БӨЙӨН ЖЫЛДЫЗЫНДА ТӨРӨЛСӨҢҮЗ

№607 20-июнь-26-июнь, 2014-ж

(22-июндан 22-июлга чейин төрөлгөндөр)

Табияты (стихиясы) – Суу
Колдогон планетасы – Ай
Ташы – Зымырыт (изумруд), бермет
Түсү – Көк, көгүлтүр, күмүш түстүү

ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨ
«Мен сезип турам» деген сөздү көп колдонгон адамдардын жылдыз белгиси бөйөн экенинен күмөн санабай эле койсоңуз болот. Булардын алдын ала туюу жөндөмдүүлүгү күчтүү, жан дүйнөсү назик, сезимтал келишет. Канчалык алсыз болуп турган күндө да сыртынан өзүн күчтүү адамдардай көрсөтүшөт. Сырларын оңой менен башкаларга бөлүшө бербейт. Сырын билүүгө кызыксаңыз, алардын ишеничине кирип, сынынан өткөнүңүз жөндүү.
Чөйрөсүндөгүлөрдүн колдоо көрсөтүп тургандыгы алар үчүн күч-кубат берет. Дайыма жакшы сөз угуп турууну каалашат. Андыктан бөйөндөр менен тил табыша албай жатсаңыз, жакшы сөзүңүздү аябаганыңыз оң.
Өздөрүнө мыкты кам көргөнүнө жараша жакындарына да ошондой кам көрө билип, баласаак болушат. Жанындагы адамдардын маанайын каш-кабагынан билип, ошого жараша мамиле кылууга аракеттенишет. Кыялы, ой чабыты күчтүү келип, так жана уюштургуч жөндөмүнө ээ болушкандыктан, мыкты жетекчилер чыгат. Дүйнө таанымы кең жана табиятка жакын келишип, гармонияда жашоону сүйүшөт. Тарыхка, адабиятка кызыгышат. Андыктан алардын арасында мыкты жазуучу, сүрөтчүлөр көп кездешет.
Бөйөндөрдүн ооруга жакын аялуу жерлери болуп бөйрөгү, ашказан-ичегилери, көкүрөгү, башы, териси эсептелет.
Мыкты сапаттары – жоопкерчиликтүү, камкор.
Начар сапаттары – сараӊ, таарынчаак, сырын ача бербейт.

БӨЙӨН ЭРКЕК
Бөйөн эркектер айымдарга камкор болушат. Эгерде түгөйүңүз бөйөн болсо, турмушуңузду жакшы болот деп эсептей бериңиз. Анткени алар айымдарды уга билгенге, аялдардын маселелерин түшүнүп, колдоо көрсөтүүгө аракет кылышат. Сырыңызды бекем сакташат. Кемчилиги – маанайынын баттан өзгөрүлүп турганы. Анан кымындай эле нерсеге наалый бермейи бар. Андыктан маанайын бузуп албоого аракеттенип, каш-кабагы бузулган кезде аны жалгыз калтыруу оң.

БӨЙӨН АЯЛ
Бөйөн айымдар жаңы чыккан, али эч ким колдонуп көрбөгөн буюмдарга тартылышат. Өзүнө кам көрүүнү алдыңкы орунга коюп, косметиканы колдонгонду жакшы көрүшөт. Жана да үй-бүлөнүн кутун сактай билген акылдуу, мыкты кожойкелер.
Кемчилиги – кызганчаак, түгөйлөрүнө көп ишеним арта беришпейт. Дайыма көңүл бурууну талап кылышат.

КИМДЕР ТУУРА КЕЛЕТ?
Бөйөндөр досторду, өнөктөштөрдү жана түгөйлөрүн жер, суу табиятынан издегени оң.
Мыкты шайкеш боло турган жылдыз белгилер – чаян, бөйөн.
Тил табышып жашай ала тургандар – букачар, балык, бийкеч.
Тил табыша албагандар – текечер, суу куяр, тараза, эгиздер, кой, жаачы, арстан.

БӨЙӨН НАРИСТЕ
Бөйөн наристелер табиятынан сезимтал, бир нерсени тез кабыл алышат. Бирок бат эле таарынып калышат. Аны ар дайым жакшы көргөнүңүздү билгизип турушуңуз зарыл. Сиз канчалык мээрим төксөңүз, сизге да ошондой өңүттө жооп кайтарат. Токмоктоп ийге келтирем десеңиз жаңылышасыз, тескерисинче, тарбиялоонун туура жолун колдонгонуңуз жөн. Болбосо сиздин бир жолку катуу сөзүңүздөн «мени эч ким жакшы көрбөйт» деген тыянакка келип, туура эмес багытка өзгөрүлөт. Эмоциясын көзөмөл кылууга үйрөтүү керек, болбосо өйдө-ылдый боло берген маанайы айланадагылар менен баарлашууда тоскоолдук жаратат.

Султан Төрөбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(16)
23.06.2014. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой туура экен. Менин бойон эки кл кызым да ушундай. Активист, уй булолуу уч баласы бар биринде биринде эки кызы бар. Бирок мага гана болсо мени десе деп турушат. Бир аз озумчулуроок да. А так башка сапаттары да туура келет экен.
23.06.2014. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
90% туура чыкты өзүм таң калдым тобо
23.06.2014. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туптуура мени эле суроттоп койупсунур :-)
23.06.2014. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай туура чыкты ,рахмат силерге .Эми Арстан жылдызы тууралуу маалымат берсениздер жакшы болмок.
23.06.2014. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да бойонмун аябай баласакмын. Балам ото эле эрке. Бийкеч, чаян, балык, телец озгочо арстан, кой жылдызындагылар м-н жакшы досмун. Бирок чаян м-н балыктардын 2 жуздуулугунон ж-а кекчилдигинин айынан ичимден капа болом. Арстандар м-н бийкечтер эн жакын досторум.
23.06.2014. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер- инфо! Бийкечтер жонундо да маалымат берсениздер жакшы болот эле. Же катары менен жазып жатастарбы?
23.06.2014. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин келинчегимда бөйөн,салыштырсам аябай туура экен,бир кемчилдиги калып кетиптир акчаны аябай сүйөт.Хе хе хе!
24.06.2014. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да бойонмун баары туура чыкты..
24.06.2014. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы!
Жылдыз белгилер боюнча катары менен жазылып жатат. Баардык жылдыз белгилер боюнча толук маалымат бергенге аракет кылабыз.
24.06.2014. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай туура келип калдыго, 100% менда бойонмун.
26.06.2014. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shurik ak4any baardyk jyldyz belgidegiler suiot :))) Menda boionmun tup turra eken, birok Allaha iwenem!!!
28.06.2014. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100%туптура чыкты тобо
29.06.2014. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура чыкты. Менин жолдошумун ж-з белгиси текечер
24.09.2014. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура экэн ...
07.11.2014. 06:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин жолдошум бойон а мен текечермин тил табышып эле беш жыдан бери чогу жашап 2кызыбызды тарбиялап келеатавыз
20.04.2015. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чаянды да киргизгилечи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо