Кыргызстандын Бажы союзга кирүү даярдыгы:БИРИНЧИ КАДАМ 1 МИЛЛИАРД 200 МИЛЛИОН ДОЛЛАРГА БААЛАНДЫ

№605 06-июнь-12-июнь, 2014-ж

Кыргызстандын Бажы союзга кыйынчылыктарга учурабай кирүүсү үчүн Кремль 1 миллиард 200 миллион доллар бермей болду. Бул каражат интеграциялык уюмга кирүү даярдыгына жана Бажы биримдигинен улам эң көп жапа чеге турган тармактарды колдоого бөлүнөт.

КАРАЖАТ ЭМНЕГЕ ЖУМШАЛАТ?
29-май күнү Астанада Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынында Кыргызстандын Бажы союзуна кирүүсү боюнча даярдалган жол картасы бекитилген. Кыргыз бийлиги башынан эле аталган биримдикке кирүү бекер болбой турганын кыйытып келген эле. Анткени союзга кирген соң өндүрүштүн токтоп калуу, баалар менен жумушсуздуктун өсүү ыктымалдыгы тынчсыздандырып жаткан. «Басынтуу менен Кыргызстанга зыян келтирүү болот дегенди элестете албайм, мындай иш бирөөнүн да колунан келбейт. Бажы союзуна биздин талаптар аткарылган, улуттук кызыкчылыктарыбыз корголгон шартта гана киребиз»,- деп айткан эле өткөн жылдын декабрь айында мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев. Ошентип, жол картасын бекитүү менен чогуу эле каражаттын көлөмү да айтылды. Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, 200 миллион доллар Кыргызстандын Бажы союзга кирүүсү боюнча жол картаны ишке ашырууга бөлүнөт. Анын ичинен 55 миллион доллар чек араны бекемдөөгө жумшалат. Бул грант Орусия тарабынан бериле турган болду. Министр жол картаны ишке ашырууга
377 миллион доллар керек экендигин айткан болчу. Өкмөт калган сумманы Казакстандан алууга үмүт артууда. Эгерде мындай максат орундалбай калса, анда бюджеттин эсебинен каржылоого туура келет.
1 миллиард доллар боюнча: «Уставдык капиталы 500 миллион доллардан турган өнүктүрүү фонду түзүлөт. Дагы ошончо каражат жеңилдетилген шартта берилүүчү кредиттен турат»,- деди Т.Сариев. Министрдин айтымында, фондду Орусия менен Кыргызстандын өкүлдөрү биргеликте жетектейт. Ал айыл чарба, текстилдик өнөр жай, тоо-кен өнөр жай, турак жай куруу, соода жана ишкердикти өнүктүрүү тармактары боюнча кыргызстандык ишкерлерге жеңилдетилген кредит берет.

МИГРАНТТАРДЫН АБАЛЫ ЖЕҢИЛДЕЙБИ?
Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанды кытай товарлары менен камсыздап туруу «Дордойдун» жана башка чоң базарлардын башкы иши жана кирешеси эле. Маалыматтарга караганда, Кыргызстан жыл сайын 10 миллиард доллардын тегерегиндеги товарды реэкспорттоп келген. Товар эң көп ташылган Орусия менен Казакстан Бажы союзду негиздеп, анын эреже-шарттарын күчүнө киргизгенден бери Кыргызстанда дүң соода менен алектенген ишкерлердин кирешеси кескин азайган. «Товарлардын реэкспортуна Казакстан тарабынан толугу менен тыюу салынды. Мунун айынан Кыргызстандын бюджетине 2 миллиард сом түшпөй калды»,- деди Базарлар, ишканалар, соода жана тейлөө көрсөтүү тармактарынын ассоциациясынын аткаруучу директору Алишер Сапарбек уулу. Анын үстүнө жеңил өнөр жай ассоциациясынын директору Фархад Төлөгөновдун айтымында, Кыргызстандагы тигүү цехтери Бажы союзунун техникалык регламентине даяр эмес.
Орусияда мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттарга мунапыс жарыяланышы ыктымал экенин Федералдык миграция кызматы билдирген. Кыргызстан Бажы союзга кирсе, эмгек миграциясы үчүн өзүнчө режимге ээ болору, мигранттар Орусия, Казакстан жана Беларуста квота жана лицензиясы жок, эмгек келишими менен иштей алышары, алардын балдары мектеп менен бала бакчаларга барууга укуктуу болушары айтылды. Бирок мигранттар Бажы союзга кирген өлкөлөрдө ээн-эркин жүрө алабы, уруксатсыз иштей алабы, азырынча мындай жагдайлар тууралуу кенен маалыматтар ачыкка чыга элек.
Кыргызстандын Бажы союзга кирүүсү үчүн 30дан ашуун нормативдик-укуктук актыларды иштеп чыгып, аларды Жогорку Кеңеш кабыл алуусу керек болот.

Эльвира Караева,
Темирбек Матаев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(18)
09.06.2014. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мигранттарга мунапыс жарыяланышы ыктымал, МУНАПЫС деген соз эмнени тушундурот?
09.06.2014. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bai.kymbat, Кара тизме жоюлат дегени болсо керек да.
09.06.2014. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bai.kymbat, мунапыс деген амнистия дегендин котормосу.
10.06.2014. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bai.kymbat, озу зорго жашапатканда карыздын кереги барбы
09.06.2014. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кара тизме жоюлбайт.. думаеш путин дурак...
10.06.2014. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tomojnyi soyuzga kirgenden kiyin kokus prezidentti ketirebiz dep mitinge chyksak srazy rossiya kyrgyz.
dy ozuno otkorup alsa k.k krymga okwotup. myndaidan kudaiym ozu saktasyn
10.06.2014. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мандайга жазылганын коробузда коп ойлоно бербегиле
10.06.2014. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
shamal80, сабырдуу экенсин молодец) менде уйку да чала ушул ТС иши ачылгандан бери(((
10.06.2014. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мигранттар тууралу ооз ачышпайт го дегеле.
10.06.2014. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
путин назарбаевди кынк дедиртпей мен айтканды кыласын дейт экен.атамбаевди баашына чаап ойнойт окшойт го.
11.06.2014. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
коркксода кой олот коркпосода кой олот.бир бутубуз оттуп кетти.экинчи буттубуз озу эле отот.акчанын жыттын жыттатса болду чондорго.ото берет.
11.06.2014. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Кошулбай коюп Озбекстан менен Америкага кор болгондон көрө Бажыга кошулуп алганыбыз эле оң болот го" деген ойдо жүрөм акыркы күндөрү....
Убакыт баарын таразалайт!
11.06.2014. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2000000 миллионду Темир Сариев Алмаз,2000000 миллионду дагы бир жемекей алса, 2000000 миллиондон ашыгын атамбаев жесе ошол менен кыргызстан дагы карызга белчесинен батып эки колун мурдуна тыгып, атамбайев дагы карыз сурайтта
Модератор admin_superstan түзөттү 12.06.2014 10:26
11.06.2014. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага макаладанда коментарийлер кобуроок кызык болду. окуп бир жыргап кулуп алдым айрыкча raimzhanov81дун коментарийине
12.06.2014. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АША эч нерсени чече албайт путин а десе а дейт б десе б дейт
12.06.2014. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мал эмесбизго акыры Союзга кире бериш керек азыркы кырдаалга жараша дегендей ц Р.у нун тузагына илинип Ирак менен Авганистан Сирияга окшоп калабыз болбосо канткен кундо дагы крышасыз жашаш кыйын достор!!!Андыктан Кыраан Кыргыз Элим алга Биз Оз Жемибизди Оной менен жедирбейбиз билесинерда ТСнын Эн алдынкы Лидерлери болобузго коросунор Анткени кыргыздын Намысы кучтуу жана Созуно бекем!!!
12.06.2014. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ достор биз канчалык куйбойлу биздин атка минерлерибиз оздорун гана ойлошотда эл учун жер учун иштеген эч ким жок бизде баары коррупсияга белинен эмес мойнунан батып кетишкен чыга алышпайт .
16.06.2014. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер т.с кирбейбиз деп эл толкундаса азыркы украинанын абалы кутот да!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо