ЭСТЕ КАЛГАН ЭПИЗОДДУК КААРМАНДАР

№602 16-май-22-май, 2014-ж

«Мени киного тартчы, жок дегенде бир жеринен жүгүрүп өтүп кетейин...» Жаңылбасам ар бир режиссёр тааныштарынан ушул сөздү угат болуш керек. Таланттуу актёрлор тасмадан жүгүрүп өтүп баратып деле ролун жеткиликтүү ойноп, элдин эсинде калышат.

«ШОРПО ИЧЕСИҢБИ?»
«Боз салкын» тасмасында эт кайнатып жаткан мас киши Асемага «Шорпо ичесиңби? Денеңдеги дарттын баарын айдап чыгат» деген жери эсиңиздеби?
2 мүнөттүк ролун жеткиликтүү аткарып, көрүүчүлөрдүн эсинде калган актёр Каныбек Бекбатыров «Тунгуч» театрында эмгектенген. Өмүрүн театрга арнаган актёр сахнада көптөгөн кайталангыс образдарды жаратса да, чоң тасмада башкы каармандын образын аткарууга жетишпей, шум ажал арабыздан алып кеткени өкүндүрөт.

Бул тасмага актёр кантип тартылып калгандыгы тууралуу тасманын режиссёру ЭРНЕСТ АБДЫЖАПАРОВ төмөнкүдөй эскерет:
– Каныбек менин жакшы көргөн актёрум болчу. «Таранчы» аттуу кыска метраждуу эң алгачкы тасмама тартылып, менин кино дүйнөсүнө кадам ташташыма салым кошкон. Кийин «Айыл өкмөтү» тасмасында да жакшы аткарып берди. «Боз салкынды» тартарда эле аны божомолдогом. Бирок аткарчу ролу чоңураак болчу. Кинону тарта баштаганда ошол жерлик адамдар ичирип коюшуптур. Ошентип анын ордуна Камчы Сарыбаев тартылып, өзү эт бышырган мас адамдын ролун аткарып калган. Кийинчерээк Каныбекти бир чоң тасмамда башкы каарман кылып тартсам деген тилектерим бар эле, минтип, көзү өтүп кетпедиби...

Атасы тууралуу актёрдун уулу АДИЛЕТ БЕКБАТЫРОВ мындай деп эскерет:
– Атам 1990-жылдардан тарта өмүрүнүн аягына чейин «Тунгуч» театрында иштеди. 2007-жылы «Боз салкынга» тартылып келген соң 1 айдан кийин каза болуп калды. Өкүнүчтүүсү, атам театрда деле, тасмаларда деле жалаң мастын ролун аткарып жүрүп өттү. Чоң ролдорду деле аткарууга анын кудурети жетмек, бирок өзү «мага роль, наам бер» деп жулунуп-жутунбаган адам эле. Кичинекей эпизод болсо да ага аябай даярданып, ишине олуттуу мамиле жасачу.

«АЙЛАНАЙЫН, КЕЛИНИМДИ КОРКУТУП КОЙЧУ»
«Айыл өкмөтү» тасмасында аймактык тескөөчүгө келип, «айланайын, балам, менин келинимди «кайненең менен айтышсаң, түрмөгө отургузуп салам» деп тээтиги тапанчаң менен коркутуп койчу» деген апаны эстеп көрсөңүз. Так ошол кайнененин образын катыра аткарган актриса ырчы Эрмек Мойдуновдун жубайы Жаркын Балыкбаева. Аталган тасмага кандайча тартылып калгандыгы тууралуу актриса буларды айтып өттү:
– Өзүм Ташкенттеги театралдык институтту аяктагам. Мурда жаш кезимде «Көчө» тасмасында мугалимдин образын жараткан элем. Кийин Союз ыдыраган соң кино жааты солгундап, анын үстүнө бут тоскондор болуп, тасма айдыңынан алыстап кеткем. Кинодогу багымды «Айыл өкмөтү» тасмасындагы кайнененин эпизоддук ролу ачты. Ошол эпизодду 2 күндө тартышкан. Андан кийин көптөгөн тасмага тартылсам да, дале элдин баары мени көчөдөн көрүшсө «баягы кайнене го» деп таанышат. Учурда 2 уулум, 2 неберем бар. Чыныгы жашоодо келиндерим ыймандуу, тил алчаак (күлүп).

ЖАРМА ТАШЫГАН КЫЗ
«Президент жана бомж» тасмасында Омордун башына кыйынчылык түшкөндө ага жарма ташып келип айланчыктаган кызды көргөн чыгарсыз. Ал кыздын чыныгы турмуштагы аты-жөнү – Жанара Барманова. Учурда Кыргыз драма театрынын актрисасы. Тасмага кандайча тартылып калганы тууралуу минтет:
– Жарма алып келген жери менен жаан жааган жерди 1 күндө тартышкан. Ошол күнү аба ырайы суук болгон эле. Жука кийинип алган болчумун, аябай үшүгөнүм али күнгө чейин эсимде. Бирок үшүгөнүмдүн акыбети кайтты окшойт. «Президент жана бомжго» чейин, андан кийин деле көптөгөн тасма, клиптерге тартылдым, бирок эл мени ошол эпизод менен эстейт. Базарга барсам көчөдөн көргөндөр «Сен баягы жарма алып келген кызсыңбы?» деп сурай беришет.
«Кичинекей роль болбойт, кичинекей актёр бар» деп орустар айтмакчы, кичинекей эпизод менен элге таанылгандар албетте көп. Бирок, көрөрмандар чыныгы талантты кичинекей жана чоң деп бөлбөй тургандыгын жогорудагы каармандарыбыз далилдеп өттү окшобойбу.

Асхат Субанбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(21)
19.05.2014. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда киного тартылгым келет....
19.05.2014. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул актерлорго ийгилик, айрыкча Аскатка
19.05.2014. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"минтти","минтет" деген сөзүңөр жакты :)
Жаңы угуп жатамбы же мурда эле угуп жүрдүм бекен эсимде жок ушул сөзүңөрдү.
20.05.2014. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
AMAH-2,siz aytkanda gana makalanı kayra karap chıktım chındıgında kulkuluu ''mıntet'' ''mınttı'' degen bul regıonaldık dıyalekt go bılıshımche ayabay jakshı baykapsız...
02.06.2014. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kaltunlu, эч кандай диалект эмес эле, кунумдук эле колдонулчу создор.
19.05.2014. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"мени киного тартчы, жок дегенде бир жеринен жугуруп отуп кетейин" деген жеринер жакты. Мен болсо Жанара эжеге ийгилик каалайм.
19.05.2014. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эрнест байке бизда жаны кинонуздун бир жеринен секирип отуп кетсек болобу алга ийгилик сизге
19.05.2014. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда жугуруп отуп койсом окшойт .)))
19.05.2014. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Анан" жылдын мыкты жугуруп отуучулору" деген наамдар бериле баштайт дебейсинби.
21.05.2014. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
боорду эздиниз го
20.05.2014. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Супер инфо,,,Ак илбирстин тукуму" фильминде Кожожаштын ролун аткарган Догдурбек Кыдыралиев жонундо жазгылачы.Фильм жонундо да кайсы жерде тартылган,кандай сыйлыктарды алганын жазсанар жакшы болмок.
20.05.2014. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jyrgal_msk,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз, рахмат!
20.05.2014. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен актер болсом деп журом. Буйруса кинолордо башкы каарман болом.
21.05.2014. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиги жанараны мен Назира бердигулова дЕп жуРоМго
21.05.2014. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаркын эженин талантын баалайм. аял катары да жакшы аял болсо керек дейм
21.05.2014. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боз салкын киносу мага аябай жаккан
21.05.2014. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да актёр болууну каалайм кантип канткенде
21.05.2014. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени дагы киного тартып койгулачы,бир жерден басып өтүп кетейин
23.05.2014. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тапанча менен коркута турган жерине тарткылачы мени.дагы тартып калсанар кокус.
23.05.2014. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
raimzhanov81, ))))))))))))
25.05.2014. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
raimzhanov81, Кой уят болот антпе
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо