ИИМ ӨЗ КЕМЧИЛИКТЕРИН ОҢ РУЛДУУ УНААЛАРГА ЖҮКТӨП САЛМАКЧЫ

№606 13-июнь-19-июнь, 2014-ж

Өкмөт 6-майдагы токтому менен рулу оң жагында жайгашкан автоунааларды өлкөгө киргизүүгө тыюу салуучу мыйзам долбоорун жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, 2013-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстанда катталган транспорт каражаттары
991 888ди түзсө, алардын
127 383ү оң рулдуу. Бул көрсөткүч жалпы транспорт каражаттарынын 13 пайызын түзөт.
«Оң рулдуу унаалардын санынын кескин өсүүсүнөн улам жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч күчөп, мындай унаалардын катышуусундагы жол кырсыктарынын саны өскөн» деп ИИМ буга чейин айтып келе жаткан «ырын ырдоодо». Мындай тыюу салуу ириде коомчулуктун орто кирешелүү катмарына кесепетин тийгизет. Азырынча ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы жол кырсыктарына оң рулдуу унааларды күнөөлөөдө. ИИМ берген маалыматтарда айдоочулук күбөлүк берүү менен жол кыймылын күзөтүү иштеринде пара алуу, «крышаларга», кызматтык күбөлүктөргө таянып жол эрежелерин бузуу абдан жогору экендиги, жол кырсыктарына көбүнчөсү ушундай иштер себепчи экендиги тууралуу дегеле сөз болбойт.

Ширин Турдакунова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
17.06.2014. 07:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин машинам жок, мен машинага деле кызыкпайм. Менин коз карашым бойунча ИИМ силер чоон жаныласынар. Орокчу орок тандай, кылып эле жатасынар.
17.06.2014. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынында он рулду машиналарды киргизбей эле койсо болгудай. Даже гилтейген россияда жок. Биздин жолдор сол жактагы рулдар учун.
18.06.2014. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
он рулдууу машиалар сапаттуу арзан элдин капчыгына ылайык, ИИМ калп шылтоону айта беретда
22.06.2014. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ИИМ дин шылтоосу алар биринчи оздорун тазалап алсын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо