№604 30-май-05-июнь, 2014-ж
Жогорку Кеңештин экс-спикери, «Ата Журт» партиясынын лидерлеринин бири Ахматбек Келдибековдун жердештери жана жактоочулары Ош-Эркеч-Там жолун 27-май күнү бууп алышты. Мындай окуя ушуну менен экинчи ирет кайталанууда. Ахматбек Келдибековдун туулган айылы Сопу-Коргондун жанынан тосулган жол жакын арада ачылчудай көрүнбөйт. Аталган трасса стратегиялык мааниге ээ, анткени ал Кытайга алып барат. Орто жолдо калган жүргүнчүлөр, жүк ташыган ишкерлер бушайман. Нааразычылык акциясына чыккандар болсо «ушундай иш менен гана чоңдорго үнүбүз жетпесе, башка арга жок» дешет. Алардын пикиринде, Ахматбек Келдибековду бийлик жөн жерден айыптоодо.
КЕЛДИБЕКОВ БОЮНЧА ТЕРГӨӨ ИШИ УЗАРТЫЛДЫ
27-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Ахматбек Келдибековго карата кылмыш иштерин тергөөнү 27-июнга чейин жылдырып, аны камакта калтыруу чечимин чыгарды. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана депутаты 2013-жылдын 20-ноябрында кармалып, УКМКнын тергөө абагына жеткирилген болчу. Ага карата «коррупция» жана «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. Дээрлик ошол күндөн тарта Келдибековдун жакындары жана тарапташтары тарабынан жолдор тосулуп, митингдер өткөрүлө баштаган. Белгилей кетсек, депутат кармалардын алдында «Кыргызгаздын» орусиялык «Газпромго» сатылышына каршылыгын билдирип жаткан эле.
ЖОЛ БУУГАНДАР КЕПКЕ КЕЛБЕЙ ЖАТАТ
Октябрь райондук соту чыгарган чечимге улай, ошол эле 27-май күнү Ош облусунун Алай районуна караштуу Сопу-Коргон айылынын жанында Ахматбек Келдибековдун 100дөн ашуун тарапташтары депутаттын бошотулушун талап кылуу менен Ош-Эркеч-Там жолун бууп алышты. Алар жол боюна боз үйлөрдү тигип, жолго шагыл төктүрүп, чоң-чоң таштарды тизип чыгышты. Акциянын катышуучулары менен жергиликтүү бийликтин, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүү-түшүндүрүү иштеринен азырынча майнап чыга элек. «Келдибеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылсын. Ал бошотулмайынча биз ушул жерден жылбайбыз» дешүүдө депутаттын жактоочулары.
Акциянын кесепетинен жолдо тыгын жаралып, 100дөй машина сапарын улай албай токтоп турат. Машиналардын көбү жүк ташуучу унаалар болгондуктан, ишкерлер зыян тартып, бул аймакта жашаган тургундар да жолдун жабылуусунан кыйналышууда. Гезит басууга кетерде жол ачыла элек болчу.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
эле узуртып жатат моонотун чыгарып койсо жакшы болмок. Келдибеков чыгып
ТС га каршы бир нерсе кылса жакшы болмок. Мен Келдибековту
колдойм,Ашадан караганда 100эсе ойдо турат. "Ак ийилет бирок сынбайт".