ОРУСИЯНЫН ЧОҢДОРУНА БАТЫШ ЖАНА ЯПОНИЯ «ЭШИГИН ЖАПТЫ»

№600 02-май-08-май, 2014-ж

Крым жарым аралы Орусияга карап калгандан тартып АКШ Орусияга каршы санкцияларды киргизе баштаган болчу. Анын артынан Европалык союз, Япония менен Канада да өз санкциялары боюнча билдирүү тараткан. Чектөө Орусиянын айрым жогорку кызматтагы аткаминерлери менен ири бизнесмендеринин санкция жарыялаган өлкөдөгү банктык эсептеринин ишин токтото туруу жана анын аймагына кирүүгө тыюу салуудан турат.
28-апрель күнү АКШ буга чейинки санкциялык тизмесин кеңейтип, ага 17 орусиялык компания менен 7 аткаминердин ысымын кошту. Үлкөндөрдүн ичинен «Роснефть» компаниясынын башчысы Игорь Сечин, «Ростех» корпорациясынын башкы директору Сергей Чемезов, вице-премьер Дмитрий Козак, президенттик администрациянын жетекчисинин биринчи орун басары Вячеслав Володин, Мамлекеттик думанын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Алексей Пушков бар.
29-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путин Батышка карата жооп иретиндеги санкциялар азырынча киргизилбей турганын айтты. «АКШ башынан эле Украинадагы окуялардын артында турган. Бирок кошмо штаттары биринчи кадамдарында көлөкөдө туруп турууну оң көргөн. Азыркы санкциялар да бизге процессти чынында ким башкарып жатканын көрсөтөт»,- деди Орусиянын лидери.
Ошентип, Батыштын кара тизмесине баш-аягы 50нүн тегерегинде орусиялык, анын ичинде крымдык жана украиналык саясатчылар менен ишкерлер киришти.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(11)
05.05.2014. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Путинге американын санкциясы кеп эмес япондорго не бар деймда ?
05.05.2014. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Япония АКШнын номур биринчи өнөктөшү, ошончүн санкцияны алар да киргизип жатышат.
05.05.2014. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Америка ... жептир,азыр Путин барда Россияны чоголотуш кыйыыын.
06.05.2014. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АКШ дуйно жузундо болуп жаткан саясий окуяларды 50жыл мурун даярдаган.Ошол эле Гарвардский проекти,толуктоочу проект катары,Хьюстонский проекттерде Россияны талкалоо жа аны 4ко болуп Ыраакы чыгышты Япония,Сибирьди АКШ,тундук-батышты Германия а туштук Поволжьени Турцияга болуп беруу программасын тузгон.Украинаны РФга карата тукуруу учун тушко кирбеген миллиарддарды 20жыл бою берта турган.
06.05.2014. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
АКШнын максаты дуйнону башкаруу жана ааламга кожоюндук кылуу.Бирок, согуштук техникалар боюнча РФ алдына эч кимди салбай келет. Санкция киргизсе эле кайгырып отурган Путин жок.Путин доллардан баш тартса АКШ ХХХ кармап олтуруп калат. Европа какшап олтурат, санкцияны киргизуу биз учун канчалаган экономикалык зыяндар келет, РФ батышка эн чон экономикалык оноктош деп. АКШ, Европа бирди корот го бизче айтканда...
Модератор admin_portal түзөттү 06.05.2014 10:05
06.05.2014. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mi-li-na - эскертүү!
Коомдук этиканы сактасаңыз.
06.05.2014. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орустар ото эле нацисттер,даже Кыргызстанда да.
06.05.2014. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Европа менен Японя канчалык онуккону менен АКШнын марионеткалары. АКШ нени айтса ошону колдоп турат.
Россия менен Кытайды эле АКШ озунун марионеткасына айлантса анда АКШ каалаган олкосун Ливиядай, Ирактай талкалоого мумкунчулук алат.
07.05.2014. 07:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дүйнөнүн дөө-шаалары жанада болсо тирешүүдө, биздин дөө-шаалар алакаднай мамлекетти өнүктүрө албай бирин бири чукуп, ээрден шыпырып чет өлкөнүн баш айланткан дарыларын жеп коюп жашап келет.
07.05.2014. 07:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жок немени айтпагылачы. Америка андай проектин минин ойлоп тапсада Россияны эч нерсе кыла албайт. Россияны талкалап Турцияга Германияга Японияга берип койгудай Россия эмне бир арал беле. Россия баарын кошуп туруп оздорун талкалабайбы. Америка эч убакта марионеткасына айланта албайт. Менин билишимче Россия жинди эмес. Япондор менен Корейлер Россия эмес оздору качан суунун алдында калабыз деп отурушат.Американы жакында мусулмандар оздору жок кылат.
20.05.2014. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aziziko, Кайсы мамлекет болбосун ,Президентинен зависит этет. Орустарга повезло! дагы деле эли нааразы Путин вор дешип.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо