-
Кыргызстанда өзгөчө статуска ээ, ЧЕК АРАГА жакын айылдардагы жерлерди чет өлкөлүк жарандарга сатууга тыюу салынганы жатат. Мындай мыйзам долбоору 26-майда Жогорку Кеңештин комитетинде каралып, колдоо тапты.
-
Бишкек шаарынын мектептеринде окуу орундарынан 38 миңге көп окуучу билим алышат. Борбордун 94 мектебинде 112 миңге жакын ОКУУЧУ бар.
-
ТҮРКИЯГА кирүү тартиби өзгөрдү. 2015-жылдын 1-январынан тартып жарандын паспортунун жарамдуу мөөнөтү 60 күнгө чейин аяктай турган болсо, ага аталган өлкөнүн чек арасынан өтүүгө тыюу салынат.
-
Президент Алмазбек Атамбаев Куралдуу күчтөрдүн күнүнө карата 28-майда АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИ үчүн курулган турак үйдүн ачкычын тапшырып, мындан ары күч түзүмдөрү үчүн дагы 15 турак үй куруларын айтты.
-
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков депутаттар быйылкы жылдын сентябрь айынан тартып атайын ЧИПТЕР менен гана добуш бере башташарын билдирди. «Чипти компьютерге алып келмейинче каттоо жүргүзүлбөйт, чиптин экинчиси да берилбейт»,- деди ал.
-

Бишкекте күн сайын
ЖҮРГҮНЧҮЛӨРДҮ ташууга 100 троллейбус, 180дей автобус жана 2,5 миңге чукул кичи автобус жолго чыгат.
-
Тышкы иштер министрлиги АРАБ ЭМИРЛИКТЕРИНЕ жөнөп жаткан кыргызстандыктарды MERS деген вирусту жуктуруп алуу коркунучу бар деп эскертет. Ал үчүн сафари турларынан жана төөлөрдөн алыс болууга чакырат.
-
Өлкөдө 400 миңден ашуун киши мамлекеттин ЖӨЛӨКПУЛУН алат.
-
Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаеванын айтымында, өлкөдөгү ооруканаларды оңдоо иштерине 1 миллиард сомдон ашуун каражат керек.
-
«ПЕГАСУС-АЗИЯ» авиакомпаниясы июнь айынан тартып Бишкек-Ош багыты боюнча эртең менен гана уча турган болууда, ошентип кечки жана түштөн кийинки каттамдар токтотулат.
-
Учурда Кыргызстан ичинде 756 МАЙ КУЮУЧУ станциялар иштейт, анын ичинен 156сы Бишкекте, 146сы Ошто жайгашкан.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg