ЦИТРУС ЖЕМИШТЕРИН КӨП ЖЕСЕ, БАЛА АЛЛЕРГИК БОЛУП ТӨРӨЛӨБҮ?

№601 09-май-15-май, 2014-ж

– Мончодо көп отурса бойдон түшүп калат деген туурабы? Анан кош бойлуу кезде цитрус жемиштерин көп жесе, бала аллергик болуп төрөлүшү мүмкүнбү?

Гүлзада, 22 жашта, Талас

– Мончодо бууда көп отуруу организми начар кош бойлууларга өзгөчө коркунучтуу. Анткени ысык буу кан тамырларды кеңейтип жиберет, булчуңдарды жыйрылтат.
Кош бойлуу кезде цитрус жемиштерин, мандарин, апельсин дегендерди көп жесе, бала аллергик болуп төрөлүп калган учурлар кездешет. Себеби, алардын товардык көрүнүшү жакшы болушу жана жакшы сакталышы үчүн химиялык каражаттарды колдоно тургандыктары белгилүү. Андыктан жергиликтүү жемиштерди жеген эле оң.

СПИРАЛДЫН ҮСТҮНӨ БОЙГО БҮТҮП КАЛСА, БАЛАГА ЗЫЯН ЭМЕСПИ?
– Мен 7 ай мурун спираль салдырган элем. Өткөндө талгактын белгилерин сезип УЗИге түшсөм, 3 апталык боюмда бар экени аныкталды. Менин төрөгүм келет. Сурайын дегеним, спираль балага зыян эмеспи же баланы алдырыш керекпи? Спиралды салдыргандан кийин канча жылга чейин колдонууга уруксат?

Элнура, 34 жашта, Талас

– Спиралдын үстүнө бойдо болуп калышы мүмкүн, эгер ал ордунан жылып кетип же түшкөнү калса. Ал баланын тонуна жабышып калат, бирок балага зыяны тийбейт. Андыктан бойдо болтурбоочу каражатты салдыргандан кийин 2 апта оор көтөрбөй, жумуш жасабай, түгөйү менен кошулбоо керек. Болбосо жылып кетет.
Спираль туура салынса 5 жылга чейин алдырбай жүрсө болот. Бирок убак-убагы менен гинекологго кайрылып, текшертип туруу кажет. 5 жылдан кийин алдырып, 1 ай эс алып, анан кайра салдырса болот.

ЖАТЫНДАН СЫРТКАРЫ БОЙГО БҮТҮҮГӨ ЭМНЕ СЕБЕП?
– Жатындан сырткары бойго бүтүүгө эмне себеп? Анын белгилери кандай болот?

Махабат, Гүлзейнеп,
19 жашта, Бишкек

– Жатындан сырткары бойго бүтүү – бул жатын түтүкчөсү сезгенгенден келип чыгат. Анткени сезгенген түтүкчө ичкерип кетет, уруктанган клетка жатынга өтө албай, ошол жерде туруп калат да, чоңоё баштайт. Башкача айтканда, түйүлдүк түтүкчөдө чоңоюуга өтөт. Анан күч келгенде баягы түтүкчө жарылат да, кан агуу башталат. Мындайда операция жасалып, жарылган түтүкчө алынып салынат. Андыктан мунун алдын алып, бойго бүтүү билингенде эле УЗИге түшүп, текшерилүү кажет.

КУРСАКТЫН ЖАРЫЛБАШЫ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛСА БОЛОТ?
– Менин азыр 7 айлык боюмда бар. Сурайын дегеним, төрөгөнгө чейин курсактын, ал эми төрөгөндөн кийин эмчектин кесилип, жарылбашы үчүн эмне кылса болот?

Зарина, 24 жашта,
Шамалды-Сай

– Азыркы кезде курсактын да, эмчектин да жарылуусунун алдын алуучу крем, дары майлардын түрү көп. Косметологго көрүнсө, ал текшерип көрүп керектүүсүн жазып берет.

ЖАТЫН МОЮНЧАСЫНЫН ЭРОЗИЯСЫНДА КОШУЛСА БОЛОБУ?
– Келинчегимдин жатынынын моюнчасында эрозиясы бар. Аны дарылатпаса эмне болот жана жыныстык жактан кошула берсе зыяны тийбейби?
Боюнда бар экенин билбей дарыларды ичсе же 6-7 күн укол алса, бала майып болуп калышы мүмкүнбү?

Мурат, 36 жашта,
Жалал-Абад

– Жатын моюнчасынын эрозиясы деген моюнчада жаранын пайда болушу. Убагында дарылатпай өткөрүп жиберсе, ракка айланып кетет. Жыныстык жактан кошула берсе болот, бирок оору күчөп кетсе, анда кан агуу күтүлөт. Боюнда барда врачка кайрылбай, өз алдынча дарыланууга болбойт. Эгер күчтүү дары-дармекти, мисалы, антибиотиктерди кабыл алса, анда бала майып болуп калышы мүмкүн.

ТӨРӨТТӨН ЖАШ КЫЗДАР КАНДАЙ ЖАБЫР ТАРТАТ?
– Менин кызым 10 жашта. Кыздардын канча жаштан баштап эмчеги өсө баштайт? Анан жаш кыздардын (15, 16 жаштардагы) төрөшү ден соолугуна канчалык зыян?

Үмүт, 33 жашта, Жалал-Абад

– Азыркы кезде тамак-аштарга жыт, даам берүүчү кошулмалардын кошулуп жатышы, гени өзгөртүлгөн жемиштердин көбөйүшү, экологиянын начарлашы, баары келип жаш балдарды эрте жетилтип жатат. Организми эрте жетилип баштаган кыздардын 10-11 жаштан этек кири келип, эмчектери өсүп баштайт. 15, 16 жаштардагы кыздар өзү али бала болгондуктан алар төрөткө, бала багууга психологиялык жактан даяр эмес. Анын үстүнө алардын организми 18 жашка чейин өсүп жетилиши керек. Боюнда болуп калса, ошол биологиялык процесс бузулат. Төрөттө кан көп кетип, чаты айрылышы мүмкүн.

Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги Шаардык перинаталдык борборунун оперативдүү гинекология бөлүмүнүн жетекчиси Уулжан Шаршенбаева жооп берди.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз. Суроолорду
(0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(17)
12.05.2014. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алергик = Алергетик
12.05.2014. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
рахмат супер инфор керектуу информация экен
12.05.2014. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кудай сактасын, Алла бала бергенге жараша ден-соолугу, акыл-эси, омуру, ыйманы менен берсин ылайым!
14.05.2014. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kenesh@super.kg дарегине уюлдук телефондон кат жазуу мумкунчулугу болбой жатат. Кандай жол менен жазсам болот ардактуу супер инфо?
14.05.2014. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eliza_eliza, Саламатсызбы! Анда төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, сунушуңузду калытар аласыз: http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=5331&pid=1710987&st=820&#entry1710987
15.05.2014. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саламатсыздарбы мен куйоомдун сайты менен жазып атам биз куйоом екообуз турмуш курганыбызга 1 жыл 2ай болду боюма болбой атат азыркы кезде биз москва шаарында турабыз доктурга барып узиге тушуп корунсом бир аз загиб бар деп бирок болот деп коюшту калганы баары жакшы екен дешти ертереек боюма болушун каалайт елем мага кенешиниздерди бергилечи емне кылсам болот kenesh@super.kg адистерге кайрылсам жооп келбеди емне кылсам болот
15.05.2014. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulisa8087, Саламатсызбы!
Сурооңузду тиешелүү бөлүмгө жеткизип койдук, бирок жооп күтүп отура бербестен адистердин өзүнө кайрылганыңыз туура болот деген ойдобуз.
15.05.2014. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адистерге кайрылып жазганмын жооп келбейт аныда кутуп жатам яндекс почтамы кундого 7-8жолу карайм келип калды бекен деп бирок жооп жок
16.05.2014. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulisa8087, саламатсызбы менин келинчегим да боюна болбой 1.5 жылдай журду коптогон анализдерди тапшырды жыйынтык болгон жок.акыры айылдан эле бир апа жатыны буралып бир аз тушуп калыптыр деп уч кун массаж жасап берди кудайга шугур 2-3айдан кийин эле боюна бутуп азыр 1уул1кызыбыз бар. Сиз да элдик медицинага кайрылып корунуз да
16.05.2014. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tatievadis, саламатсызбы биз азыркы учурда москва шаарында турабыз. узиге тушуп коргонумдо сиз айткандай мендеда кыйшык бар дешти ал учун менда кыргызстанга кетишим керек екенда кенешинизге рахмат
17.05.2014. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulisa8087, Саламатсызбы, Ысык Колдо Манжылы Ата деген ыйык (мазар) жер бар, ошол жерге барып куран окутуп, туноп, булактарынан суу ичип келиниз! Анн коп ойлоно бербениз! Буйруса баары болот!
17.05.2014. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сиздерге рахмат
17.05.2016. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы,kenesh@super.kg ге жазсам кетпей жатат,ушул жерденда жооп берип коюнуздарды отуном,мен бугун билдим айызым 4 кундон бери келбегинен тест алсам положительный чыкты,бирок коркуп жатам мындан 10 кун мурун тишим каттуу ооруп 5 кундой тынчтандыруучу (NEXT)деген дары ичип журдум эле,эми балага зыяны тийбейби кандай кылсак болот,бирок сезишимче 2 жумадай эледа бала азыр,жолдошум кудай сактасын торойсун деп атат,алдын ала рахмат!
18.05.2016. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aizat87, саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
18.05.2016. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan,рахмат чооооон!
18.05.2016. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aizat87, кызыксынар да, булар врач эмес го, журналисттер, булар да адистерге кайрылып анан жооп алышат, анан канча убакыт отот, анда коро врачка бар, азыр деген 3D УЗИлер бар. Тузмо туз жооп алганын жакшы эмеспи от и до сурап аласын.
Englishman түзөттү 2016-05-18 10:06:02
18.05.2016. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Englishman,саламатсызбы ооба сиздин айтканыныз туура,бирок биз азыр тилекке каршы москвадабыз ишим без вых.й 8:00 ден тунку 22:00 го чейин ошого ушул жакка кайрылгам,ойлошунуз мумкун эптеп бир кун алса болот деп,бирок азыр узиге дагы эртерээкпи деймда эми 2жумадай эле болдуда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо