ШАЙЛООЛОРДО АЙМАКТАРДАН ЛИДЕРЛЕРДИН ЧЫГЫШЫНА ШАРТ ТҮЗҮЛӨТ

№605 06-июнь-12-июнь, 2014-ж

Өмүрбек Текебаев башында турган депутаттар тобу Жогорку Кеңеш депутаттарын жана президентти шайлоо боюнча мыйзамга түзөтүү киргизүү демилгесин көтөрүшүүдө. Алардын демилгеси боюнча, партиялык тизме республикалык жана аймактык талапкерлердин тизмесинен түзүлгөнү жатат. «Эгерде бул өзгөртүү киргизилсе, парламентте ар бир аймактын кызыкчылыгын коргоого мүмкүнчүлүк түзүлөт» дейт Ө.Текебаев. Бул мыйзам долбоорду алып чыгууга шайлоочулардын «биздин райондун көйгөйлөрү көтөрүлбөй жатат» деген кайрылуулары негиз болгон.
Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков аталган мыйзам долбоорго каршы экендигин билдирди. Анын пикиринде, аталган мыйзамга түзөтүү киргизилсе, элди тегине жана улутуна бөлүү башталат. «Өнүгүү» депутаттык тобунун лидери Бакыт Төрөбаев демилгеленген түзөтүүнү колдоп берүүнү суранып, анда өткөн шайлоолордо кетирилген кемчиликтер эске алынгандыгын эскертти.
«Ата Журт» фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошова сунушталган мыйзам долбоордо партия лидерлерине эбегейсиз укуктар берилип калганын, андыктан аны кабыл алуу эртелик кыларын айтты. Талкуунун аягында депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлер эске алынып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Эльвира Караева,
Темирбек Матаев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
10.06.2014. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оздоруну гана ойлойт, оздоруно эбегейсиз шарттарды тузуп биздин депутаттар элдерди качан ойлошот
10.06.2014. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин оюмча бул мыйзамды кабыл алуу керек. Себеби учурда парламентте уктап отурган депутаттар коп. Акчанын кучу менен партияга жамынып барышып, жеке кызыкчылыктарын коргоодо.
11.06.2014. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elettik.jigit, Кошулам сөзүңүзгө!
15.06.2014. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айгим билет бул сунушун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо