«КУМТӨР» КЕНИНДЕГИ ИШ ТОКТОТУЛАБЫ?

№605 06-июнь-12-июнь, 2014-ж

«Кумтөр» алтын кенин иштетип жаткан канадалык «Центерра Голд» компаниясы кыргыз өкмөтү кенди иштетүү боюнча техникалык долбоорду бекитип бербесе, 13-июндан тарта кендеги ишмердигин токтотору тууралуу билдирүү таратты. Ал билдирүүдө «Кумтөр Голддун» жетекчилиги 2014-жылга кенди иштетүү боюнча техникалык долбоорду бекитүү үчүн тиешелүү органдарга жибергени айтылат. Бирок азыркыга чейин долбоор бекитиле элек. Эгерде өкмөт белгиленген мөөнөткө чейин долбоорду бекитпесе кенде иш токтотулары, ага байланыштуу талаш маселелердин баары Эл аралык арбитражда каралары эскертилген.
Өкмөттүн «Центерра Голд» менен болгон келишимине ылайык, тиешелүү мекемелер жыл сайын аталган кендин техникалык долбоорун бекитип туруусу керек. Учурда бул долбоор өкмөт алдындагы Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин кароосунан өтүп жатат. Аталган агенттиктин билдиришине караганда, долбоор жөнөтүлгөндөн тарта аны бекитүү боюнча иш тынымсыз уланып келүүдө.

Темирбек Матаев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(3)
10.06.2014. 07:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КУМТӨР кыргыз экологиясына кыямат, элге кыянат, чечкиндүү чече албай келет саясат.
10.06.2014. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tairbek., мазактоого жол жок! 1 күн БАН!
13.06.2014. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кумторду качанга чейин бетке кармап кун коробуз, андан кору сууну, электро энергиябызды сатып, туризмди онуктурсок жакшы болот эле. Озбекстан газды сатса биз аларга сууну сатсак жарашпайбы?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо