«АК МӨӨР» ТАСМАСЫ ТАТТЫБҮБҮ ҮЧҮН ТАРТЫЛГАНБЫ?

№600 02-май-08-май, 2014-ж

Калк арасында уламышка айланган Ак Мөөр менен Болоттун арзуусу туурасындагы баян режиссёр Мелис Убукеевдин колунан тасма болуп жаралган. Ак Мөөр тарыхта жашап, бирок анын тагдыры тасмадагы өмүргө коошпогонун тарыхчылар айтып келишет.

Режиссёру – Мелис Убукеев
Оператору – Владимир Котов
Тарткан киностудиясы – Кыргызтелефильм
Тартылган жылы – 1969-жыл
Ачылышы – 1970-жыл, 14-май
Актёрлору – Таттыбүбү Турсунбаева, Болот Бейшеналиев, Муратбек Рыскулов, Советбек Жумадылов жана башкалар.

РЕЖИССЁР ЭМНЕГЕ АК МӨӨРГӨ КАЙРЫЛГАН?
Тарыхка кызыгып, кыргыздын басып өткөн жолун мыкты билген Мелис Убукеев Таттыбүбү Турсунбаеваны көрүп, анын сулуулугунан Ак Мөөрдү элестетип, аталган тасманы тарткысы келген дешет.
Фильм режиссёрдун дипломдук иши болгондуктан, тасмага атайын каражат бөлүнгөн эмес. Ошол себептен павильондун ичи менен чектелип калган. Бирок актёрлордун күчтүүлүгүнөн фильм көркүнө чыккан. Жаратылыштын кооздугуна айкалышып тартылганда, балким, мындан да мыкты чыкмак.
Фильмдин кыскача мазмунуна токтолсок. Жантай хан жигиттери менен Нарындын Соң-Көл жайлоосуна жөнөп калат. Жолдон кыздардын сууга түшүп жатканына күбө болот, баары кача бергенде, бир гана кыз суу ичинде калат. Ошондо Жантайдын жигити Баяке «жан талаша чуркаган кыздарга карабай, суу ичинде калды. Акыл-эстүү, ыймандуу жан көрүнөт, жуучу түшө кетели» деген. Ак Мөөрдүн Болот аттуу ашыгы менен бекиткен сөзү бар эле. Андан ары Жантайдын Мөөрдү сүйгөнү Болоттон тартып алып үйлөнүшү, Жантай каза болгон соң артынан эле Мөөрдүн Баяке колдуу болуп көз жумушу сүрөттөлөт.

МӨӨРДҮН СӨӨГҮ КЕМИНГЕ КОЮЛГАН
Ак Мөөрдү изилдөөчү Теңизбек Төлөмүшевдин айтымында, Ак Мөөр, Жантай, Болот үчөө тең XIX кылымда жашап өткөн инсандар. Тасмада Жантай жетимиштен ашса, Ак Мөөр 15те болуп, ортодогу айырмачылык бир топ жашты түзгөн. Бирок тарыхта Жантай хан каруусу күчкө толуп, акылы айга жетип турган маалында 53 жашта, Ак Мөөр 15 жашта болгону айтылат. Жантай Карабек уулу 1794-жылы туулуп, 1868-жылы 74 жашында каза болгон. Ал Ак Мөөр менен жыйырма жылга чукул жашаган. Ак Мөөр 1869-жылы 35 жашында Жантайдын ашы өткөндөн кийин каза болуп, сөөгү Кемин районундагы Жол-Булак айылына коюлган.

АК МӨӨРДҮН НЕБЕРЕСИНИН КАТЫ
Жантайдын көзү өтүп, ашка келгендердин аягы суюлганда Ак Мөөр өз өргөөсүндө каза болгон дешет тарыхчылар. «Уу берип өлтүрүштү» деген маалыматтардын тарашына Мөөрдүн оору-сыркоодон алыс жүрүп эле каза болгону түрткү болсо керек. Жантайдын Табарик, Туруке, Курма, Баалы, Сейилкан деген беш аялы болгон. Баалы менен Сейилкан бир тууган эже-сиңди. Мөөр хандын алтынчы аялы болгон.
Мөөрдүн тун уулу Муңайтпастын баласы Жамалидин 1970-жылы чоң энеси тууралуу кат жазып кеткени айтылат. Ал Балыкчы шаарында жашап, 74 жашында каза болгон. «Чоң энем 23 жашында тун уулу, менин атам Муңайтпасты төрөгөн. Андан кийин Калый деген кыз, Калыйды көл башына күйөөгө берген. Токтоян кичине кезинде Токкожо деген кишинин колунда багылып жүрүп өлгөн. Ак Мөөрдүн Муңайтпасынан тараган бешөөбүз, мен жалгыз эркек. Атам эл үркүп, Кытайга барып келгенден кийин 1920-жылы 63 жашында кайтыш болгон» деп жазат катында.

ЖАНТАЙ МӨӨРДҮ ЗОМБУЛУКСУЗ АЛГАН
Ак Мөөрдү изилдөөчү Темирбек Акматалиев өз эмгегинде Ак Мөөрдүн чыныгы аты – Калича деп жазат. Бети аппак, моюну узун, сулуу кыздын азан чакырылган аты унутулуп «Ак Мөөр» аталып калыптыр.
Билим берүү тармагында көп жыл эмгектенген, Ак Мөөрдүн инилери болгон Мукаш Базаркулов: «Жантай хан Соң-Көлгө барганда аны саяктардын мыктылары тосуп алышып, конок кылуу үчүн Адылдын үйүнө алып барышкан. Кечки сый тамак мезгилинде бойго жетип калган Мөөркан конокторго чай сунган. Ошондо Жантайга жагып калыптыр. Мурун айтылып жүргөндөй «Ак Мөөр сууга түшүп жатканда Жантай көрүп жактырып калыптыр» деген кепти биздин ата-бабалар «туура эмес» деп айтышчу. Жантай Ак Мөөрдү зордук-зомбулуксуз алган. Саяктардын мыктылары Жантай менен жылуу мамиле түзүү максатында Соң-Көлгө келгенде, Ак Мөөрдүн жагып калышына чоң шарт түзүшкөн»,- деп айткан.

АК МӨӨР БОЛОТТУН ТАЕЖЕСИ
Манасчы Жаңыбай Кожеков турмуштагы Болот менен 1901-жылы жолугушкан. Ал учурда Болот сексенге чыгып, бир көзү сокур болуп калган экен. Ошол окуянын чоо-жайын манасчы мындайча сүрөттөп берген: «Мөөр чоң өтүк Адыл дегендин кызы. Адыл менин таятам. Мени кичинемден таятам багып чоңойтту. Анын жылкычысы болгом. Жантай жигиттери менен Соң-Көлгө келип, Мөөрдү көрүп калып, ага жуучу түшкөн. Мөөр кетеринде мени атайын алдырып коштошкон. Кийин Кеминге барып, Жантай хандын колунан ат минип келгем».

АК МӨӨР МЕНЕН ТАТТЫБҮБҮНҮН ОКШОШТУГУ

  • Эки инсандын тең сулуулугу эл оозунда айтылып калды.
  • Аты тарыхта калган эки сулуу тең саяк уруусунан чыккан.
  • Ак Мөөрдүн да, Таттыбүбүнүн да өлүмү бүгүнкү күнгө чейин табышмак. Кандай болгон күндө да эки тагдыр тең трагедия менен аяктап жатат.
  • Ак Мөөр да, Таттыбүбү да күлгүндөй 35 жаштан ашкан соң көз жумган.
  • Экөө тең төрт эркектин арасындагы жалгыз кыз болгон.

Ак Мөөрдүн образын жараткан улуу талант Таттыбүбү Турсунбаеванын эстелиги үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жанына тургузулду. 70 жылдык мааракесине арналган айкелдин автору – скульптор Тайыр Медеров. Анын айтымында, айкелге Таттыбүбү Турсунбаеванын «Ак Мөөр», «Кызыл алма», «Уркуя» фильмдеринде жараткан образдары жуурулушуп түшүрүлгөн. Кызы Асел Эшимбекова: « Мен ушул күнгө чейин апамдай сулуу аялды көрө элекмин. Жадакалса кызы болуп туруп ага окшобойм. Мындай сулуу айымдар 100 жылда бир төрөлөт болуш керек»,- деп апасына таазим кылды.

Ак Мөөрүмдү жоготтум,
Арманда калган Болотмун.
Асманда сүзгөн ак куу элең,
Айпери болгон жомоктун,- деген саптары бар ырды Болот Бейшеналиев Таттыбүбү Турсунбаеванын агасы Нурканга берген. «Тасмада Ак Мөөргө жетпей калган сыңары, турмушта да Таттыбүбүнү сүйдүм, бирок жеткен жокмун» деп арманын айтып кейиген экен.

Кеминдин Жол-Булак айылындагы Ак Мөөрдүн күмбөзү.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Таттыбүбү Турсунбаева быйыл 70 жашка чыкмак

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(58)
SUPER.KG видео
01.05.2014. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сунуш,супер инфо сайтына кыргыздын эски фильмдерин кошсо кандай болот
SUPER.KG видео
01.05.2014. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тааныбаганга катардагы кыргыз олду Тааныганга асмандагы жылдыз очту деп Чынгыз Айтматов айткан экен
SUPER.KG видео
01.05.2014. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Керемет шыгы курч беле?Кенедей кезден ырчы эле,жылмайган таза ажарын,жылдыздыр коштоп турчу эле,Таланты ташып курч беле?Таншыган торгой ырчы эле,татына жузун коргондор,тамшанып карап турчу эле,Арманда кетти бир ак куу
SUPER.KG видео
02.05.2014. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Убагында Таттыбүбү эжеге каршы көрөалбастык мамледегилер азыр деле жашап жүрүшөт,бирок ал адамдар элдин эсинде алар Таттыбүбүнү жеңе алышкан жок,бүгүнкү күнгө чейин жеңилип келишүүдө анткени эл тараса улуу муундун эсинде.Алар кудайдан жазасын алсын жана алат.
SUPER.KG видео
03.05.2014. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызынын ыйлаганын коруп аябай ыйладым чындыгында суулуу таланттуу айым болгон экен.Канчалаган атакттуу инсандарыбыз келип жакшы создорун айтыптыр.
SUPER.KG видео
03.05.2014. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таттыбубу эжекебиздин аткарган кинолорун таба албай жатам, мумкунчулук болсо порталга жуктоп койсонуздар Супер инфо! чон рахмат алдын ала!
05.05.2014. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баары сонун бирок балдарынын эки ооз созду эптеп кыргызча суйлоп койбогону жакпады.
05.05.2014. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Чынында Таттыбубу эже сахнада аз эле иштептир, бирок Бакен Кыдыкеевага сулуулугу, таланты жагынан да эч жетпейт деп ойлойм.
05.05.2014. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Биз салыштырып эмес, ар бир талантты оз-озунчо баалаш керекпиз. Таттыбубунун талантында шек жок. Ага да Бакен Кыдыкеева устат болгон. А Бакен Кыдыкеева-ал озунчо бир баа жеткис чон талант деп айткым келет
.
05.05.2014. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз, коруучулор, куйомандар, кино тармагындагылар, театр суйуучулор салыштырбаганда не кылабыз.
05.05.2014. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызы окшошуп кетет экен апасына
08.05.2014. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
muslimkg, Асел Эшимбекова куюп койгондой окшош экен чын эле, куйоосу актриса болуп иштебейсин деп койбосо дагы далай роль жаратмак экен.
05.05.2014. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
мен сыймыктанам себеби,М.Базаркулов менин чоон таякем. Чон апам Качича Акмоордун синдиси.
05.05.2014. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Tynchy28, бир тууган синдисиби
Ак моорду бир еле жалгыз кыз дешетко кантип синдиси Татыбубунуда жалгыз кыз деп турат
06.05.2014. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zhyky, карасан эми "кантип синдиси"деп баса белгилей калганын. Ой синдилеринен деген ой. Ай ай тим эле калп айтып аткансыйсын да.
08.05.2014. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zhyky, Синдиси болгон деп окугам гезиттен, бирок атасынын башка аялынан
05.05.2014. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ак моордон тараган уруулар да сулуулар болсо керек
05.05.2014. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
сураныч акмоордун киносун сайтка киргизип койбойсунарбы, тасматорго?
06.05.2014. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lady1409, Саламатсызбы!
Сунушуңузга чоң рахмат, аракет кылабыз.
06.05.2014. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чынында омуру кыска болгон екен.
Экоонун окшош жактары тан калтырды.
06.05.2014. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнегедир Ак Моор деген созду укканда Таттыбубу Турсунбаеваны элестетем, корсо окшоштук жайы коп турбайбы.
06.05.2014. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
"Ак моорду" жанылап тартышса жакшы болчудай.
08.05.2014. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Begim8678, кой жанылап тартабыз деп артык кылабыз деп тыртык кылып алышпасын
07.05.2014. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызы Асель Эшимбекова- Дооронбек Садырбаев режиссерлук кылган "Махабат дастаны" тасмасында Бегимайдын ролун жараткан.Актриса Айжан Акылбекова Асель Эшимбекованын болосу болот.Ал да сулуу кыз го аябай!
07.05.2014. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оштук, Таттыбүбү жалгыз кыз деп турат ко?
08.05.2014. 05:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Turadi, атасынын кийинки аялынан болуш керек. Айжан Акылбекова да бир интервьюсунда айтып кеткен синдиси экенин.
07.05.2014. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынында азыр Таттыбубудой сулуу кыз жок
08.05.2014. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super Info suranich bolottun uyundu ak moordun surotu turchu eken go al kun sayin karap turchu eken ani... owol bokenin ayalinan intervyu albaysinarbi? je baldarinan.
08.05.2014. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pakistanka, Саламатсызбы!
Сунушуңузга чоң рахмат! Аракет кылабыз.
08.05.2014. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер Ак моорду жаныдан кайра тартышса Акмоордун ролун ким ойномок... Кызык
08.05.2014. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаны тартып кереги жок азыркылар укса чанжыратып тартышат чындыгында сулуу айым болгон кудайым чырайды аябай берген экен
09.05.2014. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ак моорду азыр тартышса менин оюмча Бегимай Туратбекова беле ошол ойносо жарашмак болсо керек же Бактыгул Бадыева
09.05.2014. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
burkut100, хе-хе, Бактыгулго Ак-Моорду ойнош кайдан?
10.05.2014. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
burkut100, бактыгул бадыеван семирип кетпедиби, фигурадан кетип...
10.05.2014. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ay
gul, уят кой антпе да
10.05.2014. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кастинг кылса чыгат сулуу кыздар,азыр таланттуу кыздар коп талант бар тааныш жок.
11.05.2014. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен тушунбодум айтып койгулачы? Ак моор болок Таттыбубу болок адамдарбы
SUPER.KG видео
11.05.2014. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сулуулугуна,талантына таазим кылалы,жаткан жайы жайлуу болсун.
11.05.2014. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ак моор кинодогу аты Таттыбубу озунун аты...
12.05.2014. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ак моор менен Таттыбунун айырмасын билбегендерге уят...
02.06.2014. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айкели окшошпой калган го.
SUPER.KG видео
05.02.2016. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таттыбубу Турсунбаева жараткандан Кыргыз учун бир жарк этип жаралган, бирок кылымдарга соолубас назик гул бойдон, ар бир карапайым кыргыздын журогундо, озунун жаркын элеси менен сакталат го чиркин...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо