ДҮЙНӨДӨ ЭМНЕ КЕП?

№604 30-май-05-июнь, 2014-ж

УКРАИНА
ЯНУКОВИЧТИН ОРДУНА «ШОКОЛАД» ПРЕЗИДЕНТ КЕЛДИ
25-май күнү Украинада президенттик шайлоо өтүп, анда талапкерлердин ичинен Пётр Порошенко шайлоочулардын 54 пайыздык добушуна ээ болуу менен жеңишке жетти. Белгилей кетчү жагдай, протоколдордун баары иштелип чыга элек.
Пётр Алексеевич Порошенко – украиналык коомдук жана саясий ишмер, жеке ишкер, миллиардер. Дүйнөдөгү эң ири кондитердик корпорациялардын бири «Рошен» компаниясынын кожоюну. Президенттик кампания учурунда Порошенко «шайлоодон кийин шоколад бизнесимди сатам» деп убада кылган.
Өлкө башчысы жаңы кызматына киришип жатып, Крымды Украинага кайтарып алуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонорун билдирди. Эң башкысы, жаңы лидер Европа жана АКШ менен кызматташууга даяр. Анын далили катары АКШнын мамкатчысы Жон Керри, Германиянын канцлери Ангела Меркель Пётр Порошенкону жеңиши менен куттуктоого жетишишти.

АБХАЗИЯ
ТӨҢКӨРҮШ БАШТАЛДЫ
27-май күнү Абхазиянын борбору Сухум шаарында миңдеген оппозиция өкүлдөрү бийлик башчыларынын отставкага кетүүсүн талап кылган митингге чыгышты. Оппозициялык күчтү экс-премьер Рауль Хаджимба жетектөөдө жана ал өлкөнү башкаруу жоопкерчилигин моюнуна аларын билдирүүгө жетишти. 28-майда Абхазиянын башчысы Александр Анкваб президенттин администрациясын басып алуу аракеттерине карабай саясий кризисти тынчтык жолу менен чечүүгө ишенерин айтты.

ПАКИСТАН
СҮЙГӨНҮНӨ ТУРМУШКА ЧЫККАНЫ ҮЧҮН АТАСЫ КЫЗЫН ӨЛТҮРДҮ
27-май күнү пакистандык Ферзана Икбалды Лахор шаардык соттун имаратынын жанында 20га жакын тууган-туушкандары таш бараңга алышкан. Полиция кызматкерлери келген маалда кыздын атасынан башкалары качып кетишкен. Жаракат алган Ферзана ооруканадан жан берди. Жаш кыз жакын тууганына турмушка чыгуудан баш тартып, ата-энесинин никеге берилчү уруксаты жана каршылыгына карабай өз сүйүктүүсүнө турмушка чыгып, атасы күйөө баласын сотко берген.

Ширин Турдакунова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(1)
02.06.2014. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне деген тупизм?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо