КАМИЛА ТАЛИЕВАГА БОЙКОТ ЖАРЫЯЛАНДЫ

№604 30-май-05-июнь, 2014-ж

Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева сын-пикирлердин толкунунан чыга албай калды көрүнөт. 24-апрель күнү маданият өкүлдөрү бийликтин маданият тармагына жетиштүү көңүл бурбаганына нааразычылык билдирип өкмөт үйүнө бекеринен өкүрүп барышпаган сыяктуу.
Бул сапар Казакстан, Орусия жана Түркиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү Камила Талиева катыша турган иш-чараларга бойкот жарыялап, өткөрүлө турган башка иш-чараларга аны чакыруудан баш тартмай болушту. Бул тууралуу социалдык маселелер боюнча вице-премьер Эльвира Сариевага келип түшкөн катта жазылган.
Диаспоралардын кайрылуусуна караганда, К.Талиевага болгон нааразычылык 3-майда Казакстандын борбору Астанада болуп өткөн «Ала-Тоо булбулу Токтогул» деген иш-чарадан улам келип чыккан. Бул иш-чара диаспора жана демөөрчүлөрдүн эсебинен өткөрүлүп, министр К.Талиева конок катары катышып келген. «Кыргызстанга келген соң К.Талиева иш-чараны министрлик уюштургандай билдирүүлөрдү таркатып жатат»,- деп айтылат Э.Сариевага жолдонгон катта.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматындагылар техникалык каталарга шылтап, Камила Талиева чыныгы уюштуруучуларды унутушу мүмкүн эмес дешүүдө.

 

Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(15)
02.06.2014. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
негизи башка олкодо кыргыз элинин чыгаан уул-кыздарынын демоорчулугу менен отуп жаткан сон аларды белгилей кетсе жакшы болмок
02.06.2014. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз кыргыздар бироону жаман десе бир жолу жаман деп жабышып алмайыбыз бар. Сындарды камила айым деле тушунуп жаткандыр.
Элди куттуруп коюп намаз окуйт экен д депутат И.Карамушкина айтып чыктыле. Деги элге эмне кылса жагат адам озу?...
02.06.2014. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бизде министр деген кызматка ар ким эле, акчасы болсо болду бара берет да? Иштей алабы, албайбы эч ким сурабайт? Ушул учун онугуу жок да.
02.06.2014. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Министир болукга жетишерлик билими жок бул сулуунун. Атка минген бироонун башы козун айлантып эле министир боло калды.
Модератор admin_superstan түзөттү 02.06.2014 16:22
02.06.2014. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Begimkyz, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
02.06.2014. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
чынында эле биз кылып жатабыз деген ак уйдогулорго ишенбейм.Аида Салянова деле мен Сапаргулду таптырып жолунду толоп берем деп айттык дегенин угуп эмнеге жалган суйлошот дегем,анткени ага кеткен каражатты ким тологонун билгем болчум.ошондуктан мумкун бул да чындыктыр.билгендерибиз бул болсо билбегенибиз канча кыргыз элим.азыр бизнесмендерге рахмат айтыш керек,чет жерде жамандык жакшылыктарды консулдар эмес бизнесмендер аткарып жатышат.
03.06.2014. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Султан Раевди ордуна кайра коюш керек!!!
03.06.2014. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Маданият тармагында иштеген маданиятын кухнясын билген адам министр болуш керек да.Албетте маданият сферасында иштегендердин кыжыры келет.Левый адамдарды министр кылууну токтотуш керек.Бул эжеге министирлик сунушталганда да ойлонуш керек болчу,озун ушул орунга татыктуу деп эсептегенине тан каласын.
03.06.2014. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошо ак уйго окуруп барган жарнамасын берип коеосуздарбы?
04.06.2014. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
04.06.2014. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Койгулачы эптеп жүрүп жетип алган креслосуна олтура турсун....Болбосо адам өз деңээлин,дареметин билиш керек да.
04.06.2014. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч нерсе эмес, эми Талиеванын артынан жууп, анын атынан өзү каалагандай иш жүргүзө турган (анткени министр бул жаатта эч нерсе билбегенден кийин), мурда министрликте статс-секретарь болуп иштеген Ь.Бектеналиев зам болуп бекиди, Камиланын "кулагы" эми бир аз эс алат болуш керек.
04.06.2014. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушакчы коро албастык качан калат экен бизде.
07.06.2014. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушулдын кылган ишинен тажадым
08.06.2014. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маданият министрлигине маданият жаатындагы адамды коюш керек. Султан Раев, Ибрагим Жунусов агайлар сыяктуу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо