Сапар Исаков, КРнын Президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы:«МАКТАНУУ МЕНЕН АЙТА АЛАМ, БИЗДЕ ЖАЛАҢ ЖАШ БАЛДАР ИШТЕЙТ»

№605 06-июнь-12-июнь, 2014-ж

Бул адам акыркы 4 жылдан бери Кыргызстандын тышкы саясатын жүргүзүп келе жаткандардын бири. Болгону 37 жашта. Чыныгы билимдүү жана тарбиялуу адам жөнөкөй болот. Ушундай сыпаттоо ага абдан жарашат. Кеп Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков тууралуу.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Исаков Сапар Жумакадырович
1977-жылдын 29-июлунда Бишкек шаарында төрөлгөн.
1999-жылы Кыргызстан эл аралык университетин аяктаган.
1999-2003-жылдары Эл аралык университетте окутуучу.
2003-2007-жылдары Тышкы иштер министрлигинде иштеген.
2007-жылдан бери өкмөттө жана Президенттик аппаратта эл аралык кызматташуу, байланыштар, тышкы саясат бөлүмдөрүндө жетекчи кызматтарда иштеп келет.
Үй-бүлөлүү, 2 кыздын атасы.

– Сапар мырза, өтө жооптуу милдетти аркалап келе жатасыз. Ошондуктан сиз менен маектешүүгө кызыкдарбыз. Алгач, Кытайга мамлекеттик иш сапары тууралуу сөз кылсак, кандай жыйынтык менен келдиңиз?
– Өзүңөр билесиңер да, жолдор, газ түтүктөрүн куруу, энергетика тармагындагы иштер, ТЭЦти оңдоо боюнча иштешип жатабыз. Минералдык жер семирткичтерди, цемент чыгаруучу завод куралы деген пландар бар. Мунун баары биз чын эле стратегиялык мамилеге өттүк дегендин белгиси. Экинчи жагынан, эки мамлекет башчынын ортосунда жакшы бир достук мамиле түзүлүп калды. Бул абдан маанилүү. Эгер мамлекет башчылар арасында жылуу мамиле, түшүнүшүү бар болсо, иштер алдыга жылат.

– Кытайдын кандай жакшы жагын Кыргызстанга алып келгиңиз келди? Негизи, иш сапары менен чет өлкөлөргө көп чыгасыз. Ошол жактардан көңүлгө бекем түйүп, ушуну ишке ашырсак деп келген учурлар болсо керек?
– Эң негизги биз үйрөнө турган иш – мамлекеттеги мыйзамдын аткарылышы. Бизде демократия дейбиз. Бирок демократиянын негизги көрсөткүчү мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуу да. Бизде кандай? Жарандык топтордо, мамлекеттик кызматтагылардын арасында деле көп мыйзамдар аткарылбай калып жатпайбы? Бул абдан жаман көрсөткүч.
Кытайда айтып жатышат, «тартип, башкаруу системи катаал» деп. Бирок байкасаңар, кайсы мамлекетте мыйзамдар так аткарылса, ошол мамлекет өнүгөт.

– Кесибиңиз тууралуу. Эмнеликтен дипломатияны тандап алдыңыз? Же сиз үчүн бирөө чечти беле?
– Ата-энем айтып калат, кичинекей кезимде «партиялык кызматкер болом» дечү экенмин. 7-8-класстарда «дипломат болом» деп так чечимге келгем. Таятам, жазуучу Сагындык Өмүрбаев ушундай чечимге келишиме салымын кошкон. Ал киши дайыма айтчу «неберем дипломат болот» деп.
Бул кесипти тандашыма атам да таасир берди деп ойлойм. Анткени ал киши кочкорлук болгону менен 43 жыл түштүктө иштеди. Айылдар, талаалар менен таанышууга, активдер менен жыйындарга жөнөгөндө дайыма мени жанына алып алчу. Биз бул жакка көчүп келе жатканда баары атамдан «сиз Жалал-Абаддын уулу болосуз да, каякка кетесиз?» деп сурашыптыр. Азыр парламентте иштеп жаткан улуу муундун өкүлдөрү мага кирип, атамдын жакшы иштери тууралуу айтып калышат.
Өзүм Москвадан билим алсам деп эңсегем. Бирок ал жакта окуп, жашаш үчүн көп акча керек эле, бизде андай мүмкүнчүлүк жок болчу. Ошол маалда Бишкекте Эл аралык университет ачылып калды. Мен Бишкекке келип, таятамдар менен жашап, окуп калдым.

– Алгач окуу жайында мугалим болуп иштептирсиз. Окутуучулук мамлекеттик кызматка алгачкы тепкич беле?
– Диплом алган соң 5 жыл өзүм бүтүргөн университетте сабак бердим.
Тажрыйба топтоп, такшалып, сүйлөгөнгө, эл менен иштегенге үйрөнүү керек болчу. 5 жылдан соң ТИМге референт болуп келдим. Өзүм окуткан студенттерим дипкызматтарда иштеп калышкан экен, мага тапшырмаларды берип жумшап жүрүштү. Чычалачу эмесмин.
Ишти почтадан баштап, өзүмдүн аракетим менен мүмкүн болгон бардык тепкичтерди басып өттүм. Алгач, 3-баскычтагы катчы, 2-баскычтагы, анан бөлүм башчы болуп жүрүп өкмөткө келдим. Ошентип, 2007-жылдан бери саясатта жүрөбүз.

– Кээде кайсы бир окуя адамдын бүт өмүрүндө чечүүчү роль ойноп калат. Сизде болду беле ушундай иш?
– Андай окуя болгон. 2003-жылы ТИМде иштеп жүргөнүмдө Акаевдин Иранга расмий иш сапарын даярдаш керек болуп Тегеранга баргам. Алдын ала барып, эл аралык келишимдерди даярдачумун. Ирандагы элчибиз Медет Садыркулов эле, ошол жерден таанышып калдык. Көп деле сүйлөшкөн эмеспиз. Мен негизи ишке баш-отум менен киришип кете турган адаммын. Ошол жакта да баш көтөрбөй иштеп жаткам.

– Анан Садыркуловдун көзүнө илинип калдыңыз...
– Ооба, анын көзүнө илинип калыптырмын. Кийин эстеп жүрдү. Ал кечкисин үйүнө кеткенде элчиликтин кеңсесинде иштеп калгам. Эртең менен келсе көйнөгүмдү чечип салып майкачан, дале компьютердин маңдайында иштеп отурган экенмин. Себеби убакыт тар болчу. Ошондо таң калыптыр, «катуу иштей турган бала экен» деп. Ошол боюнча байланышпай деле калганбыз. 2007-жылы мени ТИМден өзү издеп таап келип, Алмаз Шаршенович менен тааныштырды. Ошондон бери Алмаз Шаршенович менен тыгыз иштешип келе жатам.

– Ажону жакындан билген адамсыз. Элге көп айтыла бербеген кандай сапатын байкайсыз?
– Мактагандай болбоюн, анткени жагынганды жаман көрөм, бирок бир сапаты бар, «кандай болбосун, мамлекеттин кызыкчылыгын коргош керек» дейт. Кандай кысым болбосун, ким басым кылбасын, өлкөнүн кызыкчылыгын биринчи орунга коюш керек деп бизди да ошого үйрөттү. Максатка жетиш үчүн башкалар менен талашып-тартышканын, үн көтөрүүгө чейин барып, атүгүл айрымдар менен мамиле бузууга чейин барганын көргөм. А максат – мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо. Азыр муну биздин өнөктөштөр жакшы түшүнүп калышты.
Дагы бир жагдай, орустар айтып коюшат эмеспи «всё познаётся в сравнении» деп. ТИМде министрлик өз позициясын жазат да, кайсы бир иш боюнча «муну эч качан бергенге болбойт. Себеби мындай, бул мамлекеттин кызыкчылыгы...» деп. Ал кат жогору жакка кетет. Анан чечим кабыл алынат, мисалы, администрацияда. Жогору жакка барганда эле бизден сурап же талап кылып жаткан иштерге макул болуп калчубуз. Башка президент же дагы бирөө чалып айтчу окшойт да, мындай кыласың, тигиндей кылыш керек деп, айтор, позициябыз жогору жактан өзгөрүп кетчү. Мен ушуга абдан таң калар элем. Азыр андай жок. Буюрса, ар бир позицияны коргоп жатабыз.

– Байкап жүрөм, берилүү менен иштейсиз. Мектеп күндөрүндө да ушундай белеңиз? Кандай окуучу элеңиз?
– Ошондо эле активист болчу экенмин. Классташтарым айтып күлүп калышат, өзүнчө эле «важный» болчусуң дешип. Галстукту ошондо эле такчумун, папка да көтөрүп алчу экенмин. Негизи, алтын медаль менен бүткөн жокмун, бирок жакшы окуганга аракет кылар элем.

– Сиз тууралуу интернетте сынга караганда колдогон пикирлер көп. Интернет колдонуучулар арасында жаштар басымдуулук кылат эмеспи, жаштар менен жакшы байланышат окшойт деген ойдо калдым.
– Убакыт болгондо университетке барып, лекция окуп, активдүү, акылдуу балдарды издейм. Мыкты, күчтүү балдарды ТИМге, башка министрликтерге алып келдим. Аларга жол көрсөтүп, тажрыйбасын арттыруу керек. Атүгүл мактануу менен айта алам, бизде аппаратта, бөлүмдө жалаң жаш балдар иштейт.

– Ооба, кирген-чыккандардан байкап жатам.
– Булар бир нече тил билген, такшалган балдар. Буюрса, 3-4 жылдан бери мыкты адис катары аларды өстүрүп алдык. Анын үстүнө мындай жаштар ушунчалык берилүү менен күнү-түнү иштешет.
Ата-энем дагы дайыма айтышат, чиренбе дешип. Мен ошондой принципте иштейм. Ким кайрылбасын, колумдан келип турганда баарына жардам бергим келет. Азыр бул жумуштамын, эртең башка жерде, балким мугалим болуп калам. Бул жумуштан кетсем деле артымдан жакшы сөздөр болсун дейм. Менин абдан чоң тилегим ушул.

– График сизде тыгыз, аны билем.
– Байкадыңызбы?

– Ооба. Өзүңүзгө, үй-бүлөгө, балдарга көңүл бөлүү үчүн убакыт табылабы?
– Менин келинчегим психолог, илимдин кандидаты. Бул жагынан ал жакшы жардам берет. «Балдар менен жок дегенде телефон аркылуу тыгыз байланышып тур» дейт. Кыздарыма чалып, иштери кандай, эмне жаңылыктар бар экенин сурап турам. Эки кызым бар. Улуусу маселелерин жалаң мага айтат. Ошого да абдан сыймыктанам. Мен үйдө «добрый полицейскиймин». Колумдан келишинче айткандарын орундатып берем.

– «Жашоодо кесип тандоодон жана жар тандоодон жаңылба» дейт. Сиз жубайыңыз менен кайдан, кандайча таанышып, табышып калдыңыз?
– Телевидениеден тааныштык. Студент кезде абдан активдүү болчумун. «Дискуссия на тему» деген берүү бар эле, ошол жерде ар кандай саясатчылар, ишмерлер менен жолугуп, маек курчумун. Такыр эле жаш бала элем. Ошол жактан режиссёрго жардам берип жүргөн кызды байкап, таанышып, сүйлөшүп, акыры келинчегим болуп калды.
Азыр КУУда доцент болуп иштеп жатат, илимдин кандидаттыгын өз күчү менен жактады. Университет менен катар дагы бир компанияда иштейт.

– Иштин көптүгүнө карабай убакыт таап, маек куруп бергениңизге рахмат. Ийгилик каалайбыз!

Алмаз Шаршенович бизди кандай болбосун мамлекеттин кызыкчылыгын коргоого үйрөттү.

Шаиста Шатманова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(15)
09.06.2014. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azamatsyz, ishinizge iigilik!
09.06.2014. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан?
09.06.2014. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Сапар мырза!! ишинизге ийгилик!! ушундай такшалган жаштар башкаруу системасында иштеп туруп неге бийлик кээде туура эмес кадамдарга барып калат деп тушунбой каламын да.
09.06.2014. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик го
09.06.2014. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик созуно кошуламын жалан жаш балдар иштейт дегенине. мен билгенден 86-87-88 жылкы балдар иштешет. Ар дайым Кыргыздын сыймыгы болуп журо бериниздер.!
09.06.2014. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Жалан жаш балдар..." деп эмес,"жалан ак иштешет" депда мактансанар экен.
09.06.2014. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай кааласа 4-5 жылда силерге кошулам
09.06.2014. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишинизге ийгилик. Сизге окшогон иш билги жаштар турганда Кыргызстан созсуз онугот.
10.06.2014. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jashytykta emes,ak taza ishtegendikte. Birok Sapar bara bara Ajobuzga okshoshup bara jatat. Suilogonu jurush turushu,kandai bolso dagy ak ishtesin.
10.06.2014. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйлогону.жонокойлук адамгерчилиги копту коргонунон кабар берет.ийгилик.
10.06.2014. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mystery, далили жок кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз!
Эскертүү!
Модератор admin_superstan түзөттү 10.06.2014 16:32
12.06.2014. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
malika79, кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынган!
3 күн БАН!
12.06.2014. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azatsyn baike
13.06.2014. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай кишилер коп болсо малекетибиз алга жылат беле...? ийгилик сизге
21.06.2016. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жонокой, мандайы жарык бала экен. Ар дайым элине ак эмгек кылып журо бер, азаматсын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо