Жоомарт Оторбаев:«БАЖЫ СОЮЗУ БОЮНЧА ТИЛ ТАБЫШУУГА ЖЕТТИК»

№600 02-май-08-май, 2014-ж

Жоомарт Оторбаев чет өлкөгө премьер-министрлик сапарын Орусиядан баштады. Эки өлкөнүн ортосунда макулдашылып, бирок аягына чыкпай турган маселелердин саны көп: Бажы биримдигине кирүү даярдыгы, өлкөнүн түштүк аймагынын көгүлтүр отсуз калгандыгы, «Манас» аэропортунун тагдыры...

«ГАЗПРОМ» ЭМНЕ ДЕДИ?
Өзбекстан газ берүүнү 14-апрелде токтоткондон бери Кыргызстандын түштүк аймагы көгүлтүр отсуз отурат. Көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундар кээде оңдоо иштеринин жүргүзүлүп жатканына байланыштуу электр энергиясыз да калып, эшикте от жагып, казан асып, тамак-ашын көчөдө бышырышууда. Мындан улам да өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Москвада «Кыргызгазды» 1 долларга сатып алган «Газпромдун» башкаруусунун төрагасы Алексей Миллер менен жолугушту. Ал «Газпром» ААКсынын жетекчилиги Кыргызстанга газды үзгүлтүксүз ташууга жоопкерчилик тартууга даяр экенин айтты. Ал эми «Кыргызгаз» «Газпром» сатуу-сатып алуу келишимин каттоо процедурасын аяктагыча Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзө албайт» деген маалымат таратты. Документ иштери дагы канча убакыт алары айтылган жок.
Өзбекстандын газ берүүнү токтотуп салуу адаты биринчи жолу болгон окуя эмес. «Кыргызгаздын» жетекчилиги алдын ала чара көрбөй эмнени күтүп отурганы белгисиз. Газсыз калган 50 миңден ашуун абоненттерге, коомчулукка оңдуу түшүндүргөн да бирөө болгон жок. Өзбекстан газ берүүнү эмне үчүн токтоткону, түштүк аймагы дагы канча убакытка минтип көгүлтүр отсуз отурары белгисиз.

Медведев: «МАСЕЛЕЛЕРДИ ЖОЮУГА КЫЗЫКДАРБЫЗ»
Кыргызстан жана Орусиянын премьер-министрлери Жоомарт Оторбаев менен Дмитрий Медведевдин жолугушуусунда да бир катар маселелер кабыргасынан коюлду. «Кыргызстандын Бажы союзуна кирүүсү боюнча иштер жүрүп жатат. Сизге ачык айтайын, биз бар болгон маселелерди жоюуга кызыкдарбыз. Бирок кадамдар сиздин өкмөтүңүз, парламент жана президенттин линиясы боюнча жасалат деп үмүт кылабыз»,- деди Орусиянын өкмөт башчысы. Жоомарт Оторбаевдин айтымында, Кыргызстандын Бажы союзга кирүүсү боюнча жол картасын иштеп чыгуу дээрлик аягына чыгып калган. «Бардык талаш жараткан суроолор боюнча тил табыштык. Техникалык мүнөздөгү бир канча пункттар гана калды»,- деди Ж.Оторбаев. Азырынча кайсы маселелер боюнча бир жыйынтыкка келишкени ачыкталбады. Айтмакчы, Беларустун президенти Александр Лукашенко «союзга жаңы мүчөлөрдү кабыл алууда эч кандай өзгөчө шарттар менен макамдар берилбесин» деп чыкты. Буга чейин ушундай эле өңүттөгү билдирүүнү Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаев тараткан эле. 
Ошондой эле кыргыз өкмөт башчысы орусиялык премьерден мигранттарга басым көрсөтүүнү жана иштөөгө уруксат берүүчү документтерди алууну жеңилдетүүнү сурады.

«МАНАС» АЭРОПОРТУНА ОРУСИЯ КАЙТЫП КЕЛИШИ МҮМКҮН
Жоомарт Оторбаевдин айтымында, «Манас» аэропортунда континенттер аралык хабды түзүү боюнча сегиз оператордон келип түшкөн сунуштар бар. Экөө Орусияга, үч компания Кытайга таандык, калган үчөө эл аралык уюмдар болуп саналат. «Анын ичинде Кыргызстан «Роснефть» менен да кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү улантып жатат. Бишкек бир катар долбоорлор боюнча «Роснефть» компаниясы Кыргызстан менен иштешерине үмүт артат»,- деди Ж.Оторбаев.
Эске салсак, буга чейин «Манас» аэропортунун 51 пайыздык акциясын сатып алууга «Роснефть» 1 миллиард долларга чейин каражат сарпташы мүмкүн экендиги айтылган. Ал эми президент Алмазбек Атамбаев Таласка барган иш сапарында оппозициянын аракеттеринен улам «Роснефть» «Манас» аэропортунун акцияларынын бир бөлүгүн сатып алуудан баш тартканын билдирген болчу.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(54)
05.05.2014. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздикилер алсам жесем меники болсо деп турушат экен
06.05.2014. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жондон жон элэ эркиндигибизди жоготобуз тиги бу деген туура эмэс кыргызстан коркунучта ошон учун токтоосуз кошулушубуз керек
06.05.2014. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
баардык кошуна олколор бизден ала турган жардамдарды.биз алып жатабыз кайырчыдай болуп.болбосо бизде бааардыгы бар.озбектер газын бербей койсо биздикилер сууну бербей койсун да.негизи эле озубектерге кунубуз тушпосун да.
08.05.2014. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
raimzhanov81, сууну жабыш оной эле. Антсен Озбекстан да опуза корсотушу мумкун. Россияга союздаш болуп туруп анан газ, чек ара маселелерин толук чечип алышыбыз керек. ТСга кирдик деп эле жыргап жата бербей
06.05.2014. 06:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз баары бир Россияга коз карандыбыз.
06.05.2014. 06:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Колтугунун жунун сат. Баардыгын сат . Элди алдап элдин акысын жегендерде Аллахтын азабы жетсин!
06.05.2014. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сатылып отуруп эртенки куну озубуздун жерде да кенири журо албай калсак эле эми.
06.05.2014. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
качан кыргызстан онугот а. бири кетсе экинчиси келет ал жеп тойгуча дагы оохуу . ушинтип эле чондорду эле тойгузуп журот экенбизда. биросун тойгузуп аны кетирип следуший деп. же алар уялбайт. элим учун иштейм деген патриотторду жок кылышса тооба
06.05.2014. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сатыыып сатып озубузго эч нерсе калбай турган болдуго
06.05.2014. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биздин сураганыбыз коргоноорубуз россия болуп баратат окшойт
06.05.2014. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызым ай Кыргызым.бажы союзунан Кыргызстан только утушта кана болот.башында кыйын болот,эгер ошол кыйынчылыкты женип кетсек,бизге келчу товарлардын качестволору бир топ бийик болот,чем азыркы кытайлык шерпотрепке караганда.чек арабыз бек болот,ошол кирген олколорго женил кирип чыгабыз,уйлорубуздо газ болот,коптогон плюстар бар.
06.05.2014. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ТС га кирсек да жакшы болмок 30 жылдап жургон кыргыздар бар россияда,дагы канча жыл омурубуз отот россияда Кудай билет.Эгерде ТСга кирсек мигрантарга да женилдик болобу деген умут бар.
07.05.2014. 06:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
КРда күчтүү саясатчылардын деле дүбүртү билинбей келет, дүйнөлүк күчтүү саясатчылардын жүргүзгөн саясатын мээси жөнөкөй, акылы тайыз элдер 30-40 жылдан соң түшүнүп жете алгыдай деңгээлде иштешет, биздин кыргыз саясатчылар деле мыкты иштесе биз кыргыздар орто Азия эмес дүйнө жүзүндө күлмүңдөп жашап калсак э.
07.05.2014. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ТС кирсек кыйналганыбыз кыйналган,баардыгы кымбаттайт бааны россия коет россиянын товарлары кирет,кытайдыкы кибей калат соода Дордой олот,айлык акы азыр да аз и ушул боюнча калат окмот которуйун десе казынада акча жок болсо кантип которот,Азыр итак баары кымбат и мындан да кымбатттасы кайда барабыз билбейм аягы кире турган болду окшойт билбейм не деген жашоо болот качан онолобуз ар кимге карыз болуп буттук коншу олколордон под процент акча алып атып деле ала турган олко калбай калды окшойт
08.05.2014. 03:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sayakovna, дордой олбойт наоборот кийинчерээк ошол азыркы контейнерлердин ээлери частный предприниматель болуп,бюджетке легальный налог толошуп ошол налог чиновниктердин чонтогуно тушпой бюджетке тушот.ар бир эмгектенген адам 13 %налог от дохода толобойт,экономический системага киребиз ,менимче жакшы эле болот.КУДАЙЫМ буйурса ошол кичинекей темир контейнерлердин оордуна Торговый Центрлар келет,бутиктер пайда болот,кененирээр ойлонсонор туугандар
07.05.2014. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ары барсак да, дордой олот, бери барсак да дордой олот. ББга кирбей койсок бизди тегерегибиз экономикалык блокадага салып кысып коюшат. экинчиден кытай жаман товары менен каптап алат. Ошондуктан ББга кирген эле татыктуу чечим.
07.05.2014. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бажыга кирсек да жакшы кирбесек да жакшы ошондуктан ара сыраа болбой риск кылуу керек!!! дордой олбойт, анын да айласы табылат!!!
07.05.2014. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elka_manas_kg,машина менен кийимдин баасы 60 пайызга кымбаттайт.Акчаны элге сен берип турасынбы анан
07.05.2014. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин бийликтин адебин биздин элден башка эч ким тоготпойт да,эсептешпейт да, укпайт дагы.....
07.05.2014. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каап жакында россиядан барып машина алам дедим эле, бул турушта дагы 2. 3-жыл иштеп анан барат окшойм. мага окшогондор канча али
07.05.2014. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азык-тулук,машина кымбаттайт деп дурбогондор,ойлонуп жазып атасынарбы же АКШдан жем жеген уурулар менен НПО дурбосо эле дурбоп атасынарбы?
07.05.2014. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кобунор айылдан же тууганынар бар да,алар кымбатка сатып байыса жарашпайбы,Европанын таштанды машинасын албай калсак,абабыз тазарат,кымбат алган нерсени аяп айдап,кырсык да азаят.
08.05.2014. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озубуздукулор башкара албаган сон бир орус келип башкарганда Кыргызстан ошондо онугот! Антпесек 1 си кетти качып, 2 си кетти, 3 су даярданып турат, 4 чусуно козум такыр жетпейт !!!
08.05.2014. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бажы сажы деп озубузду алдабай Путин брат Кыргызстанды коргой турган бир кадырыны бер деш керек болуп калды . Мен ойум бойунча 100% карапайым эл колдойт.
08.05.2014. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул союзга киргенибиз деле жакшы чек араларыбыз такталалып бекемделет бирок мындай жогору бааны эл которо алабы деген ой тажиктердин чек арасын орусия чек арасын карайт ко алардын авгандар энесин окутмак орусия карабаганда биз деле орустар менен контракт тузуп каратышыбыз керек окшойт
08.05.2014. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Республика болгондон кийин Россия менен тил табышып оз кызыкчылыгыбызды коргоп, биргеликте жашасак деле болот да туугандар. Же АКШ жакпаса, же Россия жакпаса, озубуз кимбиз деги. Коз каранды болуш, болбош ал озубуздон. Эч ким менен союз тузбой туруп деле коз каранды болуп каласын, почти что. Анда АКШга кошулалы, эгер Россия жакпаса. Эн негизгиси ынтымак анан эмгек туугандар. Жалкоо болсон, анан ынтымагын жок болсо, эртен Озбекстанга коз каранды болосун, же Тажикстанга
09.05.2014. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акыры барып барып бейиштей болгон оз жерибизге озубуз ээ болалбай шорубуз катат го.
09.05.2014. 05:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балким кошулсак кыргызстанга кичине жакшы болоор ансыз деле жыйырма жылдан ашык убакыттан бери эч кандай озгоруу болбодуго
10.05.2014. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ТСга кируудо Кыргыз Окмоту бардык плюс-минустарын санап элге жарыяласа болмок
10.05.2014. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jumatka, туура айтасыз.бизге жакшы жагын жаман жагын айтып тушундурсо болбойбу.мен ойлойм жыргап эле жатып калбасак керек.жаман жагы да бар да.чынбы туугандар.
11.05.2014. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
raimzhanov81, ooba, birok chidap koysok baari jakshi bolot.
11.05.2014. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тугандар бул жерде уже тигил жолго тушсон атын олот бул жолго тушсон озун олосундон эле болуп калды.азыркы заманда эч ким жардам бербей калдыго ошондуктан озундон калба,башты иштет, тытынып иште,коз карандысыздыгынды бил, эн негизгиси намысты кучотушубуз керек. намыстансак патриоттуулугубуз кучойт, озубуз эле акча таап ток жашап калабыз. козубузду ачсак боло дуйно кай жака баратат азыр. путинди агабыз кылып алыпсынар. ал кишинин максаты Акш,Кытай сыяктуу эле тен ата болуу,умут кылбай эле койгула
12.05.2014. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал кишилердин (путин,медведев) дуйного болгон ойлору эчак эле бузулган, алардын ойунда биздин ойубузга келбеген ойлор бар(атаандашуу,дуйного лидерлик кылуу, майда мамлекеттерди басынтуу, басып алуу)аттин ай ушундай кырдаалда биздин атка минерлер, мамлекет башчыбыз назарбаев(казакстан), каримов(озбекстан) сыяктуу мамлекеттин абройун которуп иштеп койсолор ее ошондо алар сыяктуу бизди эч ким басынтмак эмес,мамлекет башчыбыз кыйналмак эмес тилемчи болуп
12.05.2014. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кошулбаш керек негизи
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо