КҮҮ АТАСЫ НУРАК ДҮЙНӨДӨН ӨТТҮ

№604 30-май-05-июнь, 2014-ж

Нурак Абдрахманов сыймыктанып эскерчү инсан. Салттуу музыканын чолпон жылдызы, күү атасы. Мына ошол заманыбыздын залкары Нурак Абдрахманов 25-май күнү узакка созулган оорудан улам 67 жашында арабыздан узап кетти. Залкар талант 26-май күнү филармонияда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен концерт коймок. Аттиң, ал асыл ою аткарылбай калды...

6 ЖАШЫНДА «БАЛА КОМУЗЧУ» АТАЛГАН
Атасы Абдрахмандын таасири менен 6 жашынан тарта комуз чертип баштап «бала комузчу» деп атала баштайт. 12 жашында айылдык комузчулардын черткен күүлөрүнөн сырткары Карамолдо, Ыбырай, Атай, Токтогул сыяктуу алп комузчулардын күүлөрүн үйрөнүп, салтанаттарда аткара баштаган.
1962-жылы 15 жашында эмгекчилердин кароо-сынагына катышып, райондо, облуста жана республикалык сынактарда комузчулар арасында биринчиликти жеңип алган. 1964-жылы орто мектепти бүтүргөн соң Токмоктогу Маданий агартуу окуу жайына кабыл алынат. Кийин Маданият үйүнүн алдында комузчулар ансамблин, драмалык коллектив, хор коллективи жана эстрадалык ансамблди камтыган «Шаттык» аттуу өздүк көркөм чыгармачылык ийримин түзөт. 1974-жылдан баштап Ак-Талаа райондук Балдар музыкалык мектебине мугалимдик, кийинки жылы директорлук кызматка дайындалат (1982-жылга чейин). 1987-жылы Маданият министрлигинин чечими менен Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын «Камбаркан» ансамблине ырчы-солист болуп кабыл алынган. Аталган ансамблде өмүрүнүн аягына чейин эмгектенди.

КӨӨДӨНГӨ СИҢГЕН КҮҮЛӨРҮ
Нурак Абдрахмановдун жараткан күүлөрү жеке эле кыргыз журтчулугунун көкүрөк көксөөсүн сугарбастан, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнө тарады. Анын комузга жан киргизе ойногон күүлөрү Япония, Франция, АКШ, Чехия сыяктуу көптөгөн өлкөлөрдө жаңырды. 2009-жылы «Нурактын күүлөрү» деген аталыш менен анын чыгармаларынын арасынан 17 күүсү нотага түшүрүлүп, өзүнчө көлөмдүү китеп болуп чыккан. Анын «Соң-Көл», «Ата мурасы», «Улуу тоо», «Сары өзөк», «Алтын балалык» аттуу күүлөрү, «Курултай», «Аппак сүйүү» жана «Бул дүйнө» деген ырлары эл арасында кеңири тараган.
Чебер талант ар бир күүнүн келип чыгыш тарыхын айтып берер эле. Ал өзү жараткан «Улуу тоо» күүсү жөнүндө төмөнкүчө баяндап айтчу. «Кыргыз эли тоону ата-энебиздей көрөбүз. Тообуз жок болсо өзүбүздү талаада калгандай сезебиз. Бул күүнү кыргыздын тоолоруна таасирленип жазгам. Мен бала кезден тоо коюнунда чоңойдум. Таң эрте тийген күн нуру биринчи тоо бетине тиет. Ошол учурда уларлар шаңдуу үн салып, ал үндөр тээ алыскы аскалардан бир керемет болуп жаңырчу. Табият коюнундагы түркүн куштардын сайраганы, суулардын шаркырап акканы өзүнчө эле оркестр сыяктуу сезилчү. Мына ошол табияттын керемет музасы, бийик тоолор бул күүнүн жаралышына түрткү болду».

ЖӨНӨКӨЙЛҮГҮН ЖОГОТКОН ЖОК
Нурак Абдрахманов жашоодо өтө жөнөкөй адам катары өмүр сүргөнүн жакындары айтышат. Наам, атак-даңкка жан уруп чуркабады. Өнөр сүйгөн шакирттерди таптады, өстүрдү. Ал дайыма салттуу музыканы көтөрүүгө жан үрөп күйгөндүгүн, комузду, күүнү кадимки көрүнүш катары карап, аны баалабаган, көкүрөгү сокур, кайдигер адамдарга өкүнүү менен карагандыгын анын замандаштары сыймык менен эскерип жатышты.

ЫРЫСБЕК ЖУМАКУНОВ, «Камбаркан» фольклордук ансамблинин жетекчиси:
– Нурак ага залкар адам болчу. Мен бул киши менен «Камбаркан» фольклордук ансамбли түзүлгөндөн бери иштешип келе жатам. Нурак агай такыр бекер турчу эмес, жок дегенде комуздун бетин кырып, тазалап отурчу. 1993-жылы Германияда Чыңгыз Айтматовдун китеп күндөрү өтүп, ал жакка кошо барып калдык. Биз берген концертте Нурак Абдрахмановдун «Сары өзөк» күүсүн оркестрге салып ойнодук. Ошондо Чыңгыз Айтматовдун «Менин чыгармаларымдын негизинде пьеса, күүлөрдү жазышат, бирок мен бул күүдөн өзүмдүн чыгармаларымды көрдүм. Сага рахмат!» деп айтканы ар дайым эсимде.


СУЛТАН АБДЫРАКМАНОВ, «Доор аяны» берүүсүнүн автору:
– Мен Нурак аганын замандашы катары он беш жылга жакын үй-бүлөлүк катышта болдук. Нурак агай кыргыз үчүн күйгөн адамдардын бири эле. Көзү өтөрдөн бир күн мурда менин Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдыгына карата даярдалган «Доор аяны» берүүмдө Нурак Абдрахмановдун «Курултай» деген ырын өзүнүн аткаруусунда көрсөткөн элем. Нурак агай менен бир аз мурда байланышканда «Ошко барам» деген эле. Күтүүсүз жерден кайтыш болуп кетти...

 

 

САЛАМАТ САДЫКОВА, КРнын Эл артисти:
– Нурак агай менен күү күүлөп, обон кайрыкты бирге кайрып Батыш, Чыгыш, Азияны, Европаны бирге кыдырдык. Агайдын тулку бою нукура кыргызды таанытып турат эле, күлгөнүнөн ойлогон ою, айткан жомогуна чейин. Мен Нурак агайга «эски замандардан кыргыздын жалгыз үлгүсү болуп калгандайсыз» деп тамашалап койчумун. Ошондой нукура кыргызыбызды жоготтук. Анткени анын турган турпаты бүтүндөй суу кошулбаган кыргыз эле. Күүлөрү, калтырган ырлары кылым карытат деген ойдомун. Артына изилдене турган өмүр калтырды


МУНДУЗ НУРАК уулу:
– Атам бизге ар дайым «чын сүйлөгүлө, бирөөнүн каарына калбагыла, татыктуу болгула, ата-бабаңарды эстеп жүргүлө» деп насаат айтар эле. Биз 14 бир тууганбыз. Атам былтыр ашказанынан операция болгон. Быйыл да жасаталы десек дарыгерлер «дагы операция кылсак болбойт» дешти. Акыркы күндөрү баарыбыз атамдын жанында болуп жаттык. Атам наам, даңкка анча маани берчү эмес. Атама Карамолдо, Токтогул, Тоголок Молдо атабыздын күүлөрүн изилдеп, жаңы күүлөрдү жаратуу жакын болчу. Өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүнө чейин комузун колунан түшүргөн жок.


КЫЛЫМДАР АСЫКБЕК УУЛУ, шакирти:
– Мен Нурак атанын колуна 5 жашымда келдим. Шакирти болууну «Алтын балалык» күүсүнөн баштагам. Мени комуз дүйнөсүнө аралаштырган улуу устатым эле. Комузду кантип кармаганды үйрөттү. Өзүнүн нотасы бар эле. Бизге тапшырма берчү, эгер аны аткарбасак, андан ары үйрөтчү эмес. Устат-шакирт катары беш жыл окуп, Нурак атамдан көп күүлөрдү үйрөндүм. Мени «эң кенже шакиртим ушул» деп айтчу. Биринчи ирет сахнага өзүнүн концертинде алып чыккан. Нурак атам менин экинчи атам эле.

 

 

Юлия Руцкаянын учурда хит болуп турган «Аппак сүйүү» деген ыры Нурак Абдрахмановго таандык.

Султан Төрөбеков
star@super.kg


Нурак Абдырахмановдун сөөгү жерге берилди

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(49)
SUPER.KG видео
28.05.2014. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
эххх. окунучтуу .Жаткан жери жайлуу болсун! А Саламат Садыкованы айта турган болсок , соз жок! Тойго келгенсип , жазанып алыптырго , уят эже !!! Ага каараганда кенедей кыздар жоолук салынып журот! Атанын арбагын сыйлап койсо боло , кичине болсо дагы . Уят , уят , уят !!!
SUPER.KG видео
28.05.2014. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жаткан жери жайлуу болсун!!саламат садыкованын денгеели ушунчалык беле чоочун адам олсо да ичин чымылдап сыздайсынго бул эжекебиз кантет апппапак костюмду кийип гуйооого чыканы баргансып кийинип макияжды да чаптап алып закска чыкчуудай УЯТ жоолук башына салбаганын айтпай эле койойлу.Акаеви мандайында тургансып!!!
SUPER.KG видео
28.05.2014. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нурак агайдын жонокойлугуно,талантына тан беремин.Жонокой демекчи улуу залкар, инсан болсо да,коомдук транспорт менен журоор эле,ар дайым маршруткадан коруп саламдашаар элем.Кыргызым, бугун биз дагы бир чон таланттуу,акылы куч,бийик адамдан айрылып олтурабыз.Жаткан жери жайлуу болсун.
SUPER.KG видео
28.05.2014. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
а эмнеге Ала-Арча корустонуно берилген эмес???
SUPER.KG видео
28.05.2014. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах бейиштен орун берсин аамин
SUPER.KG видео
28.05.2014. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Козумдон жаш агып, журогум зыркырады. Барган сайын жылдыздар суюлуп, кыргыздын чыгаан уулдарынын ажырап жатканыбыз мени окундурот. Айлан жок, тагдырга баш ийебиз да. Кудай Нурак акенин сыноосун женил кылып, кылган куноолору болсо кечирсин!
SUPER.KG видео
28.05.2014. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бейиштен орун алсын!
SUPER.KG видео
28.05.2014. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жери жайлуу болсун! Бейиштен орун алсын!Саламат Садыкова майрамга баргансып ак пиджак кийип алыптыр го.Маданият тармагындагы адамдар траур кийимин билишпейт го.Жалан эле тойдо журушуп конуп калышса керек.
SUPER.KG видео
28.05.2014. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жериниз жайлуу болсун дегенден башка арга жок козго жаш алдык.Саламаттын жоругуна тушунгон киши жок бул уятсыздык откондо Абасов олгондо да депутат аял башында жоолугу жок суйлоду.Майрамда суйлоп аткандай го булар?
SUPER.KG видео
28.05.2014. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээх кыргыз элибиздин дагы бир чыгаан инсанын жоготтук.Мындай чыныгы талант кылымда жаралат,жаткан жериниз жайлуу болсун Нурак ага элесиниз туболукко жашайт !
SUPER.KG видео
29.05.2014. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Salamat Sadykova ushul jerge kelgen biroo jarymga jagip kalaarmyn dep, ozun oilogon okshoit.Jashy otkon saiyn katuu kulup, suiuu temasyn ele suilop jurot! Uiyat, uyat, uyat! Kozu kichine bolso, oshoncho boiop chonoitot da emi,arga jok!
SUPER.KG видео
29.05.2014. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Salamat Sadykova 28 jyl choguu ishtegen kesipteshiniz bolgonu 67 jashka chykkan eken.Toksongo chykkan adamdy dagy mintip kulup jainap uzatpait.Kalp dagy bolso kuiup koisonuz bolo....Siz suigon bir kezdegi adamynyz aityp jatsa kerek, tash boor Salamattan yras ele ketiptirmin dep...
SUPER.KG видео
29.05.2014. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jatkan jeri jailuu topuragy torko bolsun atanyn! Allah janattyn torunon orun bersin.
SUPER.KG видео
29.05.2014. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окунучтуу!жаткан жери жайлуу,арты кайрылуу болсун.туугандарына сабырдуулук.козумо жаш алдым агайдын архивдеги откон кундорун корсоткондо.мындай чыгаан адамдар агайдын сабагын алып калгандардан чыксын атын очурбой.
SUPER.KG видео
29.05.2014. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арты кайрылуу болсун! Кудайым бейишинен берсин!
SUPER.KG видео
29.05.2014. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурак Абрдахманов олгон жок. Анын куулору, кайрыктары, кылымдарга жашай бермекчи. Эчендеген шакирттерди тарбиялады.жайы жаннаттан болсун.
SUPER.KG видео
29.05.2014. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрлер кетет - эл калат, Бектер кетет - бел калат дейт экен кыргызда. Айтайын дегеним, баарыбыздын бараар жерибиз бир болгон сон, аркасында калтырып кеткен чыгармалары эми эл арасында унутулгус кенч болуп кала бермекчи. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болуп, кудай озу бейиштен оорун насип кылсын!
SUPER.KG видео
29.05.2014. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tavsan myndai koz karashty bashka koldonuchuular dagy aitty.Baikabai kalgandai al 15 jashtagy kyz emes go.Al dagy el kozuno korungon adam. Ar bir suilogon sozuno myndai uchurda maani berilet.Bir koldonuuchu jazgandai toigo baryp jurushup konup kalyshkandai.....
SUPER.KG видео
29.05.2014. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурак атаны соз менен мактап жеткире албайбыз! Улуу таланты, нурдуу жузу,абдан адамкерчилиги менен бийик,залкар инсан! Сиздин чыгармаларыныз эч качан кыргыз элинин журогунон жана тарыхтан очпойт! Жаткан жериниз жайлуу болуп, Кудайым сизге бейиштин торунон оорун берсин оомиин!Сиздин жалпы элиниздин журогу сыздап атат, ушунча эрте кетпей элинизге чыгармаларынызды тартуулап журо берсениз...Аттин! Айла жок экен да тагдырга.
SUPER.KG видео
29.05.2014. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурак атанын бул дуйнодон кеткенин билбепмин. Видеону корууп тан калып турам. Тообо кылдым,бугун саарлап компто куулорун укканыма тан калам. Козу отсода куулорун келечек муундарга калтырып кетти,жанада бизгеда.
Жаткан жайы жайлуу болсун,Аллахым бейиштен берсин.
SUPER.KG видео
30.05.2014. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин досум группалашым мундуз арты кайрылуу болсун
SUPER.KG видео
30.05.2014. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны жаннаттан болсун. Дагы бир залкар кылымда бир жаралуучу залкар кетти. А Саламатка уят




02.06.2014. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыргыз элин дуйного тааныткан чыгаан уулу,улуу комузчусу жаткан жериниз жайлуу,жаннат болсун! олбос,очпос чыгарган куулорунуз туболук кыргыз эли менен кала берет!
SUPER.KG видео
02.06.2014. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламат тойго келгендей келген го кычырап, жылмайып.
SUPER.KG видео
02.06.2014. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунчалык жаман болуп жатам. Нурак ата жаткан жериниз жайлуу болсун! Сиз менен чогу олтуруп баарлашып калганыма абдан сыймыктанам. Мага сонун куулорунузду чертип бердиниз эле. Ушунчалык керемет адам элениз. Кудайга да керек болгонсуз го.Жаткан жериниз жайлуу болсун(((((((
02.06.2014. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Саламат эже туура айтат Нурак атанын тулку бою эле чыныгы кыргызды таанытып турат деп.
02.06.2014. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beyiwi bolsun Nurak atanyn! jerge jakwy beriliptir...
03.06.2014. 04:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы бир кыргыз алпы...аттин ай,анын куулору дале кулагымда.Бейиши болсун.Нурак ата,дале уучубуз кур эмес.
03.06.2014. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эх... дагы бир алпыбыздан айрылдык деп 26 май куну окуп журогум ооруду.нурак атанын куулорун угуп эс алам,нурак ата кыргыз элибиздин улуу эл экенибизди далилдеп кетти.
05.06.2014. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
арман ай журогум канап кетти улуузалкар кетти эми мындай адам жок бизде кошбол кыргыздын куулору.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо