ЫӉГАЙЛУУ ОЧОККАНА САЛАБЫЗ

№599 25-апрель-01-май, 2014-ж

Үйгө сыйлуу коноктор келишсе, кыргыздар сырттагы очокко эт асып же аш басабыз. Мындай учурда аба ырайы бузулуп, жамгыр же кар жаап жатса, очоккана көздөн учат эмеспи. Мына ушундан улам коногу үзүлбөгөн кыргызга очоккана сөзсүз керек десек жаңылбайбыз. Төмөнкү макалада ыӊгайлуу очоккана тууралуу сөз кылмакчыбыз.

АЛГАЧ ОЧОККАНАНЫ КУРУУДАН БАШТАЙЛЫ
Очоккананын аянты узуну 3 метр, туурасы 2,5 метр болсо жетиштүү. Ал эми буга канча каражат кетет, эсептейли.
Пайдубал: Узуну – 3,5, туурасы – 3 метр жана бийиктиги – 0,7 метр (жерден үстүнкү бөлүгү – 0,5 метр жана жер алдындагы бөлүгү – 0,2 метр). Буга 3 метр3 бетон керектелет (560 килограмм цемент, 2 тонна кум жана 3 тонна шагыл).
Дубал: Дубалдын жалпы көлөмү – 30,2 чарчы метр. Ошондо 2600 даана кыш, кыш коюуга 0,692 метр3 аралашма (400 килограмм цемент жана 1,6 тонна кум).
Чатыр: 14 даана устун, 12 рейка жана 20 даана шифер.
Эшик, терезе: 1 даанадан.
Пол: Жалпы аянты – 7,5 чарчы метр. Ал эми очок жайгаша турган жердин аянтын кемитсек, анда 4,5 чарчы метр аянт калат. Бул аянтты цементтен аралашма жасап, 0,05 метр калыңдыктагы пол төшөйбүз. Ага 0,22 метр3 аралашма керектелет (112 килограмм цемент жана 337 килограмм кум).

ЭМИ ОЧОКТУ КУРУУГА ӨТСӨК
Очоккана даяр болгон соң очокту курууга киришели. Мында чоң, орто жана кичине казанга ылайыктуу үч көздүү очокту алып эсептөө жүргүзөлү:
Очок: Узуну – 2,5 метр, туурасы – 1,3 метр, бийиктиги – 0,8 метр.
Буга жалпысынан 600 даана кыш, мештин 3 даана чоң, 3 даана кичине эшиктери жана бир даана мештин үстүнкү плитасы керек. Мындан сырткары мордун чатырдын үстүнкү бөлүгүнө 1 метрден кем эмес 1 даана асбест түтүк зарыл.

КУРУУ ИШТЕРИ

МОР ЧЫГАРУУ
Үч очоктун морун бириктирип бир жерден чыгарууда көңүл буруучу жагдайлар:


1. Очоктордун ар биринен чыккан өткөөлдөр ортодогу морго 45 градус жантайыңкы абалда келип туташышы керек.
2. Морго келип туташкан туштагы өткөөлдөрдүн бири экинчисинен өйдө болуусу шарт.
3. Мордун ичинин узуну 50 сантиметр, туурасы 30 сантиметр болушу абзел. Ал эми бийиктиги шыптын бийиктигине жараша болот. Ошондой эле морду көөлөгөндө түшкөн көөнү чыгаруу үчүн ылдый тарабына чакан эшик жасалат.

Кошумча:

  • Очоктун бурчтары бекем болсун десеңиз, 5 х 5 сантиметрлик темир бурчтук кийгизип коюңуз.
  • Очоктун түбү оюлбаш үчүн жана күлдү чыгарууда жеңил болсун десеңиз, очоктун түбүнө калай төшөгөн оң.
  • Бышкан кыш жок болсо, очокту чийки кыштан курууга болот.

Очоккана жана очокту куруу боюнча өзүнүн кеп-кеңеши менен бөлүшкөн 38 жылдык курулуш тармагында тажрыйбасы бар Артыкбек Бабаназаровго ыраазычылык билдиребиз.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(15)
28.04.2014. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
казандын тубунон бир жеринен эмес тегеретип ар жеринен тутун чыга турган проход кылыш керек ошондо отун аз кетип казан тез кайнай турган болот
28.04.2014. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kara_kyrgyz, эн туура айтасын мен дагы ошону айтайын дедим эле.
Азыркы очокко отун коп кетип калат
03.05.2014. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kara_kyrgyz, Анда очоккананын ичи ыш болуп калбайбы айрыкча паталогу
28.04.2014. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Откоолдордун кендиги канча болуш керек?
28.04.2014. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы кенеш экен.Рахмат!!!
28.04.2014. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакш екен курамго куда кааласа кышка акча тапсам.:-)
28.04.2014. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо сонун макала :)аябай керек, озгочо кыргызга :)
28.04.2014. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азыр газ турундо деп да салаышат. Казан текши жана бат кайнап отун аз кетет, тутобойт.
28.04.2014. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы екен
28.04.2014. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун болот. Анан дагы кичинераак печка 20литрлик казанга ылайык,жанында флягада суу кайнап турат. Печкага от жакканда
29.04.2014. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенеш экен жигитке 70 онор аздык кылат, уйронуп алыш керек.
01.05.2014. 07:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат.
03.05.2014. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тутун чыккан жакты 50-60 см узартып бир аз ойдороок чыгарса устуно чайнек койуп бир убакта тамак чай кайнай турган кылып отунга эконом болбосо тигиде кыйла шаштынды алып жиберет
06.09.2014. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дагы кимде схемалар бар?
26.07.2016. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кам кыштан салсада болот экен бирок ысыкты анса кармавай калбайбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо