ЖҮРӨГҮ ООРУГАНДАРДЫН АР БИР БЕШИНЧИСИ ЖАШ БАЛА...

№603 23-май-29-май, 2014-ж

  • Өлкөдө ЖҮРӨК ООРУСУНА кабылгандар үчүн жыл сайын 300 операция жасалат. Алардын 20 пайызын жаш балдар түзөт.
  • Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоевдин айтымында, Кыргызстанда ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН каза болгондордун саны Ооган согушунда курман болгондордун саны менен тең. Жол кырсыгынан жыл башынан бери 176 адам каза тапкан.
  • Башкы прокурор Аида Салянова Бишкекте ӨЗҮМ БИЛЕМДИК менен курулуп жаткан 116 объект бар экендигин билдирди.
  • 21-май күнү парламенттик жыйында вице-спикер Төрөбай Зулпукаров министрлерден УЮЛДУК ТЕЛЕФОНДОРУН алып коюуну суранды. Анын айтымында, суроо-жооп учурунда айрым мекеме жетекчилери телефондорун чукулап, ойноп отурушат.
  • Кара-Балта СПИРТ ЗАВОДУ атаандаштыкка туруштук бере албай ишин токтотту. Бул тууралуу вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди.
  • Кыргыз-казак чек арасындагы Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан «КАРКЫРА» ӨТКӨРҮҮ пункту кайрадан ишке киргизилди. Эске салсак, ал былтыр октябрь айында жабылган эле.
  • Криминалдык авторитет КАМЧЫ КӨЛБАЕВ эркиндикке 8-июнда чыгат. Бул тууралуу ички иштер министри Абдылда Суранчиев билдирди.
  • Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине САЛЫК ТӨЛӨМДӨРҮН накталай алууга тыюу салынды.
  • Бишкек ШИИББи жашы жете элек өспүрүмдөрдүн кечки саат 22:00дөн кийин КӨЧӨГӨ ЧЫГУУСУНА тыюу салууну көздөөдө. Эгерде мыйзам кабыл алынса, түнү көчөдө жүргөн балдар кармалып, ата-энелери чакырылып түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
  • Жогорку Кеңештин депутаты ШИРИН АЙТМАТОВА «Балдар үйүнүн тарбияла-.нуучуларынын 3 маал тамак-ашына күн сайын 100 сомдон, ал эми бажы кызматындагыларга күнүнө 256 сомдон акча бөлүнөт»деди.
  • Кыргызстан Тажикстандан 500 миллион киловатт-саат электр энергиясын сатып алат. Ар бир киловатт-саат 2 центке бааланды.
  • Бакалавр, магистратура жана философия илимдеринин докторлугу боюнча үч деңгээлде АДИСТЕРДИ ДАЯРДООГО алты гана окуу жай уруксат алды.
  • Өкмөт айдоочулукту өз алдынча үйрөнүп алгандарга АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮК алуу үчүн сынакка кирүүсүнө тыюу салууну сунуштоодо.

Темирбек Матаев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
26.05.2014. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан Тажикстандан 500 миллион киловатт-саат электр энергиясын сатып
алат. Ар бир киловатт-саат 2 центке бааланды. -Уят! Бет деле калбай калыптыр силерде!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо