БАЛАГА КАНЧА АЙЫНАН ТАМАК БЕРСЕ БОЛОТ?

№602 16-май-22-май, 2014-ж

– Эмчектеги балага канча айлыгынан тарта шире, быштак, пюре, эт, шорпо дегендерди берип баштоо керек? 7 жашка чейинки балдарга малдын ич майынын сызыгын тамакка кошуп берсе боло береби? Организмине оордук келбейби?

Наргила, 26 жашта, Бишкек

– Малдын ич майынын сызыгын бала 10 жаштан өткөндөн кийин аз-аздан жеп баштаса болот. Ага чейинкилердин организмине (боор, өт жана башка) оордук келтирет.
Ал эми канча айлыгынан баштап эмнени кошуп бере баштоо керектигин төмөнкү таблицадан билип алсаңыз болот.

БАЛАНЫН ЭМГЕГИ ЭРТЕ КАТСА ЗЫЯНБЫ?
– Менин балам учурда 8 айлык. Анын эмгеги (родничок) катып бара жатат. Балдардын эмгеги канча айдан же жаштан ката баштоосу керек деп сурайын дегем. Эрте катса зыянбы?

Айгүл, 30 жашта, Бишкек

– Наристелердин эмгеги 6 айдан 1 жашка чейинки аралыкта катышы кажет. Антсе да баланын организмине жараша 2 же 3 жашта деле каткан учурлар кездешет. Ошондой эле баланын мээсинде кандайдыр бир оору бар болсо, организминде витаминдер ашыкча же жетишсиз болсо да, эмгеги эрте же кеч катат. Эрте катса мээнин карынчаларынын кеңейишине алып келет. Кеч катса мээде оору бар болушу мүмкүн.
Андыктан бала 6 айга толгондон кийин педиатрга көрсөтүп, эмгегинин абалын текшертип туруу керек, өз алдынча витаминдерди берүүгө болбойт.

КУЛАКТЫН ТҮБҮ ШИШИСЕ БАЛА ТУКУМСУЗ БОЛУП КАЛАБЫ?
– Баламдын кулагынын түбү шишип кеткен эле. Врач «паротит» деген диагноз коюп, дарыларды жазып берди. Бул дарт тууралуу түшүндүрүп коёсуздарбы? Дарылатпай койсо бала кийин тукумсуз болуп калышы мүмкүнбү?

Айдар, 28 жашта, Ош

– Эпидемиялык паротит оорусу элибизде «тепме» деп аталат. Бул сасык тумоо сыяктуу абадан жугуучу жугуштуу дарт. Кулактын алдындагы без сезгенип, шишип, оорутат. Убагында дарылатпаса оору күчөп кетет. Башкача айтканда, козгогучтар ички органдардагы башка бездерди (уйку, бөйрөк үстүндөгү жана жыныстык без) да сезгентет. Дарылабаса кийин тукумсуз болуп калышы мүмкүн.
Айылдарда эгиз төрөгөн аялдарга тептирип ырымдатат. Бирок андан бала айыкпайт. Врачка гана көрсөтүп дарылатуу керек.

БАЛА ЭМНЕГЕ ТИШИН КЫЧЫРАТАТ?

– Менин эки жарым жаштагы балам уктап жатканда тишин кычырата берет. Бул эмнеликтен?

Гүланда, 25 жашта, Сокулук

– Негизи, балдардын ичегисинде мите курт болгондо тишин кычыратышат. Андыктан заңын текшертип, эгер курт бар экени аныкталса, анда дарылатуу зарыл.

Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун педиатры ГҮЛСҮН МОЛДОКУЛОВА жооп берди.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз. Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(13)
19.05.2014. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин кызымдын эмгеги торолгондо эле кичине экен кийин врачтар эрте бутуп калыптыр дешти озу наристелерге д витамин ичирет экен биздики ансыз деле тез эле бутуп барататго коркунуч жокпу азыр 4 айдан оттук.
19.05.2014. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий мага керектуу маалымат экен )))ракмат
19.05.2014. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат мага да жакты.
19.05.2014. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шишик пайда болгондо эгиз торогон аялга тептирсен шишик бат эле жоголуп кетет экен .
20.05.2014. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат,пайдалуу экен.
20.05.2014. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энелер учун эн керектуу маалыматтар, рахмат супер инфо
20.05.2014. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кызыма 4 айдан баштап суп бере баштагам. Тойбой калчуле сутумо. Албетте аз аздан. Анан шорпонун этин сорчу талашып. Ошентип жакшы торолгон. Абдан жакшы кенештер экен. Рахмат мед айымга
21.05.2014. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уул балага памперсти дайым кийгизип жүрсө тукумсуз боуп калабы? (кеңеш рубрикасына кат жибере албай койдум)
22.05.2014. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rahmat
23.05.2014. 04:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенештер рахмат
25.05.2014. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан керектуу,пайдалуу кенештер экен. Рахмат сиздерге супер инфо!
03.03.2016. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Супер таблица толугу менен ачпай жатат го...?! жана кантип кочуруп алсам болот?
03.03.2016. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ss90,
Саламатсызбы!
1. Толук көрсөтүп жатат, катачылыктар сиз тараптан кетип жатат. Интернетиңиздин ылдамдыгын текшерип көрүңүз.
2. Уюлдук телефон менен кирип жатасызбы же компьютер мененби?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо