АКШ КАМЧЫ КӨЛБАЕВДИН «БАШЫНА» 1 МИЛЛИОН ДОЛЛАР САЙДЫ

№605 06-июнь-12-июнь, 2014-ж

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун финансылык схемалары тууралуу баалуу маалымат үчүн АКШнын Мамлекеттик департаменти 1 миллион доллар сыйлык берерин жарыялады. Мындай маалымат аталган департаменттин расмий сайтына чыкты. Мамлекеттик департаменттин эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы программасында жарыяланган маалыматка караганда, Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобу евразиялык уюшкан кылмыштуу топтордун биримдигине кирет. Маалыматта жазылгандай, Камчы Көлбаевдин жетекчилиги астында уюшулган кылмыштуу топ Борбор Азияда иш алып барып, маңзат ташуу, курал-жарак, адам сатуу менен алектенген.
Айрым маалыматтарга караганда, Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобу «Братский круг» аталыштагы эл аралык кылмыштуу топтун курамына кирет. Бул топ өз ишмердигин Европа, Жакынкы Чыгыш, Африка жана Түштүк Американын аймактарында жүргүзүп, кылмыш дүйнөсүндө таасирдүүлүгү жактан япондордун «Якудзасы», Италиянын «Каморра», Мексиканын «Лос Сетас» топтору менен бир сапта турат. Кошумчалай кетсек, 2011-жылы АКШ Камчы Көлбаевди эң кооптуу делген жети баңгибарондун тизмесине кошкон. Эске салсак, Жогорку Сот 14-май күнү Камчы Көлбаевдин ишин карап чыгып, 2013-жылдын 24-декабрында Бишкек шаардык соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды. Шаардык инстанция өз учурунда кримтөбөлдү 3 жылга эркинен ажыраткан болчу, бирок Камчы Көлбаев 2012-жылдын декабрь айында Дубайдан Бишкекке келип, укук коргоо органдарынын колуна түшүп бергенден бери тергөө изоляторунда кармалгандыктан, анын 1 күнү 2 күн деп эсептелинген. Ошентип, ички иштер министри Абдулда Суранчиев айткандай, Камчы Көлбаев ушул аптанын аягында, 8-июнь күнү эркиндикке чыгат.

Темирбек Матаев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(11)
09.06.2014. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Келбети жакшына эле неме экен тынч эле уй було куруп жашаса болбойбу омур бою качып тозуп журбой
10.06.2014. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ainura220888, сага кошулам чын эле бала кутуп бала жытына мас болуп жашаса болмок кара тунгуюк жолду тандабай. Америка эми мунунда тубуно жетет.
09.06.2014. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанга да кызыга башташты.
09.06.2014. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
америка бирди баштаганы калды окшойт.
10.06.2014. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы дагы Усама бен Ладендин катарына кошпоптур.
10.06.2014. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
маладец братуха!
менида кошуп алчы
11.06.2014. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мммммммммм
11.06.2014. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Америка эми Кыргызстанга тийишип баштады. Бул жон эмес болсо керек. Эх шордуу Кыргызым ай, ушул атка минерлердин айынан карапайым биз куурамай болдук го!
11.06.2014. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ничего себе кыргыздар дүйнөгө эми криминал жактан тааныла баштаганбы?
Митинг уже кызыксыз боло баштадыбы?
11.06.2014. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат Камчы Колбаев. кыргыздын бир жигити бир чон держава Американы ойлондурууда жана кооптондурууда. 1миллионго сенин башынды баало дагы аз дагы ушунча кошсо болмок.
14.06.2014. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат! Кыргызда ушундай адамдар да керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо