Украина:АТАЙЫН ОПЕРАЦИЯ ЖАРАНДЫК СОГУШКА АЛЫП КЕЛЕБИ?

№598 18-апрель-24-апрель, 2014-ж

Украинадагы кырдаал жеңилдебестен, тескерисинче, курчуп баратат. Өлкөнүн жаңы бийлиги чыгыштагы аймактарды тартипке келтире албай, Украина президентинин милдетин аткаруучу Александр Турчинов 14-апрель күнү Донецкте «антитеррордук операция» башталганын жар салды. Мындан улам Орусиянын президенти Владимир Путин «Украина согуш алдында турат» деп билдирди. Эске салсак, Донецк аймагынын шаарларында орусиячыл активисттер административдик имараттарды, милиция бөлүмдөрүн басып алышкан болчу.
17-апрелде Украинанын ички иштер министринин милдетин аткаруучу Арсен Аваков Донецк облусуна караштуу Мариуполь шаарында аскердик бөлүккө чабуул коюу аракетинде үч адам каза болгонун айтты. Анын айтымында, 500дөй адам аскерлерден курал талап кылышкан. Аскерлер демонстранттардын мындай талабына бөлүктүн режимдик объект экенин, анын аймагына кирүүгө чоочун адамдарга тыюу салынарын айтышкан. Жыйынтыгы тирешүү жана атышуу менен аяктаган.
Украинанын чыгышындагы дагы бир облус Днепропетровскто «жалданган аскерлерди» (ред. Украинанын бийлиги аларды орусиялык аскерлер дешсе, расмий Москва бул маалыматты четке кагып келет) кармоого жана басып алынган имараттарды бошотууга сыйлык акча жарыялашты. Мындай демилгенин башында губернатордун орун басары Б.Филатов турат. «Жергиликтүү бийликке ар бир өткөрүлүп берилген «жалданган аскерлер» үчүн 10 миң доллар, ар бир имарат үчүн 200 миң доллар төлөп берүүгө сөз берем»,- деди ал. Баса белгилей кетүү керек, аталган облустун башчылыгына жаңы бийликтин толкуну менен украиналык миллиардер Борис Коломойский келген.

Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо