КАР БОРОШОДОН МАЛ КЫРЫЛЫП, ОНДОЙ ҮЙДҮ СЕЛ КАПТАДЫ

№605 06-июнь-12-июнь, 2014-ж

Нөшөрлөп төккөн жаандан улам Жалал-Абад облусунда кой-эчкилер кырылып, бир нече үйдү сел каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиргенине караганда, 31-май күнү Ала-Бука районундагы Көк-Ала ашуусунда жергиликтүү тургундардын бири элдин 800гө чамалаш кой-эчкисин айдап жайлоого жөнөгөн. Аба ырайы кескин бузулуп, жолдо калган 187 кой-эчки суукка тоңуп өлгөн. «Эки күн ашуунун астында бороон-чапкында калууга аргасыз болдук. Өлүп калган малдан улам 950 миң сом зыян тарттык. Кой-эчкилердин кулактарын гана ээлерине алып келүүгө мүмкүнчүлүк болду» деп кейийт, биздин Шакирбек Ажибеков аттуу окурманыбыз.
Ошондой эле 2-июнь күнү Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагындагы Кызыл-Октябрь жана Кара-Жыгач айылдарында сел жүрүп, Кызыл-Октябрь айылында 30га жакын, Кара-Жыгач айылында 10дон ашык турак жайды сел каптап, калдыктарга толуп кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекилов учурда кырсыктардан келтирилген чыгымдарды тактоо жана жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн атайын комиссия иштеп жатканын айтты. Анын маалыматына караганда, мыйзамга ылайык сел каптаган үй ээлерине мамлекет тараптан жардам көрсөтүлөт. Ал үчүн атайын түзүлгөн эксперттер тобу зыян тарткан үйдүн авариялык абалын баалап, мыйзамда бөлүштүрүлгөн категорияларга ылайык 10 миң, 50 миң, 200 миң сом бөлүп бере алат. «Ал эми мал-жандыктар боюнча келтирилген зыяндын өкмөт тарабынан төлөнүп берилиши мыйзамда каралган эмес» дейт Абдишарип Бекилов.

Темирбек Матаев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(2)
12.06.2014. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
10 минге азыр эмне келмек эле Кыргызстанда...
12.06.2014. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайдан каралсын элге жардамын бере турган мыйзамдар , элден ала турган мыйзамдар копко бизде.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо