АКЫРКЫ КОҢГУРОО 24-МАЙДА БЕЛГИЛЕНЕТ...

№601 09-май-15-май, 2014-ж

  • Жыл башынан бери өлкөдө  28 өспүрүм өз ӨМҮРҮН КЫЙГАН. Бул тууралуу ички иштер министри Абдылда Суранчиев маалымдады. Суицидге кадам таштагандардын 15и эркек, 13ү кыз.
  • «ДОРДОЙ» соода комплексинин профсоюзунун төрайымы Дамира Дөөлөталиеванын айтымында, Казакстан тарап чек арадан кыргызстандык ишкерлердин жүгүн өткөрүүнү токтотту.
  • Саламаттыкты сактоо министрлиги «өлкөдө БРОНХИАЛДЫК АСТМА менен ооруган 10 миң адам бар» деген маалымат таратты.
  • 2013-жылы «КЫРГЫЗАЛТЫН» ААКсынын таза кирешеси 405 миллион 771 миң сомду түздү. Бул көрсөткүч 2012-жылга салыштырмалуу 2 эсеге аздык кылат.
  • Билим берүү министрлиги АКЫРКЫ КОҢГУРОО салтанаты быйыл 24-майда саат 9:00дө башталарын билдирди.
  • Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, азыркы кезде Кыргызстанда 2500 БАЛА ата-эне камкордугунан сыртта калган.
  • Бишкекте 19-майдан тарта ЖЫЛУУ СУУ бир айга өчүрүлөт.
  • Быйыл АЖЫЛЫК ЗЫЯРАТ үчүн Сауд Арабия бийлиги Кыргызстанга 3 миң 685 орун бөлүп берди. Ажылык сапарга баруунун акысы 2 миң 400 доллардын тегерегин түзүүдө.
  • АДИЛЕТ МИНИСТРЛИГИ Кыргызстанда адамдын аброюн маалымат каражаттары аркылуу басмырлаган, шылдыңдаган, кемсинтүүгө жол бергендерге каршы административдик айыпка тартуу тууралуу мыйзам долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун билдирди. 
  • БООМ КАПЧЫГАЙЫНДА медициналык жардам көрсөтүүчү жай ачылат. Анын курулушу 3 апта аралыгында аяктап, андагы кызматкерлер үчүн «Тез жардам» унаасы берилет.
  • УЛУТТАШТЫРЫЛГАН объектилерди башкаруудан улам өлкө казынасына 4 миллиард 846 миллион сомдон ашуун каражат түшкөндүгү тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдирди.
  • Толкунбек Абдыгулов УЛУТТУК БАНКТЫН төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ага чейин бул кызматты ээлеген Зина Асанкожоева апрель айынын орто ченинде өз эрки менен жумуштан бошогон.
  • Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Чыңгыз Бекташовдун айтымында, 2016-жылы Кыргызстандын бүткүл аймагы УЮЛДУК БАЙЛАНЫШ менен камсыз болот. Азыркы тапта өлкө ичинде эл жыш отурукташкан 128 аймакта уюлдук байланыш жок.

Эльвира Караева,
Темирбек Матаев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо