ТАШКЕНТ БИШКЕККЕ СЕС КӨРСӨТҮҮГӨ ӨТТҮ

№607 20-июнь-26-июнь, 2014-ж

Вице-премьер Абдырахман Маматалиев өткөн аптада «оңдоо иштеринин муктаждыгынан улам Өзбекстанды суу менен камсыз кылуучу Наманган каналын убактылуу жабуу маселеси өкмөттө каралат» деп айткан болчу. Бул билдирүүнү коомчулук коңшу өлкөнүн Кыргызстандын түштүк аймагына газ берүүнү токтотуп койгонуна жооп катары баалап жаткан. Эки айдан бери кыргыз өкмөтүнө ак же көк дебей келген Ташкенттен үн чыгып, «Өзбекстан Борбор Азиялык энергетикалык алкактан чыгып кетиши мүмкүн» деген эскертүү-ишараты интернет булактарына тарады. Муну «Кыргызстандын түштүгү газсыз отурганы кеп эмес, эми түндүк аймагы, анын ичинде Бишкек жарыксыз калышы ыктымал» деп түшүнсөк болот. Энергетикалык алкактан тышкары, Өзбекстан жактан Кыргызстан Сох анклавына коридор ачып берсин жана Нарын дарыясындагы ГЭСтерди куруудан баш тартсын деген талаптар да айтылууда.

КЫРГЫЗСТАН ӨЗБЕКСТАНГА СУУ БЕРБЕЙ КОЁ АЛАБЫ?
Кыргызстандын түштүк аймагындагы 60 миңдей абонент газсыз отурат. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев «Өзбекстан биздин телефон чалууларга жооп бербей жатат» дейт. Президент Алмазбек Атамбаев Ошту көгүлтүр от менен камсыз кылуунун альтернативдик жолу катары жер тамда жашагандарга газ баллондорун, көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарына электр энергиясын үзгүлтүксүз берип туруу керектигин билдирди. 
Газына чиренген коңшу өлкөнү ийге келтирүүнүн бир жолу, балким, Наманган каналын бууп салуудур... Суу буулса гектарлаган пахта талаалар жайдын бир күнкү ысыгына туруштук бериши кыйын. Мунун өзү, балким, Өзбекстан чиновниктерин +996... кодун терүүгө аргасыз кылар беле? Былтыр жайыт талашы чыкканда кыргыз тарап Таластагы Киров суу сактагычынан Казакстанга кирчү Быстроток каналын бууп салган. Көк-Сайлыктар бул  айыл өкмөтүнө караштуу 2600 гектар жерди Казакстандын Жамбыл облусунун Андреев айылы менен алмашкан макулдашууну жокко чыгарууну талап кылышкан. Казак тарап «Чоң клин» тилкеси аркылуу кыргыздардын малын өткөрбөй чек араны жаап койгон эле. Эгин талаасынын куурап калышын ойлогон казак тарап суу буулгандан кийин өз аймагынан 1,5 миң гектар жерди Кыргызстанга жайыт катары ижарага берүүгө макул болгон.

ИШ ИЙНЕ-ЖИБИНЕ ЧЕЙИН ТАКТАЛГАН ЭМЕС
«Кыргызгаз» болсо ишкананын активдеринин орусиялык «Газпромго» толук өткөрүү процесси дагы канча убакыт аларын билбей отурат. «Кыргызгаздын» активдери боюнча кабыл алуу-өткөрүп берүү акты азырынча жок, ошондуктан «КыргызГазпром» жаңы компаниясы да ишке кирише албай турат. «Кыргызгаздын» мүлкүн баалоо боюнча эл аралык экспертиза кеч дайындалганына байланыштуу, анын бүтүмүн да көпкө күтүүгө туура келген.   
Эгер күтүүдөн башка айла жок болсо, анда өкмөт «мындай кырдаалдын түзүлүшүнө бул жетекчи күнөөлүү» деп кимдир бирөөлөрдүн аты-жөнүн аташы керектир? Анткени бул кырдаал жооптуу кызматкерлердин кенебестигинин, күтүлүп жаткан маселенин алдын алууга жетиштүү аракет жасабаганынын айынан келип чыкты да. «Баары жакшы» болсо, иштин баары ийне-жибине чейин такталса, кожоюн алмаштыруудан газ кризиси келип чыкмак эмес.  

«СУУНУ БЕРБЕЙ КОЁБУЗ» ДЕП АЙТЧУ ЧИНОВНИГИБИЗ ЖОК»
Коомдук ишмер БАЗАРБАЙ МАМБЕТОВ бул маселенин тегерегинде бизге төмөндөгүчө пикир билдирди:
– Чоң Наманган каналы Үч-Коргон ГЭСинин суу сактагычынан агып чыгып, Өзбекстандын Наманган облусунун 4 районун суу менен камсыз кылат. Вице-премьер «канал жабылышы ыктымал» деп билдирип отурбай, коңшу өлкөгө «суу жетпей жатат» деп айтуу менен каналга бөлүнчү сууну азайтып койсо болмок. Эл аралык байланышта «силер минтпесеңер, биз антип коёбуз» деген сыяктуу иштер жасалбайт.
Союз убагында курулган Борбор Азиялык энергетикалык алкак маселесине келсек, ал Токтогул ГЭСи иштеп чыккан токту Өзбекстан жана Казакстан аркылуу Кыргызстандын түндүк аймагына жеткирет. Ал эми бул жүктү 2015-жылдан тартып аткара турган «Датка-Кемин» электр энергиясын өткөрүүчү линиясы менен «Кемин» подстанциясынын курулушу аягына чыга элек.
Өзбекстан эгемендүүлүк алгандан бери «кантип Токтогул ГЭСинен чыккан электр энергияны өткөрбөй коё алабыз?» деген ой менен жашап келип, мындан 7 жыл мурун «Жаңы-Ангрен» жылуулук газ турбиналык-электр станциясын салып башташкан. Аны 3 жарым жылдын ичинде куруп бүтүштү. Ошондон тартып Өзбекстан Борбор Азиялык энергетикалык алкакка муктаж болбой калды. Кыргызстандын энергетиктери «Жаңы-Ангрен» жылуулук газ турбиналык-электр станциясы курулуп башталганын билишкен. Эгерде биз 7-8 жыл мурда «ойгонуп», Токтогул ГЭСинен чыгып жаткан электр энергияны Өзбекстанга көз каранды болбой, өлкөбүздүн түндүк аймагына жеткирүүнү ойлонуп, ишке киришсек, азыркыдай абалга түшүп калмак эмеспиз. «Датка-Кемин» электр энергиясын өткөрүүчү линиясы 10 жыл мурун тартылып башташы керек эле.
Дагы бир чоң маселе. Өзбекстан Борбор Азиялык энергетикалык алкактан чыгабыз деп айта турган күндө деле «жайында сугат учурунда биз силерге сууну толугу менен бере албай калабыз» деп кыргыз бийлик өкүлдөрүнүн айтууга тили бурулбайт. Кыргызстандын энергетиктери ар үч ай сайын түрдүү иш-чара, жолугушууларга катышуу үчүн Өзбекстандын чакыруусу менен Ташкентке барып турушат. Ошондойдо биздикилердин бирөөсү да башын көтөрүп, «андай кылбагыла, мындай иштер болуп кетиши мүмкүн» деп айтууга батынбайт.
Гидроэнергетик Владимир Липкиндин айтымында, Чоң Наманган каналы Өзбекстанды гана эмес, Кыргызстандын да айдоо жерлерин сугарат. Үч-Коргон ГЭСи иштеши үчүн агымга канча суу келсе, анын баарын коё берип туруу керек.
«Өзбекстан энергетикалык алкактан чыгуу тууралуу расмий билдирүү жарыялаган жок. Эч кандай эскертүү да боло элек. Бизге мындай маалыматтар келип түшпөдү»,- деп «Улуттук электр тармактары» ААКсы коомчулукту жайгарууга жетишти.
Маалымат үчүн: Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жайгашкан Чоң Наманган каналына Үч-Коргон ГЭСинен секунд сайын 35 метр куб суу агып чыгып турат, ал суунун 30 метр кубун Өзбекстан пайдаланса, 5 метр кубу Кыргызстанда калат. Кыргыз жеринен башат алган канал Өзбекстанга кирип, кайра Кыргызстандын аймагын аралап өтүп, андан ары Наманганга агып кетет. Ал 1970-1979-жылдар аралыгында курулуп, каналдын узундугу 135 чакырымды түзөт. Союз учурунда канал Өзбекстан менен Кыргызстандагы
50 миң гектар кайрак айдоо жерин сугаруу үчүн курулган.

«ДАТКА-КЕМИН» БЫЙЫЛ ИШКЕ КИРИШИ МҮМКҮН
Кытайга болгон иш сапарда президент Алмазбек Атамбаев «Кыргызстан буга чейин пайдасы жок кредиттерди алып келген. Натыйжада же завод-фабрикадан жок, же акчадан жок, карыздар болсо мойнубузда кала берчү. Азыр биз ойлонулбаган карыздарды албайбыз. Кыргызстан үчүн эң керектүү иштерди бүтүрүү үчүн гана карыз алып жатабыз» деген эле. Мисал катары ажо «Датка-Кемин» электр өткөрүү линияларын ишке киргизүүнү, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун ишке берүүнү келтирген.
«Датка-Кеминди» курууга Кытай 389,8 миллион доллар насыя берген. Ал Өзбекстан менен Казакстандын көзүн карабай, Токтогул ГЭСинен чыккан токту өлкө ичинде таркатып тура алат. Жогоруда эксперттер белгилеп өткөндөй, кыргыз бийлиги бул аракеттерди эгемендүүлүккө ээ болгондо эле ойлонушу керек болчу. Ажолордун ичинен Алмазбек Атамбаев ушул маселени чечүүгө белсенди. Ал «чек ара боюнча талаш маселелерибиз бар коңшу өлкөдөн башка иштер боюнча көз каранды болбошубуз керек. Биз ушунун үстүнөн иштеп жатабыз» деген.
Маалымат үчүн: Борбор Азиядагы энергетикалык алкак Союз маалында курулуп, ал СССРдин 5 мамлекетин электр энергиясы менен камсыздоого багытталган. Шакекчеге Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан кирген. 2003-жылдын июнь айында бул системден Түркмөнстан, ал эми 2009-жылы Тажикстан чыгып кеткен.

Эльвира Караева,
Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(92)
24.06.2014. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ой тообаа! Озбектер 2 айдан бери газ бербесе, анда биздин атка минерлерибиз эмне учун 2 айдан бери сууну берип жатат. Суунун жарымынан кобу озбектерге берилип жатса. Анда биздин чондорубуз Кыргызстанды эмес Озбекстанды багып атат экенда. Ушундай убакта сууну бербей койушса корот элек пахталары куурап. Биздикилер креслодон котторулгончо алардын пахта сезону бутот. Анан суунар менен жата бергиле дейт.
24.06.2014. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коомдук ишмер сонун суйлоптур))))бетке айтып
24.06.2014. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мелис Мырзакматовту президент кылуу керек
24.06.2014. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз закондуу бийлике, законго баш ийишибиз керек, аркандай бузукуларга ишенип митинге анан тонкорушко чыктык.жолду тособуз,эчкимге баш ийбейбизмунун кесепети башаламан,кымбатчылык, маданият томон жана канча адамыбыздан айрылдык
24.06.2014. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мына бизде эми жыргал жашоо башталат экенго свет жок газды айтпай эле койгула Бакиев болгондо бир аз болсо да жакшы жашоо болмок мен бул АШАны такыр эле жол башчыбыз катары элестете албай койдум
25.06.2014. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ууууф ушул бийтиктин ыры деле чыры деле бутбоду элди кыйнашып эле иштей турганданды куубалап камап самап жок кылышат ошого жараша оздору жарытып иштешбейт баары бутуп эми ошо ХХХ кунубуз тушуптурда кыргыздын беделин тушурушту отургуч талашып жатышып эли кор кылып ийиштиго буларды эл кызыктырабы оздорундо свет газ болсо болду да

Модератор admin_portal түзөттү 25.06.2014 09:21
25.06.2014. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ALAi..14 - 5 күнгө БАН!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
25.06.2014. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
"аккан суунун кадыры жок" демекчи Курманбек Салиевич Бакиевтин кадыры отуп жататгооо.
25.06.2014. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бакиев свет менен бирдикти кымбаттатып салды деп айдашкан эми болсо бааржок кымбаттады.
Сууну ойлонбой буруп салыш керек. Дыйканчылыгы куураганда коробуз
25.06.2014. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргыз бийлиги коркоксунар шерменде уят Кыраан Манастын тукумубуз дейсинер озбек басынтса моюн которо албайсынар
Модератор admin_portal түзөттү 25.06.2014 14:27
25.06.2014. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
zulunbekov - эскертүү!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
25.06.2014. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өзү бул бийлик менен алдыга жылыш өтө эле кыйын болуп калды,кыргызстанды карызга батырат буларын дагы 2-3 жыл олтурса мына өзүнөр таразалагыла Акаев менен Бакиев 20жылда болгон 2миллиард карыздын үстүнө булар 4жылда эле 2миллиард кошуп коюушту го азыр кыргызстандын тышкы карызы 3,750,000,000эми элестеткиле ошол акчалар кайда кетип жатат?
25.06.2014. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Балким ушунун баарын Бакиев Жана анын азыркы биздин мая атат отруган тымызын жактоочулары кылып жаткандыр, акырын озбек "туугандары " менен суйлошуп?????????
25.06.2014. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Murok, саясатта отурган ( ката жазылып калыптыр)
25.06.2014. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туалетке барып нито олтуруп алса да Бакиев күнөөлү азыркы бийликтегилер үчүн! Убагында жанында жактап жүргөн адамдар эми баарына Бакиев гана күнөөлү болуп калды"
26.06.2014. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
zulunbekov - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Ар бир колдонуучу өз ой-пикирин жазганга укуктуу, бирок порталдын эрежелеринин негизинде гана.
26.06.2014. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийликтегилер из чонтокторун толтурса болду Элди ойлойтурган азаматтар чыгар бекен...
26.06.2014. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атамбаев жакшы эле саясат жургузуп жатат мурдагыларга караганда себеби мурда болуп корбогондой коррупцияга менен катуу курошуп жатат албетте бул коррупцига малынып калган чиновниктерге жакпайт.мисалы ойлоп коргуло жогорку окуу жайларда студенттер сабака конул бурбай калышкан анын себеби окусан окубасан баарибир акча менен бутушун 5 колдой билишет кыргызтандын бут баардык окуу жайлары.анан ушинтип кете берсе эртенки муундарыбыздан кантип бир жакшы кадырлар чыгып кыргызтанга салымын кошот дейсинер
26.06.2014. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
эчкачан жакшы болбойт мындайда билимсиздиктен кыргызстандын келечеги кумон жок болот.эгер биз ошол муундарды жакшы тарбиялабай коррупция менен кунумдук кызыкчылыгыбыз менен озубуздун пайдабызды ойлоп акча менен чечсек эртен биз баарибир каарыйбыз ошондо жаштарыбыздан кантип сый урмат коробуз алар бизди уруп сабап криминал кучоп озубуздун тапкан акчабызга адам олтуруу менен барышат. кунумдук коррупция менен табылган акча жакшылык алып келбейт
26.06.2014. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коррупцияны жоюшубуз керек муундарыбызга жогорку денгээлде илим,билимди мумкунчулукторун тузуп беришибиз керек Ошондогана кыргызстаныбыз онугот муундарыбыз жакшы тарбия менен чонойсо эртен алардан озубуз эле урмат сый коруп жемишин бизге берет.Андыктан талаш тартышууну койгула ынтымакта болуп корупцияга биз озубузда каршы тууралы куч бирдикте болуп атамбаевти карап эле турбастан биз озубузда активдуу болушубуз керек
26.06.2014. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эгерде биз ушинтип олку солку болуп бир кыйкым таап бирибирибиз менен уруша берсек ынтымактуулук жок болсо кыргызстандын келечеги кумон болот биздин душмандарыбыз таппай эле турушат ошто дагы озбектер которулуп чыгат баткенден тажиктер чыгат кыргыздар туш келген жакты коздой качып журушпосун боорум бизге ынтымактуулук,биримдик керек.Биримдик менен озбек тажиктерге кысым корсотуп жерлерин озубузго каратып алышыбыз керек
26.06.2014. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
митинг откорсонор ХХХ ХХХ ХХХ... шылтоо кылып газдын жок болушу дагыда жакшы ошто жакшы жашоонун келечеги жок экенин билишип озбектер уйлорун кымбат эмес арзан баада сатып кетишет амалдуулук акыл менен иш жургузуубуз керек бир боор туугандарым бул озубуздун эле пайдабызга чечилет ошон учун ошто жакшы жашоо болбой жатса сабырдуулук кылалы
Модератор admin_portal түзөттү 27.06.2014 09:57
27.06.2014. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ibragimkg - 3 күнгө БАН!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
26.06.2014. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мадумаров олкону башкармайынча биринин этини бирин жегени калдынаргооо.
27.06.2014. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ото кату создорду суйлогум келип отурам.....админдер баняга киргизе берип тажашпады же мен баняга тушкондон тажабадым. Кыска суйлойун,А.Атамбаев эч нерсеге жарабай калды.Биздин президентибиз деп айткандан уяласын киши. Кыргызстандын тарыхында озун мыкты корсото алган президент бир гана К.Бакиев болду.
27.06.2014. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kipchak, эн туура айтылган.Акылына бали!!!
29.06.2014. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kipchak, ооба канча энени сыздатып канча жигиттердин канын ичти, аябай укмуш президент болчу укмуш , соз жок ...
30.06.2014. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kipchak, жакшы призидент болгондо елин таштап качпаса керек еле деп ойлоймун а бул етегин которгон бойдон жоголдуго
27.06.2014. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сууну тосуп салыш керек
27.06.2014. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тан калыштуу .....
27.06.2014. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mir83 мен сизге толук кошулам.
27.06.2014. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакиев кайра келсе экен
27.06.2014. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сууну тосуу керек озбокторго озуно жараша кылып анан тосо албаганынында себеби чондордунда орты таза эмес баарын куалап башкарттан тандашыбыз керек туугандар
28.06.2014. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Блиин бизди озбектер ачык эле башкара баштадыго
28.06.2014. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу мусулман бир тууганым!

Биздин башыбызга келген кыйынчылыктар күнөөлөрүбүздүн көптүгүнүн себебинен болот. Кайсы жерде, кайсы элде Аллах Таала тыйуу салган күнөө иштер көбөйүп, ал эми Аллах Таала буйруган иштер аткарылбай калган учурда, аларга Аллахтын азаптары биринин артынан бири түшүрүлө берет. Аллахтын аскерлери өтө көп. Шамал
28.06.2014. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asus77, Шамал Аллахтын аскери, жамгыр Аллахтын аскери, өрт Аллахтын аскери, жер титирөө Аллахтын аскери, ар түрдүү жугуштуу айыкпас ооруулар Аллахтын аскери. Эгер Аллах кааласа өзүнүн каалаган аскери менен жазалай берет. Аллахым, бизди өз мээримиң менен балээ-кырсыктардан сактагын.
29.06.2014. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жалан аталакорлор бийликтегилер
30.06.2014. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
не биздин бийликтегилер курсагын тойгозсо болдубу екен бираз елдида ойлосо болмок сууну бекитип койсо болмок же ошончолук еле журогун алганго биздин бийликтегилердин оз ачкандан коркуп калышкыдай
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо