркуя», «Мен – Тянь-Шань», «Караш-караш окуясы», «Эски тегирмен» тасмаларына, «Чиркин өмүр» телесериалына тартылып, ошондой эле театр сахнасында жүздөн ашуун роль жараткан. Көзү өтсө да анын аты тарыхта, элеси эл жүрөгүндө калган талант Бакирдин Алиевдин сөөгү 9-апрелде «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Жаткан жериниз жайлуу болсун, Бакирдин агай....
Аллахым бейишине насип етсин оомийн