«МАЖҮРҮМ ТАЛ» БЕЛГИСИЗ КЫЗГА АРНАЛГАН

№605 06-июнь-12-июнь, 2014-ж

Ырда жаштыкка суктануу, аны мажүрүм талга салыштыруу, анын кайрылбас сапарга узашына өкүнүү камтылган. «Мажүрүм талга» бир нече ырчы кайрылган. Гүлбү Орозкул кызы менен Айчүрөк Султанова дуэт аткарышса, Кенже Көбөкованын жана Санжар Төрөгуловдун жеке аткаруусунда уксаңыз болот. Жаштыкты эстеткен ыр кантип жаралды? Тарыхына токтоло кетели.

Жаз жаңыдан жаркып келген,
Сирень гүлүн ача элек.
Мажүрүм тал жапжаш эле,
Биз да талдай жаш элек.

Сүйүү оту чагылганда,
Турган сирень гүл өнүп,
Тагдыр кошпой турам жалгыз,
Карт даракка жөлөнүп.

Каркыралар учуп өтөт,
Катарлары бузулбай,
А биз неге айрылыштык?
Балким, тагдыр ушундай.

Көздөрүнөн оту жанып,
Жаштар өтсө топтошуп.
Махабатым унутулат,
Карт даракка окшошуп.

Карт дарактын бутагына,
Ар бир түгөй келет деп.
Биз өткөргөн алтын күндөр,
Кайра баштан элестеп.

Жаз жаңыдан жаркып келген,
Сирень гүлүн ача элек.
Мажүрүм тал жапжаш эле,
Биз да талдай жаш элек.

«КӨПЧҮЛҮК КАЗА БОЛГОН СТУДЕНТ КЫЗДАРГА АРНАЛГАН ДЕП БИЛЕТ»
Ырдын сөзү Тоң районундагы «Эмгекчил» гезитинин башкы редактору МЭЭРКАН ТОКСОБАЕВАга таандык. Журналист, акын айым менен байланышканыбызда ырдын жаралуу тарыхы туурасында төмөндөгүлөрдү айтып берди.
– «Мажүрүм тал» ыры 1975-жылы жазылган. Бишкек шаарында (анда Фрунзе) ооруканада жаткам. Залда кетип баратсам эл жыйналып алып телевизор көрүп жатышкан экен. Экранда бакка жөлөнүп бир кыз алыскы горизонтту телмире тиктеп турат, көзүндө жаш, жүрөгүндө кайгы бар экени дароо байкалды. Горизонтто топ канаттуу учуп баратат. Мен негедир аларды каркыралар деп ойлодум. Бассам-турсам баягы элес көз алдымдан кетпей койду. Кыздын турган турпаты, ички муңу меникине окшошуп жатты белем, ошол кадр менен ооруп калдым. Отуруп алып ыр жазгым келди. Колума калем сап алып ар кайсы ой-толгоону чиймеледим. Жыйынтыгында, фильмдеги белгисиз кыздын образында ушул ыр жаралды.
Ыр адегенде райондук «Эмгекчил» гезитине жарыяланды. Анда 3 эле куплет болчу. Ошол мезгилде обончу Советбек Урмамбетов окуусун аяктап келип, Тоң райондук Маданият үйүндө иштеп жатыптыр. Аталган ырга обон жазып ырдап чыкты. Угуп алып катуу сүйүндүм. Кийин келип дагы 3 куплет коштуруп кеткен.
Бирок көпчүлүк бул ырды автобуста бараткан студент кыздардын Кант шаарында каза болгон окуясынан улам жаралган деп билишет. Окурмандардын эсинде болсо керек, адамдын үрөйүн учурган жаман окуя болуп өткөн эле. Кайсы жылдар экени эсимден чыгып кетти, анда Союз убагы. Фрунзедеги Педагогикалык институтта орус тили жана адабияты боюнча окуган кыздарды айыл чарба жумушуна алып бараткан автобус Кант шаарынан чыга бериште поезд менен кагылышып, 17би же 21би кыз каза болгон. Ошол кырсык болгон жерге ошончо мажүрүм талдын жаш көчөтүн тигип, тактайчага «Мажүрүм тал жапжаш эле, биз да талдай жаш элек» деп жазып коюшкан. Чындыгында эле мажүрүм талдай солкулдаган жаш кыздар да. Канча жаш өмүр кыйылды, канча үй-бүлөнү кара туман каптады. Бирок ыр бул окуяга чейин жаралган.

«МЕНИН ВИЗИТТИК КАРТОЧКАМ – «МАЖҮРҮМ ТАЛ»
Обонун жазган СОВЕТБЕК УРМАНБЕТОВ «Мажүрүм тал» ырынан сырткары дагы бир нече ырга обон жараткан. Бирок обончу «менин визиттик карточкам – «Мажүрүм тал» деп күлүп калат.
– Мен анда Тоң райондук Маданият үйүндө директор болуп иштечүмүн. Обон 1979-жылы чыккан. Бир жолу Мээркан «ушундай ыр жаздым» деп көтөрүп келиптир. Ал биздин Маданият үйүнүн активдүү катышуучусу болчу. Өзү да жакшы ырдагандыктан майрам-кечелерден, ыр кеселерден калчу эмес. Текстти окуп көрүп аябай жактырдым. Анткени текст менин жашоомо, жан дүйнөмө жакындай сезилди. Мен ал кезде бала-чакалуу болуп калганым менен сүйүүм дагы деле күчүн жогото элек экен. Аны өзүм деле билген эмесмин.Текстти окуганда баягы сезим ойгонду. Алгачкы сүйүү унутулбайт, аруу, тунук бойдон калат дешет эмеспи. Мен дагы ошол аруу сезимдин курмандыгы болгом. 1-класстан мектепти аяктагыча бир кызды жактыргам, бирок ага ооз ачып, сөз сүйлөй алган эмесмин. Өтө уяң, чечкинсиз, сырымды эч кимге айтпаган бала элем. Жүрөктө сезим бар, бирок жеткенге аракет жасаганга жарабай кала бергем. «Махабатым унутулат, карт даракка окшошуп» деген саптардай эле, алгачкы сезимимди бала-чакама алмаштырганымды түшүндүм.
Ырды жумуштан үйгө ала кетип, 15 мүнөттүн ичинде обон чыгарып койдум. Эртеси ырдап берсем, баары жактырышты. Алгач, албетте, өзүмдүн аткаруумда жаңырган.

Cүйүн Кулматова
star@super.kg


"Мажүрүм тал" ыры кимге арналган?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(18)
SUPER.KG видео
07.06.2014. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин классташым сонун ырдайт бул ырды.
SUPER.KG видео
07.06.2014. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы ыр экен.
SUPER.KG видео
07.06.2014. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ыр экен мааниси терен.
SUPER.KG видео
07.06.2014. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Munu Eltrden en sonun kylyp korgozushkon.
SUPER.KG видео
07.06.2014. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өлбөс-өчпөс ыр!Канча жыл өтсө да популярдуулугун жоготпойт!
SUPER.KG видео
08.06.2014. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
агайга ден-соолук.ар дайым жакшы элге жагымдуу ырларды ырдап журо бериниз.
SUPER.KG видео
08.06.2014. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо ,азыр жаш ырчылардан ким ырдайт бул ырды?
09.06.2014. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун ыр ушул ыр менен ооруп калдым
09.06.2014. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырдын шилтемесин берип коесунарбы, ким аткарса деле боло берет.
09.06.2014. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
09.06.2014. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kg.lady, http://www.super.kg/media/audio/82027/ gulbuu orozkul kyzy
09.06.2014. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо,сиздерден сураныч, ушу Кант тараптан студент кыздар менен болгон кырсык жонундо маалымат берип кое аласынарбы? Ракмат.
09.06.2014. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kalin466, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат!
09.06.2014. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш кыздарга жаман болгон экен да.
10.06.2014. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол кыздар азыр балпайган чон эне болуп отурушмак экен да чон кырсык болуптур
16.04.2017. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин жаштык...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо