КОЛДОНУЛГАН УНАА САТЫП АЛУУДА ЭМНЕСИНЕ КӨҢҮЛ БУРУУ КЕРЕК?

№606 13-июнь-19-июнь, 2014-ж

ЧАНАК (КУЗОВ)
Сатылып жаткан унаа таза болууга тийиш.
Кир болсо чанактын кемчиликтерин жашырат. Унаанын сүзүлгөнүн байкатпоо үчүн сырдатып, жылмалатышат. Бирок баштагы калыбына келтирүү кыйын. Мында чанактын кээ бир жери жаркыраса, кээ бир жери күңүрт тартып калат.

Мындан сырткары:

  • Жүк салгычты ачып, анын ичиндеги түс менен сыртын салыштыруу керек. Эгер саргыч түс байкалса, анда сырдын алдындагы металлдын дат басканы.
  • Шек жараткан бөлүгүнө магнит жабыштырыңыз. Эгер «шап» этип жабышып калбаса, демек, ал бөлүккө кемтикти (урунган, кайышкан жер) толтуруу үчүн шпаклёвка шыбалган.
  • Эгер жол кырсыгына кабылса, ширетилген бөлүктөр түз эмес болот.

КЫЙМЫЛДАТКЫЧ

  • Кыймылдаткыч тазаланган болсо, демек, бир мандем бар. Себеби майдын жана техникалык суюктуктардын акканын жашыруу үчүн кыймылдаткычты жууп салышат.
  • От алып турган абалында кыймылдаткычтагы майдын деңгээлин текшерүүчү шишти сууруганда тешиктен буу чыкпашы керек.
  • От алдырып, кыймылдаткыч ысыганча күтүңүз (2-3 мүнөт). Алгач кыймылдаткычтан күрүлдөп катуу добуш чыгып, ысыган сайын үнү басаңдашы керек. Эми газдын педалын бир нече жолу басыңыз. Эч кандай тарсылдаган үн (өзгөчө металл менен металлдын тийишүүсү) чыкпашы зарыл.
  • Эгер тосолдун түсү агыш же күрөң тартып калса, демек, цилиндрдин блокторунун башындагы прокладка жешилип калган.

САЛОН

  • Канча чакырым жүргөнүн карап «аа» деп ишенип калбаңыз. Аны артка айлантып коюу анчалык оор иш эмес. Андыктан рулдун канчалык жешилгенине көңүл буруңуз.
  • Отургучтарынын иштөөсүн караңыз.
  • Климаттык системдин иштөөсүнө көңүл буруңуз. Жылытуучу аппаратын иштетиңиз. Эч кандай жыт чыкпашы керек.

ЖЫЛДЫРГЫЧТЫН АБАЛЫН ТЕКШЕРҮҮ
Эгер алгач көргөндө маселе байкалбаса, анда унаа тейлөөчү жайга барып текшертүүнү макулдашыңыз. Ал жактан чуңкурдан же көтөртүп туруп алдын көрөсүз. Тормоздун суюктугу, тосолдун, майдын аккан же акпаганын байкоого болот.

ЖЫЛДЫРГЫЧ БӨЛҮГҮ (ХОДОВАЯ ЧАСТЬ)

  • Эгер дөңгөлөктүн сырты тегиз жешилбесе, демек, жылдыргычтын абалы соо эмес же илмегинин (подвеска) геометриясы кыйшайып калган.
  • Унаанын бир бөлүгүн салмак менен басып, кайра коё берсе, амортизатор бир-эки термелип, кайра калыбына келет. Эгер дароо ордуна келип калса, анда бул бөлүгүндө мандем бар.

ЭЛЕКТР СИСТЕМИ
Бардык жарык берүүчү приборлорду иштетиңиз: фара, поворотник, салондун лампаларын. Эгер бир лампасы эле күйбөсө, электр системинде маселе бар жана андан өрт чыгып кетүү коркунучу жогору.

ТЕСТ-ДРАЙВ

  • Түз жолго чыгып, түз айдаңыз да, рулду бош коюңуз. Бул учурда унаа кайсы бир тарапка тартып кетпеши керек.
  • Чиркештиргичти (сцепление) басып, кайра коё берүүдө өткөрүүчү кутудагы (коробка передач) дабышка кулак түрүңүз: айырма угулса, оңдотууга даяр болуу керек.
  • Жок дегенде 40 чакырым ылдамдыкта келип тормозду дароо басып көрүңүз. Эгер унаа мурду жагын ылдый каратып булкуса, демек, тормоз системи бузук дегенди билдирет. Тормоз кармоо тең салмакта келип, жулкунбайт.
  • Чуңкурдан, аңгыл-дөңгүл жолдон жай айдап көрүңүз. Тыкылдаган дабыш чыкса, анда сайлентблоктордо, амортизатордо же шар тирөөчтөрдө мандем бар.

УНАА КӨҢҮЛГӨ ТОЛСО...
Эгер унаа көңүлүңүзгө толсо, документтерине көңүл буруңуз. Техникалык паспортто көрсөтүлгөн чанак менен кыймылдаткычтын номерлери дал келүүсү зарыл.
Машина базарда кемчилиги жок унаа болбойт. Бирок ага карабай жакшысын тандоого аракет кылыңыз.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(11)
16.06.2014. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен ушинтип текшерип алдым.буйурса айткандай эле чыкты абдан жакшы сапатта.
16.06.2014. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы пайдалуу кенеш экен рахмат
16.06.2014. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ходовая чачть кыймылдама болук болуп которулат го .
17.06.2014. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эң жакшы кеңеш рахмат
19.06.2014. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн жакшы кенеш жакшы болду барын билип алдым окшойт озумда буйруса машына алайын деп жаткам жакында супер-инфо сизге чон рахмат!!!
21.06.2014. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайнага эми эле машина алып келди. Текшере баштасам окшойт.)))))
09.07.2014. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанга келип жаткан унаалар боюнча да макала чыгарсанар жакшы болмок? М: Европа, Япония, Кореядан!
10.07.2014. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanatchik94, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат!
03.11.2014. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Как раз по мне экен, машина алган аткам буйруса ушул айда, Раахмат супер!
05.09.2015. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2015-09-07 09:34:04
07.09.2015. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nkvd_1993 - 3 күнгө БАН!
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо