КУМШЕКЕРДИН БААСЫ 45 СОМГО ЧЕЙИН ТҮШӨТ

№606 13-июнь-19-июнь, 2014-ж

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Азербайжан өкмөтү менен сүйлөшүп, жакынкы 2-3 жума аралыгында Кыргызстанга 10 миң тонна кумшекер келерин маалымдады. «Бул шекердин сатылыш баасы 45 сомдон ашпайт. Бүгүн базарларда шекердин баасы 50 сомдон жогору болуп жатат. Шекердин баасын жай жана күз мезгилинде ортомчулар атайын кымбаттатып, каалаган баасын коюп сатышат.
Кыргызстанга келип жаткан шекерди мурда бийликтин чоң кызматтарында иштеп кеткендер көзөмөлдөп, ээлик кылышат. Алар өздөрүнүн тууган-уруктары, жоро-жолдошторунун аттарына фирмаларды ачтырып коюшкан. Дал ушундай абал буга чейин Таластын төө буурчактарын сатып алууда болуп келген. Ал жакта да мурдагы экс-чиновниктердин ортомчу 10 компаниялары атайын төө буурчакты арзан баада алып жүрүшкөн. Былтыр болсо Таласка чет элдик 45 компанияны чакырып, ортомчулардан эмес, дыйкандардын өзүнөн сатып алгыла дегенбиз. Жыйынтыгында төө буурчактын баасы 2-3 эсеге өстү. Былтыр 48 миң гектарга төө буурчак айдалса, быйыл 57 миң гектарга себилди. Нарындын Жумгал районунун дыйкандары да биринчи жолу 80 гектар жерге төө буурчак айдашты. Ошондуктан шекердин баасын түшүрүү биздин негизги милдетибиз. Ушуга байланыштуу сөзсүз ортомчу ишканалардын ээлери өкмөткө болгон сын-пикирди, жеке менин дарегиме болгон сынды ар түрдүү массалык маалымат каражаттары аркылуу көбөйтөт. Бул күтүлө турган нерсе»,- деп билдирди Т.Сарпашев.
Мындан тышкары биринчи вице-премьер дыйкандарга 4 миллиард сом жеңилдетилген кредит берилгенин, жылдын аягына чейин 7 миллиард сом кредит берүү планы бардыгын айтты. 2013-жылы болсо 3,2 миллиард берилген.

Ширин Турдакунова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
16.06.2014. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бабанов кайда?
17.06.2014. 07:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
45 сомдон эле! 45 сомдон томон кылгыла.
17.06.2014. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тайырбек байкебиз чет катуу Иштеп баштады го
Модератор admin_portal түзөттү 17.06.2014 16:42
19.06.2014. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айтты аткарат болду бекен мен оз козум менен коруп алып ишенбесем азыр ишенбейм таптакыр!
19.06.2014. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хе!!! Бакиевдин мезгилинде 23-27 сом болчу... Бажы союзга кирсенер 100сомдун ар жак бер жагы болот го сыягы...
22.06.2014. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Цементти, дагы оромчусу жок сатканга кантип болбосун, кыйын болсонор ошону арзандаткылачы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо