БАТКЕНДЕГИ КЫРДААЛ СОГУШКА АЛЫП БАРАБЫ?

№601 09-май-15-май, 2014-ж

7-май күнү кечке жуук Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Көк-Таш айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстан жарандарынын ортосунда кезектеги жаңжал чыкты. Тажикстандын Исфара шаары менен Кыргызстандын аймагында жайгашкан Ворух анклавын бириктирип турган жол Ак-Сай, Көк-Таш жана Орто-Боз айылдары аркылуу өтөт.


Өткөн жылы апрель айынын аягында Ак-Сай айылы менен Ворух анклавынын тургундары чатакташа кетип, жаракат алгандар болуп, жол да буулган эле. Минтип бир жылдан кийин коўшу жайгашкан Көк-Таш айылына кеткен ушул эле жолдо чыр чыгып отурат.

КЕЗЕКТЕГИ ЧЫРГА ЭМНЕ СЕБЕП БОЛДУ?
Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чыр чыгышына Баткен-Исфана жолу менен бара жаткан кыргыз жараны Данияр Сулаймановдун автоунаасы тажикстандыктар тарабынан таш бараңга алынуусу себеп болгон. Териштирүү учурунда эки тараптан миңден ашуун адам топтоло калып, жаңжал бири-бирине таш ыргытууга жеткирген. Кийинчерээк тажик жарандары Баткен-Исфана жолун тосууга аракет кылышкан.
Урушту басуу үчүн Баткен облусунун чек арачылары менен укук коргоо органдарынын кызматкерлери келишкен. Чыр ырбап отуруп, түнгө карай Тажикстандын жарандары тарабынан Самаркандек айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Терек жана Орто-Боз айылдарында кыргызстандыктарга караштуу май куюучу станция, 3 дүкөн, 2 жүк ташуучу унаага өрт коюлган. Жаңжалдын катышуучулары түн ооп, саат 3төрдө үй-үйлөрүнө тараган. Окуянын жыйынтыгында Баткен шаарында жайгашкан ооруканага Кыргызстандын 9 жараны жеткирилди, анын ичинен экөөнүн абалы оор. Алар: таш тийип башы жарылган Баткен РИИБинин башчысынын орун басары Дүйшөбай Ниязкулов менен ок тийген жергиликтүү жаран Улукбек Кенжеев. Самаркандек бейтапканасына 30га чукул адам медициналык жардам сурап кайрылды. Тажикстан маалымат булактары «окуяда 7 тажик жараны ооруканага жаткырылды, анын бирөөсү октон жаракат алган» деп жазып чыгышты.
Ички иштер министри Абдылда Суранчиев 8-майда Жогорку Кеңеште: «Болуп өткөн окуяны тажик тарап атайын пландагандай»,- деп билдирди.

Н.Арипов:«БАТКЕНДЕ КЫРДААЛ ООР БОЙДОН»
8-май күнү Жогорку Кеңештин сессиясы Баткенде болуп өткөн окуяны талкуулоо менен башталды. «Республика» фракциясынын лидери Назарали Арипов: «Баткен районундагы кырдаал оор, тез арада системдүү чара көрбөсөк болбойт. Согуш алдында турабыз»,- деди. Андан ары КСДП фракциясынан депутат Жусупали Исаев сөз алып: «Белгилей кетүү керек, кыргыз тарап бир да жолу тажик жарандарын жаңжал чыгарууга көкүткөн эмес»,- деди. «Ата Мекен» фракциясынан депутат Ташполот Балтабаев ага окуя болуп өткөн айылдын тургундары байланышып, «мамлекет бизди коргой албаса, үйлөрүбүздү сатып, башка жакка көчүп кетели» дешкенин айтты. «Туура айтылды, согуш алдында турабыз»,- деди.
Ал эми Чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөмбиев 8-май күнү парламентте окуя тууралуу маалымат берип жатып: «Баткендеги чек ара аймагында абал тынч, бирок өзгөрүп кетиши мүмкүн»,- деди.
Коопсуздук, укук тартиби жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер болуп турган Токон Мамытов «буга чейин эки өлкөнүн ортосунда чыккан жаңжалдарда келтирилген зыяндарды тажик тарап төлөп бере элек» деди. Былтыркы жылдын апрель айындагы окуяда тажик жарандары Ак-Сай-Тамдык айланма жолунун курулушуна каршы чыгышып, анда курулуш техникаларын талкалашкан болчу. Ушул жылдын башындагы Ак-Сай-Көк-Таш айылдарынын ортосундагы суу бөлүштүрүүчү жайда кыргыз-тажик чек арачылары атышып кетишкен. Тажик тарап миномёттон ок жаадырып, снаряд жардырышып, 1 миллион сомдун тегерегинде зыян келтирген.
Гезит басууга кетерде Баткен районунун тургундары Баткен-Исфара жана Исфара-Ворух жолдорун тосуп алышканы маалым болду. Ошондой эле Баткен ОИИБинин басма сөз кызматкери Д.Юсупова 8-май күнү Баткен облусунун Орто-Боз айылына келген вице-премьер Абдырахман Маматалиев жергиликтүү тургундардын курчоосуна алынганын айтты. «Ал талкаланган үйдү көрүүгө келген эле, айылдыктар аны камап коюшуп, чыгарбай жатышат»,- деди Д.Юсупова.

Эльвира Караева,
Темирбек Матаев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(18)
12.05.2014. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чек араны тезинен тактап,тажиктер учун,кыргызстандын эшигин бекем жаап койуш керек.
12.05.2014. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тажиктер кыргыздардын жакшылыгын унутканго боор оорусан борго тебет деп айткандай буларга убал жок озулоруно жараша мамиледе болуш керек
12.05.2014. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чек араны эмнеге ачты?
12.05.2014. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чек араны жаап ачпай койсун тажиктер ачка калат көп азык түлүк кыргызстандан барат аларга унутуп калышкан окшойт
12.05.2014. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин бийлик неге камабайт буларды биздин кыргыздар тажикстандын ичинде ушундай уруш кылса давно камап коордошмок.Биздин политция кызматкерлерине эч тушунбойм башка олколордун ментери озунун элине тартып кара болсода актап чыгып чужойду камайт экен а биздики наборот .кыргыз учунда кичине куйсонор боло акча деп эле баарын жыйыштырып салбай.
12.05.2014. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин бийлик неге камабайт буларды биздин кыргыздар тажикстандын ичинде ушундай уруш кылса давно камап коордошмок.Биздин политция кызматкерлерине эч тушунбойм башка олколордун ментери озунун элине тартып кара болсода актап чыгып чужойду камайт экен а биздики наборот .кыргыз учунда кичине куйсонор боло акча деп эле баарын жыйыштырып салбай.
12.05.2014. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азаматсынар Тажик туугандар!!! Силер тез-тез жанжал кылып турбасанар, биздин бийликтегилер ооздорун ачып журо беришмек.
Эми кыймылдайт бекен биздин тоболдор ???
12.05.2014. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тескерисинче, азык-түлүк Тажикстандан бизге чыгат. Кыргызстандан аларга көмүр, селитра, ГСМ сыяктуу товарлар барат. Эгер ушул учурларда ачпай турганда чек араны Тажик тарап бир жылдык түшүм алалбай калмак. Бирок жабык турганда деле бажычылардын чөнтөгүнө акча ыргытышып коюп, эч тоскоолдуксуз бардык товарлар өтүп эле жаткан. Мунун бардыгына жергиликтүү эл күбө.
12.05.2014. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чек араны жаап салышсынчы, ХХХ ХХХ ХХХ эч качан пайда чыкпайт.
Модератор admin_portal түзөттү 12.05.2014 15:48
12.05.2014. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aygul - 10 күнгө БАН!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
12.05.2014. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин менттер уйдо баатыр жоодо жок ушу депутаттар силер кандай адамсынар бир нерсени чече албайсынар
14.05.2014. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийлик алсыз четтегилер каалаганын кылышатта анан
14.05.2014. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озубуздо эл ичинде ынтымак жок ошол учун башкалар каалаганын кылат, эл онолмоюнча падышасы онолбойт деген соз тогуну жок. Чек араны жаап койсо деле жеке кызыкчылыгы учун жашыруун жолдон тажике алып барып товарын кымбат баада откозгон Баткендик туугандарыма уят болсун!АША бсо тажикстанда суйлошууго барып бизд ин пайдабызга чечпестен тажиктер да кыргыз жайыттарын колдоно алышат дептир.чооон нараазычылыгымды билдирем. Эмнеле уступка кылабересинер.уч жаштагы балланыда сабашкан. Талап тоноо болгон
15.05.2014. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Batken - 50 күнгө БАН!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө, улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга тыюу салынып, провокацияга жол берилбейт!
15.05.2014. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tez 4ek arany 4e4ip joldu jaap salyw kerek tajiktersiz ele kunubuz oto beret urmattuu jetek4iler
16.05.2014. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баткендин арманы.
"Бир тууган алты агам"бар бөлүнүшкөн,
Бирикпей бир-бирине сөгүнүшкөн.
Бой жетип мен ымыркай кезде булар,
Байкуш мен кур калыпмын көп үлүштөн.
Жүктөлгөн турмуш жүгү жонумдагы,
Жүдөтүп өспөй калды боюм дагы.
Алсыз деп "сакалчандар" мага келип,
Аткартат талаптарын оюндагы.
Анчейин бурбайт кө&
17.05.2014. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тажиктер просто Биздин бийликтегилерди признавать этпейт!!! Ошол учун кайра-кайра уруш чыгарат!!! А биздин бийликтегилер оозудагы нанды чайнап жута албагандар!!!! Соз менен баарын бутуруп, иш жузундо буту куйгон тооктой болуп, озун алып качат....УЯТ
18.05.2014. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир чыр чатак чыкканда кооптуу жайлардан кача берип жадап буттук.Тез арада чечпесе болбойт.Бийликтегилер эсинерге келгиле.!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо