ӨЗБЕКСТАН ГАЗ БЕРБЕСЕ, КЫРГЫЗСТАН СУУНУ БУУЙБУ?

№606 13-июнь-19-июнь, 2014-ж

Өкмөт Өзбекстанды суу менен камсыз кылуучу Наманган каналын убактылуу жабуу маселесин кароодо. Бул тууралуу вице-премьер-министр
Абдырахман Маматалиев 9-июнда билдирди. Кыргызстан мындай кескин чарага чын эле барабы-жокпу, ачыгы айтыла элек. А.Маматалиев «каналды жабуу сунушу Өзбекстандын Кыргызстандын түштүгүнө жаратылыш газын берүүсүн токтотконуна байланыштуу эмес» деди. Анын айтымында, аталган канал оңдоп-түзөөгө муктаж.
Бирок коомчулук Наманган каналын бууп салуу ишин Өзбекстандын Кыргызстанга газ бербей койгонуна карата жооп катары кабыл алат. Эске салсак, 14-апрель күнү «ӨзбекТрансГаз» себебин түшүндүрбөстөн Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү токтоткон. Ошондон бери Ош облусунун жашоочулары качан көгүлтүр от менен камсыз болушарын эч ким айта албай келүүдө. Кыргызстандын түштүк жергеси 2 айдан бери газ жок отурганынан улам өлкөнүн жаш активисттери «Тезекпром» деп аталган акция өткөрмөкчү болушуп, 9-июнь күнү Ак үйдүн алдына чыгышкан. Бирок акцияга чогулган жаштар Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан убактылуу кармалып, коомдук тартипти бузушту деген чечим менен айып пулга жыгылышты. Маселени чечүү үчүн «Кыргызгаз» ААКсынын башчысы Тургунбек Кулмурзаев Өзбекстандын Сох анклавына газ берүүнү токтотууну сунуштады. Бирок Жогорку Кеңештин депутаттары мындай демилгени колдоого алышкан жок. «Ата Журт» фракциясы болсо, 6-июндагы жыйынында Ош шаарынын газсыз калышынан улам өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алды.
2010-жылы май айында Кыргызстан ушундай чараны Казакстанга карата жасап көргөн. Кыргыз-казак чек арасы Казакстан тарабынан жабылганына 41 күн болгондо Кыргызстан Киров суу сактагычын жаап, Казакстанга суу бербей койгон. Бир күндөн кийин Казакстан чек араны ачкан.

«Тезекпром» акциясына чогулгандарды милиция кызматкерлери кармап кетишти.

Ширин Турдакунова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(72)
16.06.2014. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ээ шашпагыла сууну кышта жабышат биздин кок уйдогу нымтырлар....
21.06.2014. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bexa9595, мен да раса ашатып сокум келайтат АШАаааааааааа оштогуларга жалка элин ойлобогон бийликтерди аллахым озу жазаласын башка айлабыз жок окшойт
16.06.2014. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшылап окусаңар да,сууну жабыш керек деген маселеге айрым депутаттар каршы экен,бул не деген чечкинсиздик,Ошто 2 ай болду газ жок отун берелек,колуман келгенде борборго 4 ай газ бербей койот болчум.Чоңдордун баары кара курт баскан курсагын ойлоп калышыптыр.
16.06.2014. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Да, газ бербесе суу бербейм деген жакшы. Бирок озбекстан кыргыз аке суу берчу дей турган абалда эмес. Себеби кышы менен суу сактагычтарды толтуруп алган. Биз кыргыздар газга болгон козкарандылыкты электро энерги ж.б.у.с. булактарды таап чечишибиз керек.
16.06.2014. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Демейде свет проблема эле , анда эмне айла кылар экенбиз.
17.06.2014. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы биздин эл башчыларыбыздын башы ушуга жеткен болсо,
17.06.2014. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
озубектер биздин суу менен кун коруп жатып дагы бизге кордук корсотушот. ХХХ ХХХ ХХХ биздин жарандарды.чек арадан отту деп.биздин чондор лам деп ооз ачалбайт ко.
Модератор admin_portal түзөттү 17.06.2014 11:05
17.06.2014. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
raimzhanov81 - 3 күнгө БАН!
Улуттар аралык талаш, провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
17.06.2014. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карап олтурбай жаап салыш керек сууну
17.06.2014. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суу абадай керек! Суусуз кун да отпойт,тамак да болбой,талаа жумуштары суусуз токтойт.Эл камын ойлогон депутаттар болсо,жаап салышпайбы бир буйрук менен эле жалдырап когултур отту кутуп оздоруну жана элди уяткарып кыйналтпай.Сууну жабуу эн туура жол жана эч качан ачпоо керек анын ордуна ГЭС куруу керек
17.06.2014. 06:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмне болсо да кудайга шугур,кудай берген таза суубуз бар, ГЭСибиз тогубуз бар, жайлоолорубуз бар, эгин экчуу жерибиз бар эр журок элибиз бар аз болсода, денизден канча бийикте болсок да алтындан кымбат Ыссык колубуз, жангак токойлорубуз, Бийик туристерди озуно тартчуу тоолорубуз бар болгону бизге эми кудайым бир акылдуу ыймандуу анан ЖУРОКТУУ чондорду берсе! Чынында Озбекстан кучтууроок кыргызстандан биздин чондор эки олконун ортосунда туздон туз каршылык жаралып кетуусунон коркуп жатышат.
17.06.2014. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каналды буусак Өзбекстан аркылуу суу алып жаткан кыргызстандык дыйкандарга зыян келтиребиз. Бул туура эмес жол. Анткени Өзбекстан аркылуу суу алган Кыргызстандын айылдары толтура. Картаны жакшылап карап чыксаңар.
22.06.2014. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oi_pikir, бул андай болбойт! Урматуу кыргыз калкым биз ушул аракетке барбасак башка аргабыз да калбады.... Эн туура чечим! Озу да канчадан бере ондоп тузоо (ремонт) боло элек экен ...)))
17.06.2014. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элди газы жок жашаганга ылайыкташтырса болбойбу, мисалы комурго откоруп,
17.06.2014. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gul75nur - эскертүү!
Ар бир колдонуучу өз ой-пикирин жазганга укуктуу, бирок порталдын эрежелеринин негизинде гана.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
17.06.2014. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
урматтуу мекендештерим!биздин атка минерлерибиз, биз ишенген,элибиз ишенген,кыргыздын чыныгы инсан атуулдарыбыз,бул маселени тез арада элдин мудоосун-койгойун чече албаса!мына бул маселени жалпы эл чечиши керек!КАНТИП!эл которулуш,чан тополон салып туруп,сууну бууп салыш керек ошондо чечилет деп мен 99%гарантия берtv
17.06.2014. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Газсыз жашапго уронуп деле калдык. анысы аз келгенсип арасында электр энергиясында очуро калышып атпайбы.
17.06.2014. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эн туура чечим суу бербей койуш керек,мен владивасток шаарында иштейм бул шаарда газ жок,ел плиткалар менен тамак аш кылабыз айына800дон 1000руб чейин болот жашаса болот.
17.06.2014. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушинтип какшап отурбай, эл чогулуп алып озубуз эле сууну бууп койсок кандай болот?
18.06.2014. 06:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эл чогулуп сууну бууса,чекеден элди камайт.Алы озунун элине эле жетет ...намысы жок алардын
18.06.2014. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сууну бууш керек ошондо кандай жашоо болот экенин билет биз оштуктар жай айы экен билимбей калды эртен кышта ушундай болсо такыр жашоо болбой калмак ансыз светибиз очуп жатат кышта жол эле болсун дайым очот да озбектер газды берсин бербесе сууну токтотусун
18.06.2014. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биздин чиновниктер кагаз жүзүндө гана иш аткарышат, иш жүзүндө бир да ишти аткарганын көрө албайсын.
18.06.2014. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен да кошулат элем убагында сууну жаап салса жакшы болот. өзбектердин да айласы куруйт беле.
18.06.2014. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай нерселерди окубайм деп эле кайра окуп алам. Кыргызстан-"колунда жок кичинекей уйбулоо" эле болуп калдыго. Башына тартса аягы ачылып.
18.06.2014. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карапайым калкка еле кыйын екен да. ХХХ
18.06.2014. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
колдуктор газы жок деле жашап журушотко
19.06.2014. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ошто адам коп да электер энергиясы слабый болуп очурулот да бир шылтоо кылып туруп же оздоруно окшоп сууну жаап койуш керек
19.06.2014. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайынэненин карды ток келин менен иши жок болуп отура бергиле коркуп, сууну бууган колдон келбегенден кийин эмне кыласынар калп эле айтып, озунордо газ бар болду да, Ош кантип жатат кызыктырбайт!
19.06.2014. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу башчы келгени кыргыздар артка кете баштады ким билет кандай иш кылгандарын журокту эзген сволуч качан тоюуп тактыдан тушот
20.06.2014. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буга окшогон окмот башчылар менен дагы 20 жылда да онолбойбуз,наборот аркага кетишибиз мумкун
20.06.2014. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизге газ бербесе сууну бербеш керек таш боор адамдар экен. Биздин олко башка мамлекеттерден коз карандысыз болуу учун ойлонуп туруп башкаларга кол сунбашыбыз керек ак уйдогулор курсагын азыраак ойлосо карапайым элибиз кыйналмак эмес
21.06.2014. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кандай жооп бизге берди биз биз ошондой жооп беришибиз керек кыргыздар алга
21.06.2014. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызык неге озбек туугандар газды токтотсо биз неге сууну токтото албайбыз?!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо